Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында балдар үчүн “Эр Төштүк” спектакли коюлду. Чыгарма жаш көрүүчүлөргө баатыр Төштүктүн баштан өткөргөн сыноолорун көрсөтүп, жер астындагы түрдүү каармандар менен тааныштырат.
Бишкекте заманбап бий боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо мелдеши өттү. Fusion Concept Festival деп аталган мелдешке Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан 100дөн ашык бийчилер катышты.
Талас шаарынын тургуну Бактыбек Койчуманов жыгачтан жана териден жаныбарлардын кебин жасап, сувенир катары сатып, тиричилик кылат. Бул өнөр ага чоң атасынан калганын айтып берди. Устанын өнөрканасында болуп, анын эмгектери менен таанышып келдик.
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылында жашаган 74 жаштагы акын жана котормочу Курбан Саттар тууралуу айтып беребиз. Ал Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын өзбек тилине которуп, мектеп программасына киргизген.
Жакында Disney студиясынын “Баш катырма” мульфильминин экинчи бөлүгү чыкканы жатат. Бул ирет америкалык студия аны казак тилине которуп көргөзүүнү сунуш кылды. Казак тилинин таламын талашкан активисттер көрөрмандарды мультфильмди сөзсүз көрүүгө чакырышууда.
“Биз, Асман, Байрактар жана искусство” дал ушундай аталыштагы көргөзмө Бишкектин чет жакасындагы Күн-Туу айылындагы Төлөн музейинде башталды. Анда азыркы доордогу экстремизм жана тоталитаризм, адамзаттын өзгөрүп бараткан баалуулуктарын чагылдырган ондогон эмгектер коюлду.
ОшМУда окуп жаткан чет элдик студенттердин арасында кыргыз маданиятын жана каада-салтына кызыгып, үйрөнгөндөр да бар. Индиядан келген медицина факультетинин студенттери Мариям менен Жеймс Кыргызстанда билим менен кошо өнөр үйрөнүп жатышат.
30 жыл мурун Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайына академия макамы берилген. Окуу жай белгилүү айкелчи Тургунбай Садыковдун ысымын алып жүрөт. Сүрөт өнөрү кантип жашап жатат? Сүрөтчүлөрдүн негизги темасы эмне? “Данисте” ушул суроолорго жооп издеди
Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры Ош шаарына төрт күндүк чыгармачыл сапары менен келип, cпектаклдерин тартуулады.
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 12-апрелден бери "Жамийла" улуттук мюзикли коюлуп жатат. Сүйүүнү жана эркиндикти даңазалаган чыгарма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган. Музыкалуу спектакль бүгүн 17-апрелде коюлуп, жыйынтыкталат.
Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры - Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири.
Дагы жүктөңүз