Парижде Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө арналган эл аралык конференциясы соңуна чыгууда. Жүз жылдыктын соңунда планетадагы орточо температураны 2 градус Цельсийден ашырбоону караган жаңы макулдашууга кол коюлары күтүлүүдө.
Түрк куралдуу күчтөрү 24-ноябрда Сирия менен чек ара аймагында орусиялык аскердик учакты атып түшүргөндөн кийин Анкара менен Москванын мамилеси күтүлгөндөй эле кескин начарлап кетти. Орус өкмөтү экономика, бизнес, туризм тармактарында бир катар чектөөлөрдү киргизүүгө камданууда. Түрк бийлиги болсо Орусиянын учагы өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын ырастап келатат.
Париждеги террордук чабуул үчүн жоопкерчилик алган “Ислам мамлекети” тобу менен күрөштүн мындан аркы нугу кандай болору талкууланууда.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык реформаны тездетүү боюнча жакындагы сунушу эгер ишке аша баштаса, эски маселелерден мамлекет башчынын ыйгарым укугу, жаңылардан президенттин шайлануу жолу талаш-тартыштардын өзөгүн түзчүдөй болуп турат.
31-октябрда Мисирде кыйроого кабылган Орусия учагына байланышкан жагдай соңку күндөрү кайрадан дүйнө коомчулугунун көңүл чордонуна чыкты.
Мамлекеттик катчы Жон Керринин Борбор Азияга алгачкы иш сапарындагы сүйлөшүүлөрдө Ооганстандагы кырдаалга, ИМ тобунун аймакка туудурган коркунучуна басым жасалчудай.
Бул күндөрү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге каршы козголгон жаңырыктуу кылмыш иши каралууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча Жогорку Кеңешке жаңы шайланып келген депутаттардын ичинде аялдар 20% жетпей калууда.
Коммунисттик бийлик кезинде 25 жылдай Советтик Кыргызстандын лидери болгон Турдакун Усубалиев апта башында дүйнө салды. Ал мынча узак мезгил бийлик башында отуруусунун табышмагы эмнеде? Бул жөнүндө Амирбек Азам уулу даярдаган "Өңүт" берүүсүндө кенен сөз болот.
Тянь-Шань тоолорунун мөңгүлөрү акыркы жарым кылымда төрттөн бирге жакын азайып, жалпы аянты 2 миң квадрат километрге жакын кемиди. Суунун тоңгон кенчи саналган мөңгүлөрдүн азаюусу жайкысын күндүн ысып баратканына байланыштуу.
Тянь-Шандын мөңгүлөрү ээрип кетеби? (2-бөлүк)
Тянь-Шандын мөңгүсү ээрип кетеби? (1-бөлүк)
Дагы жүктөңүз