Кыргыз өкмөтү инвесторлорду тартуу, инвестициялык климатты оңдоо максатында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатат.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 200 жумуш ордун жоюуда. Кыскартууга жашы пенсия курагына жеткендер туш келди.
Кыргызстандагы соңку саясий окуялар, коррупцияга каршы күрөш, мурдагы жогорку даражалуу чиновниктердин камалышы тууралуу коңшу өлкөлөрдөгү байкоочулар эмне дешет? Тажикстандык саясат талдоочу Абдумалик Кодиров “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов соттун чечими менен тергөө аяктагыча, 29-августка чейин камакка алынды. Бирок Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев алар бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышаарын билдирди.
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдык иштери дээрлик 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Кичи Памирден кыргыз өкмөтү алып келген кыргыздар кайрадан Ооганстанга кайтууда. Бийлик кайрылмандарга кандай кам көрүп жатат? Кайрылмандар кадыресе кыргыз жарандарынын укуктарына эмнеге ээ боло албай жатышат?
Бишкекте батирдин баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 6,2 пайызга, Ошто 12% көтөрүлдү.
Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат "Азаттыкка" маек курду.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Люсио Валерио Сарандреа "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстанда үч айда 176 бала жергиликтүү жарандарга асыроого берилген. Мындан сырткары чет өлкөлүктөр сегиз кыргызстандык баланы багып алган.
“Азаттык” парламент депутаты Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштеринин чоо-жайы боюнча УКМКга кайрылды. Суроолорго мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов жооп берди.
Жалал-Абадда китепканалардын республикалык форуму өтүп, аймактарды өнүктүрүүдөгү орду жана ролу талкууланды.
Дагы жүктөңүз