12-апрелде Бишкекте өткөн Элдик курултай, митинг-пикиттерди өткөрүүнүн тартиби жана кыргыз-казак мамилеси тууралуу маселелер бул ирет “Ыңгайсыз суроолордун” темасы болду. Кубат Оторбаевдин суроолоруна адилет министри Марат Кайыпов жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, оппозиция лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев жооп беришти. Бул берүү 16-апрелде УТРКнын жетекчилигинин чечими менен ободон алып салынган.
“Азаттыктын” таңкы уктурууларында кезектеги маекке «Бектемир Акунов” атындагы коомдун жетекчиси Урмат Акунов чыкты. Урматтын атасы Бириккен фронттун мүчөсү Бектемир Акунов өткөн жылкы апрель митингдеринин алдында ачкачылык кармап, бир жыл мурда 14-апрель күнү Нарын шаардык ички иштер табышмактуу өлүм менен каза болгон.
Талас телекомпаниянын мурдагы жетекчиси Машакбай Рахманкулов «Азаттыкка» бүгүнкү учурга чейин эмне себептен жумуштан бошотулгандыгы тууралуу бийлик өкүлдөрүнөн жооп алалбай келгенин айтууда. Облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков телеберүүлөрдүн сапаты начарлыгынан Рахманкулов жумуштан четтетилди дейт.
Бүгүн Биринчи май райондук соту “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине байланыштуу президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин доо арызы боюнча соттук териштирүүнү улантты. Жараяндын жүрүшүндө жоопкер тарап гезиттерге басылган макалаларга филологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчтү сотко жолдоп, сот өтүнүчтү канааттандырды.
Кыргызстандын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча акыркы жылдары a class="content_link" href=" http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/B30A5C82-9077-46B4-8B5D-15C1F7C5A825.asp"> чет өлкөгө кеткен кыргыз жарандарынын </a> саны өсүп, жарандыктан биротоло чыгып, Орусиянын атуулу болуп кеткендердин саны 100 миңге жетти. Алардын арасында мамлекетти башкаруу саясаты менен ар кандай кысымга чыдабай кеткендердин да саны өсүп баратат деп укук коргоочулар коңгуроо кага башташты.
“Сентябрь” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/03/0F8822E9-5BC5-40D6-BD73-86A35DE389B1.asp телеканалы көрсөтпөй калгандан бери облуста анын тагдырына тынчсыздангандар көбөйдү. Экономикалык жана административдик маселелер боюнча облустук сот 17-мартта Жалалабат райондор аралык соттун өткөн жылкы (5-декабрдагы) чечимин күчүндө калтырган. Андан кийин эркин сыналгы көрсөтүүлөрү менен уктурууларын токтоткон. Сыналгынын жетекчилиги менен көрөрмандар муну сөз эркиндигине жасалган кысым жана бийликтин сот аркылуу куугунтук көрсөткөндүгү катары баалашууда. Губернатордун 1-орунбасары сыналгыны жабуу тууралуу сотко көрсөтмө берилбегенин билдирди.
“Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты Кыргызстандагы массалык маалымдоо каражаттарынын тизгинин тартуу күчөтүлүшү мүмкүн деген кооптонуусун жар салган билдирүү таратты. Билдирүүдө президент Курманбек Бакиевдин Германияда дарыланып келгенден кийин өткөргөн өкмөт кеңешмесинде маалымат каражаттарында ар кандай маанидеги маалыматтардын жайылышына кабатырланып, өкмөт менен тартип коргоо органдарын мемиребей иштөөсүн талап кылышы эркин маалымат каражаттарын кысмакка алууга --> http://azattyk.kg/rubrics/free_speech/ky/2008/03/0D2FD691-43DF-4C47-8E52-FCD947774D06.asp жол берет деген кооптонуу айтылат.
Бүгүн укук коргоочу Максим Кулешов Бишкектин Алатоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында “Эркиндик үчүн баруудан коркпо!” деп аталган акциялар сериясын улантты. Ар дайым демократия коркунучта турганын жарыя салган акцияларды өткөргөн укук коргоочу бул жолку акциясын “Диктатураны колдойбуз!” деп атады. Дайыма акциянын башында кармалып кетчү Максим Кулешовго бул жолу милиция тийген жок. Мунун себебин ал акциянын темасы менен байланыштырып, бийлик башындагылар “акүйдө” жалгыз калганын, аларды демократиядан коргош үчүн бир аз колдоо көрсөтүп коюу керектигин айтты. Бир катар укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктары, демократия чындап эле чоң тоскоолдуктарга кириптер болгонун айтышып, бийликти ашкерелеген Максим Кулешовдун акциясын жылуу кабыл алышууда.
Бүгүн укук коргоочу Максим Кулешов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/78218FF3-5526-4F4D-9085-034963E92FA7.asp Бишкектин Алатоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында “Эркиндик үчүн баруудан коркпо!” деп аталган акциялар сериясын улантты. Ар дайым демократия коркунучта турганын жарыя салган акцияларды өткөргөн укук коргоочу бул жолку акциясын “Диктатураны колдойбуз!” деп атады.
Экономикалык жана административдик иштер боюнча Жалалабат облустук соту 17-мартта «Сентябрь» телеканалынын мунарасына байланыштуу райондор аралык соттун аныктамасын күчүндө калтырды. Райондор аралык сот 5-ноябрда мунара үчүн ажыратылган жер жөнүндөгү буйрукту мыйзамсыз деп таап, аны башка жакка көчүрүп кетүү тууралуу аныктама чыгарган болчу. Соттун мындай тыянагын 18-мартта сыналгынын деректири Асылбек Текебаев өзүнүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болгондугу үчүн жана саясий буюртманын негизинде телеканалды жабуу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирди. Бирок мындай айыптоону сотко катышкан облпрокуратуранын өкүлү жокко чыгарды.
Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянтта аталган кыймылдын жыйырмадан ашык мүчөсү парламенттин азыркы курамынын тарашын талап кылып нааразылык иш-чара уюштурду.
Ош шаардык мэриясы "ток уурулук менен кармалганыбызды далилдесин, болбосо 103 934 сом өлчөмүндөгү доо төлөсүн" деп республикалык «De-фaктo» гезитин сотко берди. Маалыматты жайылткан «Ош-Электро» ачык акционердик коому мындай факты болгондугун дале кайталоодон тажай элек. Ал эми журналисттер чөйрөсү жергиликтүү бийликтин мындай кадамын басма сөзгө кысым, оппозициялык маанайдагы трибунаны жаптыруу аракети катары баалашууда.
Дагы жүктөңүз