1930-41-жылдары сталиндик жазалоолорго жазыксыз кабылгандардын бири – немис тектүү философ Юлий Геккер жана анын сүрөтчү кызы Ирма болгон. Алар айтылуу кыргыз таануучу, профессор Юлий Худяковдун таятасы жана энеси.
Токчоро Жолдошевдин агартуучулук, билим берүү системасын уюштуруу жаатындагы эмгеги өзүнчө сөзгө арзыйт.
Экинчи дүйнөлүк согуш миллиондогон кишилердин, анын ичинде канчалаган карапайым жоокерлердин өмүрүн алды, далайынын кийинки тагдырына балта чапты. Анын сабагын учурда жаңыча таразалашууда.
Касым Тыныстановдун эмгектери Горбачевдук "кайра куруу" жылдарында гана ачыкка чыга баштаган.
Жакында И.Арабаев атындагы КМУда 1937-жылдагы сталиндик репрессиялардын 80 жылдыгына байланыштуу эл аралык кереге кеңеш өткөрүлүп, анда Социал-Туран партиясы болгон-болбогондугу тууралуу кызуу талкуу жүрдү.
Алтай элинин чыгаан уулу, ишкер жана агартуучу Аргымай Кулжин жана анын небереси Алексей Кулажи тууралуу азыноолак кеп
1930-жылдардагы сталиндик “тазалоолор” маалында жазыксыз мерт болгон кыргыздын чыгаан мамлекет башчыларынын бири Б.Исакеев өз улутунун бий өнөрү бар экенин тастыктап, айтылуу Н.Бухаринге бийлеп берген.
Саха элинин көрүнүктүү ишмери Максим Аммосов Саха совет мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири. Ал Кыргызстан союздук макам алган соң анын Компартиясынын алгачкы Биринчи катчысы болгон.
2005-жылдын 25-мартындагы Жоогазын ыңкылабынан соң Москвада баш паана тапкан мурдагы президент А.Акаевдин 2005-жылы 24-апрелде обого түз чыккан маеги «Азаттык» үналгысынын архивинде сакталган.
Мындан жүз жыл мурда 8-мартта (эски жылнаама боюнча 23-февралда) Орусияда падышалык режимди биротоло ойрон кылган залкар ыңкылап окуялары башталган.
Сталиндик диктатураны түшүнүү үчүн кээде азыркы Түндүк Кореянын саясий турмушуна үңүлүү жетиштүүдөй сезилет. Бирок дагы эле Сталинди актагысы келгендерге анын өзүнүн эле жакындарынын мүшкүл тагдырына таандык фактыларды ачыктап берүү өзгөчө зарыл
“Бактылуу балалыгыбыз жолдош Сталинге рахмат!” деген ураанга жем таштаган фотодогу Сталин көтөрүп турган бурят кызы - Геля Маркизова. Бирок бул сүрөттөгү бактылуу учур кыздын ата-энесин жазалоодон сактап кала алган эмес.
Дагы жүктөңүз