Казакстандын Жамбыл облусу менен чектешкен Таластын Манас районундагы "Чоң-Капка" чек ара өткөрмө бекетинде кезек күткөн унаалардын аягы узун. 14-октябрда 100дөн ашык жүк ташыган унаа жана 50гө чукул жеңил машина Казакстанга өтүү үчүн кезек күтүп турганын кабарчыбыз көрүп келди.
Жергиликтүү бийлик болсо колдогу айыл чарба техникалардын эскилиги жетип, оруп жыйноодо кыйынчылык болуп жатканын билдирүүдө.
Соңку жылдары компаниянын кирешелери уламдан улам төмөн түшүп жатканын белгиленүүдө.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Максат Шырдаков кадимки “Жигули" машинесинин тетиктеринен картошка каза турган кичи трактор жасады. Учурда элдин баары анын трактору менен картошкасын казып жатат.
Кышы узак, жайы кыска Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын дыйканы Кенжетай Үркүнчиев айдаган дарбызынын түшүмүн алды. Беш жылдан бери дыйканчылык кылган Үркүнчиевдин бакчасында дарбыздан тышкары кулпунай, помидор, бадыраң сыяктуу Ат-Башы өрөөнүндө өспөй турган өсүмдүктөрдүн түрү айдалган.
"Мегакомдун" 100 пайыз акциясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орус жараны арыз берди.
Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарын бузган тамадаларды аныктап, айыпка жыкты.
Аксы менен Ала-Бука райондорунда кайналы бышып, ар бир үйдүн тургундары түшүм жыйноо менен алек. Жергиликтүү фермерлер бул жемишти кайра иштетип, суроо-талап күчтүү Орусия менен Казакстанга экспортко чыгарышат.
Баткендеги биорганикалык азыктарды өндүргөн «Алыш-Дан» айыл чарба кооперативи 15 гектардан ашык талаага биринчи жолу айдаган ашкабак түшүмүн жыйноого киришти. Эми ашкабакты мурдагыдай дүңүнөн сатпай кургатып туруп, баасын жогорулатып сатууга аракет көрүп жатышат.
ГЭС куруу үчүн бийликтин бир эмес эки жолку аракети ишке ашпаганын көргөн айрым тургундар ГЭСтен үмүттөрүн үзүп, жерди кайра элге кайтарып бериши керек деген ойлорун айтышууда.
Ош облусундагы Араван району сабиз, пияздын эле эмес, анжирдин да мекени. Анткени жүз жылдык анжир бактары дал ушул Араван районунда көп. Бадал десең дарактай, дарак десең назиктиги гүлдөй, гүл десең гүлдөбөй туруп мөмө байлайт. Кыскасы, Аравандагы анжирдин керемети төмөнкү видеодо.
Уюштуруучулардын айтымында бул фестивалды шаарга турист тартуу максатында биринчи ирээт өткөрүлүп жатат. Фестивалда кыргыздын каада салт, үрп адаттары көрсөтүлүп, туристтерди кызыктыруу үчүн аракеттер жасалды.
Дагы жүктөңүз