Быйыл “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгы белгиленет. Кыргызстанда төкмөлүк өнөр кандай абалда? Төкмө акындардын чөйрөсүндө эркиндик, чыгармачыл атаандаштык барбы? Бул өнөрдүн агартуучулук ролу кандай? Алдыда айтыш өнөрүнүн күнгөй-тескейин "Сыябан" рубрикабызда талкууладык.
Алай районунун Сары-Могол айылындагы "Ууз-Даткалар" коомдук бирикмеси кыргыз куурчактарынын коллекциясын чыгарды. Улуттук кийимдер куурчактар үчүн атайын тигилген. Коллекцияда жети куурчак бар.
Нурмат Осмонбеков жана Баяман Ниязалиев Бишкекте «Бар академиясын» ачкан. Эки дос чет мамлекеттерде иштеп жүрүп, Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген ыкмаларды үйрөтүүнү максат кылышкан. Азыр бариста (кофе даярдоочу) жана бармендик кесип боюнча окуулар жалаң англис тилинде өтүп жатат.
Баткендеги Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 15 жыл болду. Мындан 40 жыл мурда айылдык маданият үйү үчүн курулуп, кийин театрга берилген имарат өткөн жылы гана толук ремонттолгон.
«Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» аттуу ырлардын автору, белгилүү акын, журналист, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалы театрда коюлмакчы.
Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылы бир жылдары “Новая Россия” деп аталып, анын калкынын 80% орустар түзгөн. Ушул тапта бул чакан айылда кыргыздар менен жуурулушуп калган он чакты орус үй-бүлө жашайт.
Интернет доорунда өз алдынча билим алуу кыйла жеңил болуп калды.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде XVI – XX кылымдардагы Батыш Европа көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн алкагында 82 чыгармадан турган жыйнак коюлган. Алардын көпчүлүк бөлүгү 1947-жылы Мамлекеттик эрмитаждын коллекциясынан келип түшкөн.
Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда сүрөтчүлөрдү кандай баалашат? Сүрөт дүйнөсү деген эмне? Калем менен жандуу турмушту тарта билген талант көкүрөгүндө уялаган сүрөтчү Садык Мурзаханов менен бул өнөрдүн түйшүгү, мээнети тууралуу айтып берди.
Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти
Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев пандемия темасына арнап бир нече сүрөт тартты. Ал эмгектердин катарында каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованы жана ыйлап жатканы видеого түшүп калган София-Айдананы көрүүгө болот. "Кызыл зонада" иштеген дарыгерлердин түйшүгүн чагылдырган
Дагы жүктөңүз