Кадамжайдын тоо арасындагы Шыбыран айылында айдоо жери тартыш, жумуш жок. Бирок айылдыктар кол куушуруп отуруп калбай бош убактысында камыш токушат. Жергиликтүү эл аны "чий" деп атап алышкан. Жоондугу эле болбосо, камыштын кадимки чийден айырмасы жок. Кийиз кылганга да жарайт.
Көп кырдуу таланттын көрөңгөсү, чыгармаларынын экинчи өмүрү тууралуу “Азаттыктын” журналисттери, эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен маданиятка эмгек сиңирген ишмер Бурулкан Сарыгулова маектешти.
Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу анын Бишкектин Туңгуч районунда жайгашкан үйүнүн алдында өттү.
Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Акындын өлүмү анын жакындары жана күйөрмандары үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.
Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында меэгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Кыргызстандагы театр артисттери карантин убагында элге өнөрүн Интернеттен тартуулап жатышат.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жазгүл Келдибекова айылдагы уздардын башын бириктирип, шырдак жасай баштаганына он жылга аяк басты. Бул аралыкта ал чет өлкөдөн кардар табууга жетишти.
Өлкөдө карантинге байланыштуу театр жана музейлер жабылган. Бирок үйдө отуруп эле спектакль көрүп, музейдеги көргөзмөлөргө баш бага аласыз.
Нарындык ордочулардын бул жолку мелдешине жети команда катышкан. Алар Ат-Башы, Кочкор жана Нарын районунун ордочулары. Ар жылы уюштурулган бул таймаш алты айга созулат. Жыйынтыгы жаз айында чыгат.
Нарын районунун Алыш айылындагы демилгелүү аялдар өз алдынча тигүү цехин ачышты. Баштапкы чыгым үчүн алардын ар бири өз чөнтөгүнөн оң миң сомдон чыгарган. Бир ай мурун ишке кирген чакан цехтин кардарлары - азырынча алардын өз айылдаштары.
Кыргыз театрынын кийинки муундагы таланттуу актерлорунун бири Данияр Жанжигитов учурда 1937-жылы курулган эски үйдө жашайт. Ал акыркы жылдарда сахнада Индия эпосторундагы хандардын, Айтматовдун чыгармаларында башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, театр күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланган.
Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Копытиндерди муздаткыч оңдоочу жана көп балалуу үй-бүлө катары таанышат. Он баланы чоңойтуп жаткан ата-эне муздаткыч, тиричилик буюмдарын оңдоочу чакан устакананы иштетип жан багышат.
Дагы жүктөңүз