Бул мыйзамды сунуштаган депутаттар ага шаар тургундарынын даттануулары негиз болгонун билдиришкен. Бирок бул мыйзамдын иштеп кетээринен күмөн санагандар арбын. Себеби ири шаарларда бул бизнес кенен тамыр жайган.
Түн киргени Бишкектин Ибраимов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде утурумдук батир берүүчүлөрдүн базары башталат. Ошондой эле интернет беттери, бардык социалдык тармактарда күнүмдүк батир берүүчүлөрдүн жарнамалары жайнайт. Көп жылдардан бери батир берип иштеген Асылбек шарттарын айтып берди:
- Биз бир күнгө беребиз. Бардык шарты бар: телевизор, муздаткыч, интернет коюлган, евро стилинде ремонттолгон. Бир түнгө 1300 сом, суткага 1500 сом, эки саатка 400 сом, анан узартса, саатына 100 сомдон кете берет. Эми жаңы мыйзам чыкты дешти, азырынча эмне кылаарыбызды ойлоно элекпиз.
- Көп кабаттуу турак үйлөр жай тургундардын жашоо шартына ылайыктуу, үй-бүлөлөр тынч жашашы үчүн салынат. Тилекке каршы акыркы жылдары ошондой үйлөр мейманкана, арак ичүүчү жай, сойкуканага айланып калды.Депутат Мирлан Жээнчороев.
Мындай батир берүүчүлөр айына бир батирден 30 миңден 50 миң сомго чейин акча табышат. Бирок, кирешеден мамлекетке салык төгүшпөйт. Бул ишкердиктин түрү Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда жакшы өнүккөн.
2016-жылдын этегинде президент Алмазбек Атамбаев кол койгон “Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодекске киргизилген өзгөртүүгө ылайык, эми Асылбекке окшогондордун иши токтотулат. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылы 16-ноябрда кабыл алган. Анда көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди сааттык жана күнүмдүк мейманкана катары бергендерди административдик жоопкерчиликке тартуу, айыппул салуу каралган.
Мыйзам демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары берүү көбөйүп кеткенин, бул ириде шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатканын айткан. Мыйзамды жактагандардын бири - парламент депутаты Мирлан Жээнчороев мындай деди:
- Көп кабаттуу турак үйлөр жай тургундардын жашоо шартына ылайыктуу, үй-бүлөлөр тынч жашашы үчүн салынат. Тилекке каршы акыркы жылдары ошондой үйлөр мейманкана, арак ичүүчү жай, сойкуканага айланып калды. Бул жөнүндө мен шаардык кеңеште иштеп турганда тургундар абдан көп кайрылчу. Балдарыбызды ээрчитип короого чыга албай калдык деп арызданышкан. Бул азчылык эмес, көпчүлүктүн колдоосу менен ишке ашкан мыйзам. Ал эми аткарылышын биз көзөмөлдөйбүз. Ошондой эле жарандык коом, жергиликтүү бийлик, милиция биргеликте иштейт.
Ошондой эл өкүлү көп кабаттуу үйлөрдүн шарты коммерциялык багытта пайдаланууга туура келбей турганын да кошумчалады.
Күнүмдүк батирлер жалаң эле көңүл ачуу үчүн ижарага алынат деген туура эмес дейт ишине байланыштуу Бишкекке көп каттаган Айгүл аттуу соодагер:
- Соодабызды базардан кылып алып, түн ичинде жаңы конуштагы туугандарга бармак белек. Бизге ушундай батирлер ыңгайлуу. Жумушуңду бүтүрүп, бир күнгө төлөп чыгып кетесиң. Мейманканага барсаң паспорт сурап ызы-чуусу көп, анын үстүнө баалары кымбат. Бул мыйзам чыкканы менен тыйылбайт. Беш жылдан бери тааныш, ишенимдүү батирлер бар. Мага окшогондор телефон менен сүйлөшүп алып эле жата беребиз. Мени текшергенге, кайсы үйгө жатарымды сураганга кимдин акысы бар? Ызы-чуу кылган - бул батирлер эмес. Турак үйлөрдүн жанындагы түнкү клубдарды тыйып алышпайбы. Алар чоңдордуку, алы жетпейт. Анан эптеп оокат кылгандардын колун толгогонду жакшы билебиз да.
Жарандык активист Бурул Усманалиеванын пикиринде, бул мыйзам кагаз бетинде гана кала берет. Себеби мындай батирлерди аныктоо кыйын.
- Мыйзам мааниси жагынан туур эле. Мындай батирлерде жаман иштер болбосун деген максат болгон экен. Бирок, бизде бардык мыйзамды сактап жашаган эч ким жок. Мунун дагы жолун табышат. Маселен, казино ачуу мыйзам менен тыйылган. Бирок, азыр жашыруун же башка ат менен иштеп эле атат.
Жакында ишке кирүүчү мыйзам көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерге гана тиешелүү. Бирок, шаарда үй катары салынган эки-үч кабаттуу чоң тамдар дагы ушул сыяктуу эле ижарага берилген учурлар арбын.
Буга чейин Бишкек шаар бийлиги Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирлерди суткалап ижарага берген жаранды сотко берип, утуп алган. Бирок, жергиликтүүлөр азыр деле аталган үйдө батирге берүү уланып жатканын айтып жүрүшөт.