Токмок шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери Адилет Акунов кызмат өтөп жүргөндө каза тапканын анын ата-энеси далилдей албай жатат. Кызматкердин кесиптештери маркум өлүмгө алып келген ооруну кылмышкерди текшерүү учурунда жугузуп алган деп болжоп жатышат.
Тоң районунун Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштери боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Кыргызстанда бир катар бизнес-ассоциациялар чылымга каршы мыйзам долбоорун айыптап чыгышты.
Иш кагаздарында, ураандарда кеткен каталарды адистер туташ сабатсыздык катары баалашты.
Хостел - баасы арзан, социалдашкан мейманкана. Анда бир керебетти ижарага алсаңыз болот. Бир бөлмөдө он чакты же андан көп аялдар же эркектер консо болот, даараткана жана жуунган жерлери жатаканадагыдай жалпы жайлар болгондуктан кезекке туруп калышыңыз мүмкүн.
Улуттук илимдер академиясында сакталган кол жазмалар фондунун 80 пайызы санариптешти. Эми аларды Интернеттен таап окуса болот.
Бир катар депутаттар 8-марттагы жүрүштү кескин айыптап, акцияны «гей-парад» катары баалашты.
Кыргызстанда маал-маалы менен кайсы бир уруулардын курултайы өтүп турат. Айрыкча саясий окуялардын алдында уруулук, аймактык жыйындар күч алып, ага аттуу-баштуу саясатчылар чакырылат.
Балдары майып ата-энелерге акы төлөп берүүдө суроо жараткан жагдайлар көп. Серепчилер муну жер-жерлерде социалдык колдоого муктаж катмарга түшүндүрүү иштери аксап жатканынан көрүшөт.
Өкмөт бала бакчалардын жетишсиздигин менчик бакчалар менен кызматташуу аркылуу же мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде жоюуну көздөп жатат.
Кыргыз Өкмөтүнө жана ЖАКка интернет аркылуу заманбап добуш берүү тууралуу сунуш.
Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейинин көйгөйлөрүнө байланыштуу тарыхчынын пикири.
Дагы жүктөңүз