1991-жылдын 19-августундагы СССРге өзгөчө абал киргизүү аракети оңунан чыкпай калганы менен, олуттуу тарыхый өзгөрүүлөрдү шарттаган.
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев “Азаттыкка” маек куруп, 20 жыл мурдагы окуяларды эстеп, алдыдагы шайлоого чоң үмүт артаарын билдирди.
20 жыл мурда ГКЧП түзүлгөнү жарыяланып, ал СССРдин президенти Горбачевду кызматынан кетирип, Эгемен мамлекеттер биримдигин түзүү боюнча макулдашуунун кол коюлушун үзгүлтүккө учуратуу далаалатын жасаган.
Чоң-Алайдын Кызыл-Эшме айылын байырдаган айтылуу Рахманкул хандын тукумдарынын жашоосу жан оорутат.
Өлкө толук кандуу эгемендүүлүк келе электиги тууралуу талаштар көп. Адистер эгемендүүлүк үчүн экономикалык эркиндик мааниге ээ экенин айтышат.
Өлкө жетекчилеринин мамлекеттик тилди билүүсү керектиги - дүйнөлүк тажрыйба. Адатта калктын дээрлик басымдуу бөлүгү сүйлөгөн тилди билбеген саясатчы бийликке келе албайт.
Кыргызстанда "Кумтөрдөн" тышкары да көптөгөн алтын кендери бар. Алардын 200дөн ашуунуна иштетүүгө уруксат берилген.
Өкмөт өлкө эгемендигинин 20 жылдык мааракесин өткөрүү маселесин талкуулады. 20 жылдыкты ар бир айылда майрамдоо жагы милдеттендирилди.
"Эгемендиктин 20 жылы: ким элек, ким болдук?" аттуу талкууну баштадык. "Азаттык" үналгысына кат же блог жазыңыздар, чалыңыздар, үн кошуңуздар!
Кыргызстандын көз карандысыз болгонуна 20 жыл толду. Мурда ашыкча мал-мүлк күтө албагандарга ишкерлик кылып байууга мүмкүнчүлүк келди.
“Доор ураганда” түрмөгүнүн мейманы, кыргыз демократиясына өзгөчө салым кошкон саясатчылардын бири, “Абийир туткундары” гильдиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев ГКЧП окуясын эскерет.
Эгемендиктин 20 жылдык мааракесине тушташ Бишкекте Манас баатырдын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылары күтүлүүдө. Бирок коомчулуктун бул маданий долбоорлор шашылыш ишке ашырылып жатат деп эсептеген өкүлдөрү азыркы бийликтин аракетин сынга алышууда.
Дагы жүктөңүз