Москвадагы кыргызстандыктар арасында жалданып иштөөдөн баш тартып, азыноолак акчасын жеке ишкердикке жумшагандар бар.
Кыргызстанда ири компаниялар "Мобильник" электрондук капчыгы менен кызматташуудан баш тарта башташты. Компаниянын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси 2003-жылы түптөгөн бул бизнесин казакстандык ишкерге тарттырып жибергенин маалымдоодо.
Бишкек шаарынын тургуну Алексей Веденев 20 жылдан бери тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү менен алектенет. Анын ишканасы биогаз технологиясын жасайт.
АКШнын Финансы министрлиги ишкер Олег Дерипаскага байланышы бар компанияларды санкциялык тизмеден чыгарды. Бирок бизнесемендин өзүнө каршы чектөөчү чаралар кала берүүдө.
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасына кылмыш ишин козгоду.
Беларус фирмасы дүйнөдөгү биринчи криптобиржаны ачканын жарыялады.
Бишкекте ар кайсы багытта ийгиликке сүрөгөн тренингдер көбөйдү.
Бишкекте тропикалык жаныбарларды өстүрүп жатышат. Баш калаанын четинде төө куш чарбасы бар. Аларды эт жана жумуртка үчүн көбөйтүп жатышат. Бишкектин ызгаарын африкалык үлпүлдөк төө куштар көтөрө алабы?
Кара-Бүргөн айылынын тургундары кайрадан арак-шарап сатууга тыюу салганы жатышат.
Глобалдык экономиканын жыл тогошкон мезгилдеги абалы кандай? “Соода согуштары” менен коштолгон 2018-жылдан 2019-жылга дүйнөлүк экономика кандай көрсөткүчтөр менен кирди?
Кирип келаткан 2019-жылы дүйнөдө кандай бурулуш, өнүгүүлөр күтүлөт? Чет элдик эксперттердин айрым анализдерине сереп салабыз.
Мамлекеттик деп эсептелген маалымат каражаттарын бюджеттен каржылоо маселеси Жогорку Кеңеште кызуу талкууну жаратты.
Дагы жүктөңүз