Ош шаарында январдан бери каттоого тургандардын саны 30 миңге жетти. Шаарга көчкөндөрдүн көбөйүшүн 12-апрелде өтчү шайлоого байланыштыргандар да бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын демилгеси менен бул маселе тиешелүү органдардын катышуусунда талкууланды.
Кыргызстан экономикалык жактан өнүгүшү үчүн Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) байланбашы керек. Талдоочу Азамат Аттокуров «Азаттыктагы» маегинде ушундай пикирин билдирди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.
31-январдагы чечими менен АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандын жарандарына визалык чектөөлөрдү киргизди. Алгач америкалык басылмалар ал «кара тизмеге» Беларус да кириши мүмкүн экенин жазышкан.
Активист Тынчтык Жанадыл бир жылдын ичинде эки миңдей мектептин дааратканаларынын абалын текшерип чыккан.
«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында Дүйнөлүк жоолук күнүнүн тарыхын, анын өлкөбүздө кандай деңгээлде белгиленип жатканын, коомдогу жоолук, хижаб маселелерине байланышкан көйгөйлөрдү талкууладык.
АКШнын виза чектөөлөрүнө байланыштуу мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев маек курду.
«Мусулман агайындар» уюму 1928-жылы Египетте пайда болгон, кийин эл аралык бирикмеге айланган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды кантип жөнгө салса болот? Акыркы окуялардан улам жергиликтүү элдин бийликке карата маанайы кандай болуп жатат? Стратегиялык кандай тажрыйбаларга таяныш керек?
Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын мамилелери кескин курчуду. Биздин суроолорубузга ирандык журналист, «Фарда» радиосунун башкы редактору Ниуша Бограти жооп берип, эми окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн деген ойлору менен бөлүштү.
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды.
Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине чектөө болбосо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө.
Дагы жүктөңүз