Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Баткен облустук музыкалык драма театрынын кызматкери, обончу Мамажан Козубаев алгачкы жолу борбор калаада концерт бергени турат. Ал “Азаттыкка” аймактагы искусствонун абалы жана жеке чыгармачылыгы тууралуу маек курду.
31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын финалдык бөлүгү жыйынтыкталды.
Түрк драматургу Тунжер Жүженоглу бул көрүнүштү баяндаган "Аялдар баш калкалоочу жай" спектаклин Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты сахналаштырды.
Кыл кыяк - элдик аспаптардын бири. Ал муң-зарлуу кайрыктарды өзүнө камтып, өткөн доордун музасын чакырып турат. Белгилүү кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев - кыл кыякты кийинки муунга кеңири жайылтууга аракет кылып жаткан өнөр адамы.
"Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Билим айтыш” долбоорун баштады. Анда төкмө акындарды медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтуу боюнча окутууда.
Эгемендиктен кийин кыргыз киносуна келген аял кинорежиссерлордун бири Дамира Тилепбергенова документалист, жазуучу, акын катары да белгилүү.
Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү театр жана кино актёру Нуржаасын Жумагулов учурда бөйрөгүн алмаштырууга муктаж. Ал борбордогу жеке гемодиализ борборлорунун биринде дарыланып жатат. Актёрдун операциясы үчүн азыр бир топ каражат керектелүүдө.
10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү. Маданий иш-чара кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.
Акын Мирлан Алтымыш уулу 200 түтүн эл жашаган Токмок шаарынын четиндеги дачада айыл башчы болуп иштейт.
Жазуучу, теги украиналык Олег Бондаренко Кыргызстанга 30 жыл мурда көчүп келген. "Санарип дүйнөдө кыргыз адабияты жоголуп кетпеши керек" деген тилек менен ал Орто Азиядагы ири ачык онлайн-китепкана негиздеп, аны 14 жылдан бери иштетип келе жатат.
Дагы жүктөңүз