Москвада ишкер мекендештер "Табарман" тайпасына биригүүдө.
Үйдөн чыкпай эле жетиштүү акча табууга болорун билесизби? Кайсы кесиптер үйдө иштөөгө ыңгайлуу? Үй кожойкелери же мүмкүнчүлүгү чектелгендер кандай жумуштар менен алектенсе болот? “Азаттык +” бул чыгарылышта өз өнөрү менен үй-бүлөсүн багып жаткан кыргызстандыктар тууралуу тартты.
Оң рулдуу машинелерди өлкөгө алып кирүү тыйылгандан бери автоунаа базарынын негизги багыты Европага, АКШга жана Орусияга бурулду. Буга байланыштуу соңку жылдары АКШдагы финансы компанияларынын аукциондорунан автоунаа сатып алган кардарлар көбөйдү.
Эл аралык "Lonely Planet" басылмасы Кыргызстанды саякаттоого эң жакшы он мамлекеттин катарына кошту.
Октябрь айында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Францияга барып келди. Андан аз өтпөй француздардын мыкты шараптары жасалчу каберне, совиньон, шардоне өңдүү жүзүм көчөттөрү алдырылды.
Дыйкандар өндүргөн азыктардын арзан болуп жатканы кадр саясатын эске салды.
“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюму миңкуштук аялдарга бизнес-долбоор даярдоону үйрөтүп жатат. 20-октябрда башталган иш-чара аялдардын тең укуктуулугун колдоо максатында уюштурулган.
Оштогу "Южремстрой" ишканасынын жетекчиси, ишкер Рустам Нурматов наркы жарым миллион доллардан ашуун жер тилкесин тарттырып жибергенин билдирди.
8-августта Бишкектин шаар башчысы болуп Азиз Суракматов шайланган.
Өлкөдө акыркы учурда балык чарбачылыгы өнүгө баштады. Балыктан баар таап, байыгандар да арбын. Анткени ал кирешелүү бизнес. Бир форель 500 сомго бааланат. Балыктарды миңдей кылып көбөйтүп миллиондогон киреше тапса болот.
Кыргызстанда Жашыл экономика жумалыгы башталууда. Анын алкагында 15-октябрдан 21-октябрга чейин Кыргызстандын жашыл экономикага өтүшүнө байланышкан талкуулар, иш-чаралар уюштурулат.
Таласта төө буурчакты эл аралык рыноктун талабына ылайык экспорттоого ыңгайлашкан ири ишкана ачылды. Төрт гектар аянтты ээлеген ишкананын курулушуна бир миллион доллар каражат сарпталган. Бул ишкана облуста 200гө чукул адамды жумуш менен камсыз кылат.
Дагы жүктөңүз