Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

Арка салбай, даараткана сал


Нарын районунун Эмгекчил айылынын мектебинин дааратканасы жана Алай районунун Гүлчө айлынын аркасы.
Нарын районунун Эмгекчил айылынын мектебинин дааратканасы жана Алай районунун Гүлчө айлынын аркасы.

Активист Тынчтык Жанадыл бир жылдын ичинде эки миңдей мектептин дааратканаларынын абалын текшерип чыккан.

Ал окурмандарга кайрылып, айылга арка курбай, айыл мектебинин дааратканасын куруп берсе алда канча пайдалуу иш жасалмак деген ойдо.

- Тынчтык мырза, сиз командаңыз менен «Ийгиликке кадамдар» (Steps to Success) деген коомдук бирикме аркылуу «Кыргызстан мектеп гигиенасы» долбоорун ишке ашырып жатыптырсыз. Бул долбоордун негизги маңызы жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.

Тынчтык Жанадыл.
Тынчтык Жанадыл.

- Бир жыл мурун «Сорос-Кыргызстан» фонду ачык маалыматты колдонуп бир маселени чече турган долбоорго сынак жарыялаган. Кандай маселени чечсек деп ойлондук. Мектептердин дааратканалары начар абалда экенин билебиз. Кыргызстанда 2200 мектеп болсо, 2000 мектептин дааратканаларын сүрөткө тартып туруп картага чыгаралы дедик. Бир мектептин туалетин чыгарып коюп, аны шылдыңдоо же мазактоо максатында эмес, маселени жеткирүүнү максатында. Биз бир жылда 1000 мектеп өз дааратканаларын оңдойт деген ойдо азыр мониторинг кылып жатабыз. Жок дегенде 300 мектептин дааратканасы оңдолсо да бул чоң жетишкендик болот эле. Биз сайтка туалеттин мурунку жана оңдолгондон кийинки абалын сүрөткө тартып чыгарат элек.

- Бир жылдын ичинде канча мектептин дааратканасын сүрөткө тартып, сайтка жүктөй алдыңар?

- Биз 2019-жылдын жазынан бери иштеп жатабыз. Азыр сайтта 1200 мектептин сүрөттөрү жүктөлүп турат. Ал сайтка ар бир каалоочу кирип көрсө болот. Дареги: https://gigiena.emektep.info/

- Бул сүрөттөрдү ким тартты? Өзүңөр кыдырып тартып чыктыңарбы? Же окуучулар жардам бердиби?

- Азыр ар бир адамда чөнтөк телефон бар, «Whatsapp», «Messenger» деген тиркемелери бар. Ошондуктан башынан эле биз өзүбүз мектептерди кыдырбайбыз деп макулдашканбыз. Себеби 2200 мектепти кыдырып чыгуу оңой болмок эмес. Ошондуктан биз ыктыярчылар менен иштедик. Ар бир облуста бирден координаторубуз бар. Аларга көп эмес айлык акы төлөндү. Ал эми алар ыктыярчылар менен иштеди. Мисалы, анын тааныштары, мектеп мугалимдери, ата-энелер болот, кээ бир райондун билим берүү башкармалыгы да жардам берип атты.

- Ыктыярчылар туалеттин сүрөттөрүн тартып сизге жөнөтүшөбү?

- Ооба, алар ашканага кирип аткан жердеги кол жууган жерлердин, дааратканалардын сүрөттөрүн тартып бизге жөнөтөт. Биздин ыктыярчылар аларды сайтка жүктөйт.

Дааратканалардын картасы.
Дааратканалардын картасы.

- Бул сайт ким үчүн жасалган? Билим берүү министрлиги буга чара көрүшү керекпи? Же ата-энелергеби? Ким колдонот, бул сайтты?

- Муну мектептин администрациясы, айыл өкмөтү, мэрия, билим берүү министри, ошол эле Жогорку Кеңеш караса болмок. Максатыбыз – ошолорго маселени жеткирүү.

Ушул жылы Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Шайлоо учурунда айылга барып арка салбай, айылдагы мектепке даараткана куруп беришсе жакшы болмок. Арка жаркырап турат, бирок пайдасы жок болуп атпайбы. Же 10 жылдык, 20 жылдык деп мектептин бүтүрүүчүлөрү майрамдап, айылга арка салып берип атышат, мектепке эмерек же классташына үй куруп берип атат. Ага караганда мектепке, дааратканасына суу киргизип берип, даараткана салып беришсе жакшы болот.

Депутат болом дегендер компьютеринен эле кирип, бүт райондун, жада калса бүт облустун мектептеринин дааратканаларын көрүп койсо болот.

- Суу тартып кириш керек деп калдыңыз. Канализация маселеси кандай экен? Эгер даараткана сыртта жайгашса септик керек го. Мектеп дааратканаларынын септиктери бар бекен?

- Биз текшерген мектептердин 73% септик жок. Болгону 27% бар. Көбү «бизде таза суу жок, ошондуктан биз туалет салып бере албайбыз» деп кутулушат экен. Бирок бул жүйө жалган экени 150 мектептен көрүндү. 180 мектептин ашканаларында кол жууй турган жер бар экен. Демек ал жерде суу түтүктөрү бар, суу кирген. Ошол эле учурда дааратканасы эшикте турат. Биз 100дөн ашык жаңы салынган мектептерди карап чыктык. Алардын баары жаңы болгону менен, дааратканалары 50 жыл мурунку ыкма менен салыныптыр. «Мектеп курганга миллиондогон акча керек» деп айтышат, бирок туалетке түтүк менен суу киргизип коюу анча деле кымбат эмес да?

Эгер сайттан өз мектебиңизди таба албасаңыз, Whatsapp же Telegram аркылуу +996500020234 номерине сүрөттөрдү жөнөтүп коюңуз. Биз сайтка чыгарып коебуз.

- Маек куруп бергениңизге рахмат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG