Кыргызстанда "секонд хенд" кийимдер менен буюмдарга суроо-талаптар жогору.
Баткенде алтымыштан ашык мал догдурга бирден мотоцикл жана ветеринардык аспаптары бар кутулар таркатылды. АРИС уюму ишке ашырган долбоор төрт түлүктү арбытууга жана эт-сүт азыктарын четке экспорттоого өбөлгө түзөт.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча Аскар Салымбеков ой бөлүштү.
Түрк авиакомпаниясынын өкүлү кыйраган учак “Манаска” май куюп, экипажды алмаштырууга келгенин айтууда.
Таш-Көмүр шаарында завод жумушчулары бир жылдан бери айлыгын ала элек.
Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургуну Самат Касымалиевдин демилгеси менен айылга кичи бут кийим тигүүчү цех ачылган. Ошентип жергиликтүү бийликтин көмөгү менен азыр айылда муниципалдык чакан ишкана пайда болду. Самат сапаттуу бут кийим тигип, ата мекендик брендди көтөрүүнү максат кылат.
Бишкектин бир бурчунда АКШ президентинин аты коюлган кафе бир нече жылдан бери иштеп келет. "Азаттыктын" кабарчысы Барак Обаманын кызматтан кетүүсүн утурлай, Бишкектеги "Обама Гриль" деп аталган кафеге барды. Обаманын кызматтан кетиши менен кафе Трамптын атын алабы, кандай өзгөрүүлөр болот деген сур
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 20 жаштагы тургуну Нуржигит Иманкулов өз үйүнүн короосуна муз тоңдуруп, жылгаяк жасады. Ага 150 коньки алып келип, айылдын элине ижарага берип кызмат көрсөтө баштады. Бул ишти акталаалыктар өзгөчө жаңылык катары кабылдап Нуржигитти алкап жаткан учуру.
Кытай авиакопаниясы “Эйр Кыргызстандын" 49 пайыз акциясын сатып алууну көздөп турат.
Кыргызстан менен Орусия мунайды пошлинасы жок жөнөтүү жөнүндө макулдашты.
Жакында батирлерди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет.
Дүйнөлүк экономика жана соода 2017-жылга кандай ыргакта кирди?
Дагы жүктөңүз