Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу 29-январда 49 жашында дүйнөдөн өттү. Ал «Асаба», «Агым», «Де-Факто» гезиттеринде башкы редактор болуп эмгектенген. Адабий чөйрөдө өзгөчө стили бар акын, дүйнөлүк адабияттан бир топ чыгармаларды кыргызчалаган котормочу катары белгилүү болчу.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги экспонаттар санарипке өткөрүлүүдө. Учурда искусство ышкыбоздору музейдин Интернеттеги баракчасынан миңдеген живопись жана скульптура боюнча шедеврлерди үйдө жатып алып, онлайн режиминде көрсө болот.
Манасчы, төкмө акын, эл агартуунун мыкты кызматкери, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү 21-январда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Жаш адис Наргиза Абдыкалык кызы Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде илимий кызматкер болуп эмгектенет. Ал экологиялык көйгөлөрдү искусство аркылуу чагылдырып, коомчулукту таштанды таштабоого, айлана-чөйрөнү таза сактоого үндөйт. Бул багытта Наргиза балдар үчүн устаттык саат уюштуруп,
Ош шаарында 11-январда соода борборлорунун биринде «Бийлеген эркиндик» аттуу акция болуп өттү. Ага бардык каалоочулар келип бийлөөгө болот. Ышкыбоздор поппинг, брейк-данс сыяктуу түрлөрү бийлерди көрсөтүштү.
Ала-Буканын Көк-Серек айылынын уз-чеберлери шырдак шырып, аны райондун бренди катары чыгарууну максат кылышууда. Аймактагы ар бир кыздын себине кошулган бул буюмду жергиликтүүлөр шырмал деп аташат. Азыр 14 аялдан турган өз алдынча топ чеберчилигин башкаларга да жайылта баштады.
Көмөкөй менен ырдап таанылган ырчы Орунбасар Кызалаков 4-январь күнү 58 жашында каза болду.
Бишкекте дүлөй жана дудук балдар окуган жатак мектептин окуучулары "Чоң курсак" деп аталган спектаклди даярдап жатышат. Алар аны видеого тартып, таратып, дудук балдарга коомчулуктун көңүлүн бургусу келет. "Азаттык" актёрлорду жана уюштуруучуларды кепке тартты.
Этно музыкага кайрадан жан киргизген, дүйнөгө аты кеткен «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театры 20 жылдык чыгармачылык кечесин өткөрдү.
Бишкекте “Ооэдодайко” тобунун концерттик программасы өттү. Концерттик программада жапон добулбастарынын коштоосунда күүлөр жаңырып, "Манас" эпосунан үзүндүлөр да айтылды.
Бишкекте студенттердин "Mirrors" же "Күзгү" аттуу музыкалык театры бар. Анда 14 жылдан бери Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери роль жаратып келет. Алар өлкөдөгү кырдаалды ыр жана бий аркылуу көрсөтүп беришет. Жакында эле бул ышкыбоз жаштар "Кафе 6/7" аттуу мюзикл коюшту.
Бишкекте 27-ноябрда башталган алгачкы феминнале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналды.
Дагы жүктөңүз