Орусияда Санкт-Петербург шаарынын метросунда жардыруу уюштурган деп шектелгендердин соту башталды. Арасында кыргызстандык ага-ини Азимовдор бар. Казакстандын Алматы шаарынын райондук сотунда прокурор Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратууну суранды.
Парижде жүздөгөн адамдар Кытайдагы уйгурлар менен тибеттиктердин укуктарын коргоп чыгышты. Израил Газа тилкеси менен чек арага танктарды жайгаштырды. Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор спорттон кетет.
Рохинжа мусулмандары баш калкалаган лагерлерде абал кескин начарлады. "Эркектерге аңчылык" спектакли Дагестанды дүрбөлөңгө салып, москвалык артисттер кечирим сурашты. Картөшкөгө чектөөнү алуу үчүн Казакстан Кыргызстанга бир топ талап койду.
Трамп менен Ким эч бир келишимге кол коюшпады. А түгүл жолугушууну эрте бүтүрүп, үйлөрүнө жол тартышты. Украина Конституциялык соту антикоррупциялык мыйзамды четке кагып, сынга кабылды. Татарстандын мамлекеттик опера жана балет театры «жапыз бою» үчүн ырчы Хачатур Бадалян менен келишимди үздү. Сири
Индия коңшу Пакистандын аймагына абадан сокку урду. Сауд Арабиясында аргымактар фестивалы өткөрүлдү. Тажикстан чек арасына жакын, Ооганстандын түндүгүндө 17 миңдей террорчу топтолуп турганын билдирүүдө. Куба конституциясын өзгөрттү. Венесуэла армиясынан аскерлер качып жатат.
Кеминде эки жолу түрмөдөн качып чыккан маңзат төбөлү Эль-Чапо бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды. Варшавада Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга арналган ири конференция башталды. Венесуэлада оппозицияны колдогон демонстрациялар уланууда.
АКШ президенти спортчуларды фастфуд менен коноктоду. Шатдаундун айынан өлкөдө жүз миңдеген мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде Ак Үйдөгү ашпозчулар да ишке чыга элек. Айдын аркы бетинде пахта өстүрүлүүдө. Акыркы сүрөттөр Кытайдын биологиялык эксперименти ийгиликтүү болуп жатканын көрсөттү.
Пакистандын cоту "Мухамед пайгамбарга акарат келтирди" деп айыпталган христиан аялдын өкүмүн жокко чыгарды. НАТО “Кансыз согуш” доорунан берки эң ири аскерий машыгуусун өткөрүп жатат. Архангельск шаарындагы ФСБ имаратынын кире беришинде жардыруу болду. Венгриянын соту мигранттарды буттан чалып, тепк
Хашоггинин тагдыры дале белгисиз. АКШнын мамкатчысы бул маселени Саудия, Түркия жетекчилери менен талкуулады. Канадада кара куурай эркин сатыла баштады. Армения президенти өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Казакстандын Өзбекстандагы элчиси миллиондордун уурдалышына шектелүүдө.
"Азаттык" Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү орчун окуялардын видео топтомун сунуштайт. 17-январь, 2014.
"Азаттык" Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү окуялардын видео топтомун сунуштайт. 9-январь, 2014.
"Азаттык" Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү орчун окуялардын видео топтомун сунуштайт. 3-январь, 2014.
Дагы жүктөңүз