Кыргызстандык жаштар мобилдик кино фестивалда төрт байге утуп алышты. Уюкфондук кино фестивалга 10дон ашык өлкөдөн 50дөй тасма катышкан. Бул - бишкектик студенттерден түзүлгөн “Курадо” тобунун биринчи ийгилиги. Чыгармачыл топ менен "Азаттыктын" кабарчысы жолугуп келди.
Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Жакында анын өзү жашаган үйүнө эстелик тактасы илинди. Андан соң Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада акынга арналган иш-чара өттү.
Коомдук ишмер Айжан Акылбекова кыргыздын баш кийими болгон элечекти даңазалоо максатында бир жумалык “Элечек жумалыгын” уюштурду. Ал “Элечек жумалыгын” үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Жумалыкка ар тармактын өкүлдөрү катышты.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде фотограф Болот Исабеков жана сүрөтчү Анатолий Цыбухтун “Маңкурттун түшү/Маңкурттун арманы” аттуу графика жана фотосүрөттөр көргөзмөсү көрсөтүлүп жатат.
"Ак Шоола" балдар хорунун ар бир баласы өзгөчө кылыктары, кыймылы менен көрүүчүлөрүн суктантып келет. 35 жылдык тарыхы бар топто комуз, скрипка, пианино сабактары өтүлөт. "Ак Шоола" хор искусствосунда классикалык өңүттөн чыгып, театралдык хорду түзө алган топ.
Миграциядагы акын Нарсулуу Гургубаеванын «Көз мончок», «Алыстагы ак жарык» аттуу ыр жыйнактары бар. Ал Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Учурда Москва шаарында жашайт жана иштейт. «Азаттык» 16 жылдан бери сыртта жүргөн акын менен баарлашты.
Динара Чокотаева көптөн бери кыялданып жүргөн автордук моюн орогучтарын чыгарды. Кесипкөй графикалык дизайнер эски оймолорду жаңы нукта иштеп чыккан. Ал Тургунбай Садыков атындагы Көркөм өнөр академиясында мугалим болуп иштейт.
705 аттуу жаштардын чыгармачыл тобу жаңы спектакль койду.
705 аттуу чыгармачыл топтун демилгеси менен «Уя» спектакли вербатим жанрында көрсөтүлдү. Бул жанрдагы спектаклдер толугу менен монологдордон же жөнөкөй адамдардын диалогунан турат, аларды актёрлор көрөрмандарына айтып беришет.
Ысык-Көлдө кулагы укпай, сүйлөй албаган эки дос жеке эмерек цехинде иштеп жатат. Алардын колунан жаралган эмгектер көл жээгиндеги мыкты эс алуу жайлары жана ири пансионаттарга коюлат.
Владимир Бекчуриндин эки буту жок болгонуна карабай, 10 жылдан бери ширетүүчүлүк менен алектенип, үй-бүлөсүн багып, ал тургай башкаларга да жардам берип келет. Өз ишин мыкты билген темир устага буюртмалар көп түшөт. Жашоону жана эмгекти сүйгөн Владимирдин кыялын билгиңиз келсе, видеону көрүңүз.
Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Дагы жүктөңүз