АКШда сегиз жылдан бери жашаган журтташыбыз, Борбор Азия өлкөлөрүнө, Грузия жана башка мамлекеттерге автоунаа жөнөтүү менен алектенген Жеңиш Исаков “Азаттыкка” ой бөлүштү.
Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Таасынбек Жумалиев көп жылдан бери бука байлап, семиртип сатат. Иштин көзүн тапкан ишкер айылдаштарына малды кантип багууну жана кирише табуу жолдорун үйрөтүп келет.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылы кышкы туризм, анын ичинен фрирайдга кызыккан туристтердин очогуна айланып баратат. Акыркы жылдары унутта калган бул айылдын эли азыр өз күчү менен конок үйлөрдү салып, туристтерди кызыктырып жатат.
Түркияда жашап, эмгектенип жаткан кыргызстандык Бакыт Байдалиев дүйнөдөгү атагы чыккан киностудияларга оюн-зоок атракциондорун сатат. Ал жаңы технологиялардын тилин таап, колдонуучуларга атайын виртуалдык дүйнөдө кызыктуу оюндарды сунат экен. Ошондой эле Бакыт Байдалиевдин симуляторлору ондогон сыйл
Кышы узак жана суук Нарын өрөөнүндө бирин-экин конок үйдү эске албаганда хостел бизнеси жакшы калыптана элек. Бирок кышкы туризмди өнүктүргүсү келген ишкерлер Нарында жок эмес. Исабек Абдыгазиев карагай-черлүү тоого жакын конок үй салып, жайдыр-кыштыр меймандарды күтүп алат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү май рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырма берди.
Бишкектеги “Оргтехстрой” курулуш компаниясынын Лев Толстой көчөсүндөгү курулган турак жайдан батир алгандар имараттын толук бүтпөй жатканына нааразы. Имаратка газ кире элек. Лифт, автоунаа токтотуучу жай жок. Компания бул үйдүн жашоочуларынын көйгөйү жакынкы күндөрү чечилет деп убада берип келет.
Кыргызстан «ВСП+» системасын колдонууга уруксат алгандан бери Европага экспорту эки эсе өстү.
Бишкек шаарында 11-февралга караган түнү активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүшкөн. Анда Бишкек шаарындагы банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишкен. “Азаттык” аталган акцияга шаар тургундарынын көз карашын билүү үчүн сурамжылоо жүргүздү.
Узак кышы менен таанылган Нарын өрөөнүндө 1-2 конок үйүн эске албаганда хостел бизнеси жакшы өнүгө элек. Бирок эс алуучу жайларда кызмат көрсөтүүчү үйлөр пайда боло баштады. Мисалы, Нарын районунун Алыш айылынын тургуну Нурбек Исраилов өз айылынын четиндеги дөңсөөгө эс алуучулар үчүн боз үй тикти.
Кыштын кыраан чилдесинде Москвадан Ноокаттын алмасын табасың десе эч ким ишенбейт. Бирок ишкер Эшмырза Идаев төрт жылдан бери Ноокаттын алмасын Москвага ташып, журтташтарды тааныш даам менен сүйүнтүп келет.
“Түштүк темир жолу” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад шаарындагы темир жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандарды иретке келтире албай жатат.
Дагы жүктөңүз