Чек ара талаштарын эки тарап өз ара такыр макулдаша албай койгондо муну жөнгө салуунун кандай укуктук механизмдери бар?
Түркия бийлигинин узактан берки күрт проблемасын жалаң күч менен чечүүгө ыктаган саясатынын кайра терс жыйынтыктарды, тынчтык эмес, жардырууларды алып келиши бир катар суроолорду жаратууда.
Качкынбыз деп Европага барган адамдардын арасында жакшы жашоодон үмүтү үзүлүп, кайра артка кайткандар болууда.
Кыргызстандын учурдагы президенти А.Атамбаевдин ата-жотосу тууралуу санжыралык маалыматты бурмалаган айрым макалалар жарыяланган эле. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов бул маселеге архивдик даректерге таянуу менен кайрылат.
Украинада өткөн аптада башкаруучу “Европачыл Украина” коалициясы иш жүзүндө ыдырады. Мунун алдында парламент өкмөттү кетире албай койгон эле.
1916-жылдагы улуттук боштондук күрөштүн 100 жылдыгына байланыштуу архивдик документтердин сериясын сунуш кылабыз.
Тажикстанга караган Жерге-Тал районунда кыргыздардын дээрлик баарынын тууган-туушкандары Кыргызстанда. Канча адам менен баарлашсаңыз да, көбү бак-шактуу үй-жайын таштап, баса бергени тургандыгына күбө болосуз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” партиясынын эки депутатын фракция чечиминин жана фракция башчысынын сунушунун негизинде мандаттан ажыратууга барышы мыйзам бузуу менен катар парламенттик башкаруунун кадырын кетирген көрүнүш болду.
Жогорку Кеңеш жакында Трансплантология жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизди. Ал ириде жергиликтүү дарыгерлер арасында кызуу талаш-тартыштарды жаратты.
Париж саммитине Кыргызстан 2030-жылга чейин 2013-жылга салыштырмалуу көмүр кычкыл газын 20 пайызга кыскартабыз деген сунуш менен барып, аны эл аралык трибунадан президент Атамбаев өзү жарыялады. Расмий Бишкектин сунушу тууралуу кесиптешим Замира Кожобаеванын баянынан уксак.
Дагы жүктөңүз