Кыргызстан демократиялык кыймылы негизделгенине 25 жыл толду. Дал ошол КДКнын түптөлүшүнө башат болуп берген үй куруучу жаштардын “Ашар” кыймылынын лидери Жумагазы Садыр уулу Чоң Аюу кыргыз жаштарынын 80-жылдырдын этегинде кантип уюмдашкандыгы тууралуу баян курду.
Чек аралар өлкө менен өлкөнү, айыл менен айылды алыстаткан жер тилкеси. Айрым учурда бул тилке жүрөктөрдү да жарып өтүп, бир туугандык сезимдердин тамырына балта чабат.
Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев "Азаттыктын" "Сыябан" маегинде өз чыгармачылыгы, кыргыз маданияты, окурмандын табити тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Сыдык Эсенов 1980-жылдардын башында советтик армиянын атайын бөлүгүнүн курамында Сирия мамлекетинин аймагында жашыруун кызмат кылгандардын бири. Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулуп-өскөн, советтик системанын көбүбүз билбеген саясатынын күбөсү болгон бул советтик аскер азыр Бишкек шаарында турат.
Философия илимдеринин кандидаты Калык Ибраимов 1992-1997-жылдары Аскар Акаевдин кыргыз тилиндеги докладдарын, кайрылууларын, сөздөрүн даярдоо боюнча жардамчысы болгон.
Белгилүү куудул, театр, кино актеру жана обончу Күмөндөр Абылов куудулдук өнөрдүн, сахнанын жана чыгармачылыктын барк-баасы тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Белгилүү актриса жана режиссер Жамал Сейдахматованын “Сулайман тоосундагы сүйүү жазы” атуу жаңы спектакли Кыргыз улуттук филармониясына коюлат. Спектакль 2010-жылкы июнь окуясына арналып, улуттук ынтымакты бекемдөөгө салым кошуу максатын көздөйт.
Орусиянын Минусинск шаарындагы аймак таануу музейинде Х-ХII кылымдарда Энесайдагы кыргыздар колдонгон буюм-тайымдар, курал-жарактар жана тарыхый экспонаттар коюлган.
Өмүр бою айыл чарба тармагында иштеп, жаш курагы келип ардактуу эс алууга чыккандан кийин өз демилгеси менен Бишкектеги №4 кесиптик-лицейинде 11 жылдан бери Манас тануу, тарых сабактарын берип, өзү демөөрчүлөрдү таап Манас кабинетин ачып, китеп жазып, жаштарга акыл-кебин, таалим-тарбиясын берип кела
Быйыл кыргыз коомчулугунда, түрк дүйнөсүндө кеңири белгиленип жаткан улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын маани маңызы, улут үчүн, мамлекет үчүн анын орду, акындын өмүрүнө, чыгармачылыган байланышкан жаңы жагдайлар тууралуу “Сыябан” түрмөгүндө кеңири кеп болот.
Дагы жүктөңүз