Kyrgyz Clock
Ала-Тоодогу кыргыз эли сталинизм заманында үч башка жазма колдонду. Кыргызстан X кылымдан 1928-жылга чейин араб тамгасын, андан кийин 1940-жылга чейин латын арибин, андан бери кирил жазмасын колдонуп келатат. Латын жазмасы турмуштун айрым тармактарында чаржайыт колдонулууда. Кыргызстан 1991-жылы кал
Алтымышынчы жылдары Фрунзе шаарынын башкы архитектору болгон белгилүү архитектор жана элдин оозунан түшпөй ырдалып келаткан “Таң сыры”, “Кызгалдак”, “Жөжөлөрүм” өңдүү ырлардын автору, акын Аскар Исаев быйыл 85 жашында дүйнө салды. Маркумдун байбичеси Шейшекан Исаева таланттуу инсандын чыгармачылык жана жеке тагдыры тууралуу “Азаттыкка” сыябан маек курду.
"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин дүйнө салганына бир жыл болду. Бурул Сарыгулова "Азаттык" студиясына анын жубайы Жаңыл Эгембердиеваны чакырып, маек курган.
Алтайдын үлкөн акыны, илимпоз, коомдук ишмер Боронтой Бедюров Бишкекте Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыкты алды. Алтай элдеринин оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрүн чогултуп, улуттук уңгунун түпкү сырларына кызыгып келаткан илимпоз акын "Азаттыкка" маек курду.
Кыргыз адабиятындагы мемуардык чыгармалардын алды саналган “Кылы үзүлгөн комузум» чыгармасынын автору, акын Тенти Адышева 40-жылдарда өсүп чыккан кыргыз аял интеллигенциянын үлгүсү катары саналып келет.
12-декабрь - Улуттук адабият күнүн белгилөө жөрөлгөсү болду. Кыргыз Эл баатыры, улут адабиятыбыздын таанымал классиктеринин бири Бексултан Жакиев көркөм сөздү кадырлагандардын майрамынын маани-мазмунуна токтолду.
Кыргызстандын Түрксой уюмундагы өкүлү, акын Кожогелди Култегин Бишкек студиясында уюштурулган бул сыябан-маекте түрк тилдүү элдердин маданий карым-катышын өркүндөтүү максатын көздөгөн Түрксой уюмунун ишмердиги, андагы Кыргызстандын орду, өз ара маданий алакалар тууралуу кеп салып берди.
Акын, жазуучу, котормочу, кинодраматург жана коомдук ишмер Омор Султанов 80 жашка толду. Даңкы далайга кеткен айтылуу эл акыны менен адамгерчилик, бийиктик, жалгыздык, сүйүү жана башка түбөлүктүү темалар тууралуу "Азаттыкка" маек курган.
Балдардын “Байчечекей” журналы кенжелердин аң-сезимин, табитин өстүрүүгө, аларды улуттук тилге каныктырууга кырк жылдан бери кызмат кылып келатат. Кенже муундун жалгыз түстүү журналы саналган “Байчечекейди” чыгаруунун түмөн түйшүгү, вазийпасы тууралуу анын баш редактору, эл акыны Токтосун Самудинов "Азаттыкка" маек курду.
Дагы жүктөңүз