Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Экономика

Темир жол курулушундагы кыйталык жумушчулар
Темир жол курулушундагы кыйталык жумушчулар

Чүйдөгү кытай жарандары аралашкан окуядан кийин Ички иштер министрлиги кытай элчилиги жана ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дагы кайрылуу жасап, Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин жана алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорго келгенин айткан. Министр эки өлкө ортосунда виза режими бар экенин эске салып, так сандарды айткан эмес.

Ал тапта президент Садыр Жапаров маек берип, өлкөдө антикытайлык маанайды козутууну каалаган күчтөр бар экенин, Чүйдөгү окуядан кийин чоң-чоң долбоорлор боюнча иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө "катуу эскертүү" берилгенин билдирди. Учурда канча кытай жараны Кыргызстанда иштеп жүрөт?

Өткөн аптада Чүй районунун Константиновка айылындагы кытайлык жана кыргызстандык айдоочулардын мушташынан улам бир нече кытай жараны кармалып, “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Окуядан кийин Кыргызстанда "кытайлыктар көбөйүп кетти" деп нааразы болуп, каршы пикир жазгандар арбыды.

Бийлик башчылары жаңжалды күндөлүк турмуштун бир көрүнүшү катары сыпаттап, жергиликтүү жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда.

Президент Садыр Жапаров“Кабар” агенттигине курген кезектеги маегинде коомдо күчөп кеткен кытайлыктарга каршы маанайды "шайлоо алдында уюштурулуп жаткан чагым" катары сыпаттады.

“Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаша кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы, соцтүйүндөрдөн көрүп эле жатабыз го баарын. Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок. Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок азыр мамлекет алдында андай муктаждык жок. Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү бердик”.

Жапаров айткандай эле 17-ноябрда Ички иштер министрлиги кытай ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана Кытай элчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында талкууланган маселелер ачык-айкын көрсөтүлгөн жок, коомчулук үчүн жалпыланган маалымат берилди. Жарыяланган маалыматка карасак, министрдин орун басары Нурбек Абдиев чет өлкөлүк адистерди тарткан компаниялар маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушун айткан.

Тышкы иштер министрлигинин 16-ноябрда жарыялаган билдирүүсүнө ылайык, Кытайдын жарандары Кыргызстанга виза менен гана кирип, жүрүп жана чыгып кетишүүдө. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдан келип ар кайсы долбоорлордо эмгектенип жаткан мигранттар соңку кездери көбөйгөнүн билдирген. “Азаттыктын” Кытайдан келип эмгектенип жаткан жумушчулардын так санын сураган катына министрлик макала жарыялангыча жооп берген жок.

Министр Кулубаев “Ала-Тоо 24” каналына курган маегинде Кыргызстанда эмгек күчүнө талап өсүп жаткандыктан, чет элден, анын ичинде Кытайдан жумушчуларды алып келип жатышканын билдирди.

“Биздин компаниялар эгерде жумушчу күч жетпесе... Мисалы азыр бизде азыр текстиль тарапта аябай көп жумуш орундары болуп жатат. Анан чоң инфратүзүмдүк долбоорлор болуп атат да. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, азыр Акчий-Бедел автожолу курулат. Андан тышкары, Кыргызстандын тетиги Караколдон баштап Манас шаарына чейин көптөгөн инфратүзүмдүк курулуштар болуп атат. Бизде азыр көптөгөн, тактап айтканда, 35-40 миңдин тегерегинде жумуш оруну бар. Ошого жетишпегендиктен, биздин кыргыз компаниялары, бул жакта иштеген чет элдик компаниялар өздөрүнүн жумушчуларын чакырганга аракет кылышууда. Анткени курулуш жумушчу жок деп карап отура бербейт да. Ар бир жасалып жаткан долбоордун өзүнүн убактысы бар. Ошого жетишүү үчүн алар жумуш орундарын түзүп, атайын чакырып атышат”.

Министр коомдо болуп жаткан талкуулар өлкөдө антикытайлык маанайды күчөтүүгө багытталган чагымчыл мүнөздө экенин айтууда.

Министр оозанган "антикытайлык" чагымчыл сөздөрдү жайылтуу аракеттери тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы социалдык тармактарга атайын пост жазды. Ал кытайлыктарга каршы маанайды кайсы бир саясий күчтөр өлкөдөгү туруктуулукту бузуу үчүн атайын козутуп жатат деп эсептейт жана алар Кыргызстандын экономикалык чыңдалышын, өсүп жаткан эл аралык аброюн жана мамлекеттүүлүгүн алсыратууну көздөйт деп ишенет.

Миграция маселесин көптөн бери билген, атын атабоону өтүнгөн мамлекеттик кызматкерлердин бири кытайлыктар ишке ашырып жаткан инфратүзүмдүк долбоорлор комплекстүү адистик мамилени талап кылгандыктан, компаниялардын өз жумушчуларын кошо алып келип жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт.

“Жол долбоорлору же болбосо темир жол долбоорлорунда комплекстүү иш алып барыш керек. Ал жерде Кытайда турукташып калган бригадалар бар, бригадир өз кызматкерлерин чогуу ала келет. Алар туруктуу бригадалар, талаадан чогултуп келген эмес. Ал машинаны айдап жүргөн адис мүмкүн көп функционалдуу адистир. Анын баарын, албетте, текшерип караш керек. Бирок Кыргызстанга чет өлкөдөн жарандар тартылып жаткандан кийин, биздин жарандарга да жумуш орун түзүлсүн деген абдан туура маселе. Бул жерде статистика боюнча чет өлкөдөн келген жарандардын жалгыз-жарым учурларына карабастан, жалпы соттун тажрыйбасын, же болбосо кылмыштуулукту каттаган ИИМдеги маалыматтарды караш керек. Эгерде ошол маалыматтарды алып караганда биз салыштырмалуу көрөбүз – кыргызстандыктар өлкө ичинде канча кылмыш жасап атат, чет өлкөдөн келген жарандар канча кылмыш жасап жатат. Ошол кылмыштардын жазасы кандай – оорбу же жеңилби?”

Атамбаевдин сыны

Өкмөттүк аткаминерлер Константиновка айылындагы чыр-чатакты күндөлүк турмушта орун алган келишпестик жана жалгыз-жарым көрүнүштөрдүн бири деп аташууда. Ошол эле маалда социалдык тармактардагы жана жаңылык ресурстарындагы маалыматтарга назар салсак, кытайлык жарандар менен кыргыз тургундарынын ортосундагы жаңжалдар соңку кездери бир кыйла көбөйгөнүн көрөбүз. Алтургай, чет элдиктердин бийлик өкүлдөрүнө кол салган учурлары да болуп турат.

Өлкө башчы менен кайым айтышкан кезектеги билдирүүсүндө Кыргызстандын сыртында жүргөн мурунку президент Алмазбек Атамбаев миграция жаатында ойлонулбаган саясат жүрүп жатканын белгиледи.

“Азоо инфляция элди муунтуп жатат, айлык маяналар баанын өсүшүнө жетишпей, эл эптеп жанын багып жатат. Бажысыз, көзөмөлсүз иммиграция, чет элдик жарандар өлкөнү каптап, жерди талап сатып алып жатканы - мунун баары ойлонулбаган жана коррупцияга малынган, туура эмес, ката саясаттын кесепети”.

Соңку жылдары чындыгында Түштүк Азиянын Пакистан, Индия, Бангладеш өлкөлөрүнөн жана Кытайдан келген мигранттардын саны бир кыйла көбөйгөн.

Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, чет элдик эмгек күчүн тартуу үчүн чегерилген квота 2025-жылы 68% көбөйтүлгөн. 2024-жылы 25000 квота берилген болсо, 2025-жылы бул көлөм 42000ге жеткен. Квота боюнча келген эмгек мигранттарынын басымдүү көпчүлүгүн Кытайдан, Бангладештен, жана Пакистандан келгендер түзөт.

Эмгек мигранттары адатта визаны эки айдан бир жылга чейин алышат. Анын мөөнөтүнө жараша жергиликтүү каттоого турушат. Андан кийин муктаждыкка жараша өлкөдөн чыкпай туруп виза менен каттоонун мөөнөтүн узартса болот.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Кыргызстандын аймагына кирип иштеп жаткан чет элдик мигранттар тууралуу ачык-айкындуулуктун жоктугу эл арасындагы түкшүмөл суроолорду көбөйтүп жатканын айтат.

“Ксенофобия деген түшүнүк бар. Негизи “кытайлар ушундай-тигиндей” деп жамандаган эл аралык тема. Ошон үчүн ксенофобияны козуткан аракеттер дайыма эле бардык коомдо болуп турат. Бирок эмне үчүн азыркы убакта ксенофобия күчөп атат? Кытай жөнүндө маалымат, Кытай менен кандай тилектештик, кандай иштер жүрүп атат, маалымат аз. Маалымат аз болгондуктан, анан кийин бирөө сүйлөп койсо бир нерсе кылып оозун жаап койсо, ошондой атмосферада ксенофобия күчөйт. Ксенофобия күчөбөш үчүн маалымат ачык болуш керек”.

Кыймылсыз мүлк сатып алган чет элдиктер көбөйдүбү?

Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча кытайлыктар Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Расмий статистикага танясак, 2023-жылы 70 миң 842 кытай жараны Кыргызстандын аймагына турист катары кирген. 2024-жылы бул көрсөткүч 81%га өсүп, 127 миң 956 кишиге жеткен. 2025-жылдын маалыматы азырынча белгисиз.

Бул тапта расмий түрдө турист болуп келип, бирок Кыргызстандагы ар кандай долбоорлордо эмгектенип жаткан кытайлыктар да жок эмес. Быйыл май айында УКМК ушундай 39 кытай жаранын кармаганын жарыялаган.

Муну менен катар, Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү туруктуу жашап же инвестиция салган чет элдиктердин сатып алуусуна уруксат бар болгондуктан, соңку жылдары өлкө аймагында турак жайларды сатып алып жаткан орусиялыктар менен кытайлыктар тууралуу маалыматтар көбөйгөн.

2022-жылдан кийин өлкөсүнөн бозгон орусиялыктар Кыргызстанды каптаганы бир катар ири шаарларда туракжайга болгон суроо-талап кескин өскөн. Кыймылсыз мүлк агенттиктери алар келип там-таштарды ижарага алып жана сатып алган учурлар көбөйгөнүн билдирип келет. Ушундай эле жагдай ар кандай долбоорлор аркылуу келген кытайлыктардын көбөйүшүнөн улам да жаралууда. Мындай көрүнүштөр Кыргызстандагы жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жаратып, талкууга жем таштоодо.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик өлкө аймагындагы сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн каттоого алып турат. Бирок, агенттиктин кызматкерлери чет элдиктер сатып алган мүлктөр тууралуу статистикалык маалыматты берүүдөн баш тартышты.

“Азырынча чет элдиктер боюнча эч кандай маалымат бербейбиз, коё тургула деп айтышты. Анткени, азыр ансыз деле уу-дуу болуп жатат. Ошондуктан, жетекчилик азыр эч кимге эч кандай маалымат бербегиле деп айтты. Андыктан, бере албайбыз силерге...”, - деген жообун берди агенттиктин өкүлү.

Коомчулук соңку жылдары Бангладеш, Пакистан жана Индиядан келген эмгек мигранттары өтө көбөйүп баратканын кызуу талкуулап келет. Иш жүзүндө Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик мигранттардын саны каралган квоталардан жана расмий катталгандардан алда канча көп экени айтылат. Мыйзамсыз жолдор менен келип, ар кайсы жумуштарда бейформал түрдө эмгектенип жүргөндөр тууралуу маалыматтар да жарыяланып турат.

Соңку жылдары Кытай Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшүнө айланды. Өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлордун дээрлик көпчүлүгү дал ушул өлкөнүн катышуусу менен ишке ашып келет. Алардын арасында Кыргызстандын транспорттук туңгуюктан чыгарары айтылган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан баш болгон ири инфратүзүмдүк долбоорлор бар.

Эки өлкөнүн саясий жетекчилиги жакын байланышта болуп, бат-баттан сапарлар уюштурулуп келет. Азыркы өлкөдө кытайлыктардын маселеси талкууланып жаткан окуя Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 19-ноябрда Борбор Азия өлкөлөрүнө турнесинин алкагында Бишкекке да келе жаткан маалга туш келди.

коллаж
коллаж

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин бийликке кайрылуусунан кийин саясий айдыңда талкуулар кызыды. Мунун артынан эле өлкөнүн мурдагы премьер-министрлери билдирүүлөрүн жарыялады.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо добуштар уурдалганын айтса, Сапар Исаков өзү өкмөттү жетектеп турган кезде энергетика тармагында аткарылган иштерди тизмектеген. Мындай саясий талкуулар бүгүнкү абалга канчалык таасир этет?

Бүйүр кызыткан билдирүүлөр

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин бийликке жасаган соңку кайрылуусу коомчулукта саясий талкууну жандантты. Анда Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика боюнча сынына кайра жооп кайтарып, бийликти кескин сындаган.

Өлкөнүн тышкы карызы, кымбатчылык, сөз эркиндиги, көз карандысыз медиага басым, саясий камоолор жана шайлоо тууралуу айткан Атамбаевдин сынына "Ынтымак Ордо" жооп берей эле коюуну чечкендей.

18-ноябрда президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында бийликтин тилектештерин мындай талкууларга катышпоого үндөдү.

Анткен менен Атамбаевдин билдирүүсү мурдагы өкмөт башчыларды козгоду. Аталган кайрылуудан көп өтпөй эле мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов да билдирүү жарыялап, 2017-жылкы президенттик шайлоону кандай өткөнүн эске салып, добуштар жапырт уурдалганын жана административдик ресурс мурдагы бийликтин кызыкчылыгына колдонулганын белгиледи.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

“2017-жылы кандай шайлоо өткөнүн эл унуткан жок. Мамлекеттик ресурстар бир тарапты сүрөп, дарыгерлер менен мугалимдерди саясатка зордоп аралаштырып, адамдарды коркутуп-үркүтүп, үгүтчүлөрдү тоого алып барып сабаган учурлар болгон. Ошол жылы 500 миң кыргызстандыктын добушу менен үмүтү уурдалганын эч ким жокко чыгарбас. Ошондо Кыргызстандын келечегин жана туруктуулугун ойлоп, командамды токтотуп, өзүм убактылуу сыртка чыгып кеткем. Шайлоо учурунда, андан кийин да коомду бөлүп жарган бир дагы билдирүү жасаган эмесмин”, - деген экс-премьер.

Ошондой эле Бабанов Атамбаевдин бир уулу Жогорку Кеңеште, бир уулу шаардык кеңеште депутат болгонун белгилеп, мурдагы президентти аксакал катары жеке амбициядан жогору туруп, туура кадам жасоого чакырган.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи орунду алган. Ал учурда Атамбаев өзүнүн санаалашы Сооронбай Жээнбековду ачык сүрөп, Бабановду сындаган. Шайлоодо Жээнбеков жеңип, Бабанов 33,49% добуш топтогон. Шайлоодон көп өтпөй саясатчы "саясий куугунтукка" кабылганын айтып, өлкөдөн чыгып кеткен.

2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Бабанов менен Атамбаев бирге Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында акция өткөрүшкөн.

Бийлик алмашкандан кийин Бабанов Кумтөр иши боюнча бир жарым айдан ашык тергөө абагында отуруп, кийин саясатка аралашпай калган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул иште Бабановдун мыйзамсыз иштери аныкталбаганын билдирген. Өмүрбек Бабанов соңку учурда ишкерлик менен гана алектенип, бийликтин саясатын колдорун айткан.

Анын соңку билдирүүсүнө 18-ноябрда Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек жооп берди. Ал Бабановдун 2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Жапаровго каршы чыкканын эске салып, Атамбаевден кантип "кечирим сураганын" жарыялады.

Кадырбек Атамбаев
Кадырбек Атамбаев

"2020-жылы революциядан кийин атам абактан чыккан соң карыганда үй-бүлөм менен болоюн деп, саясатка аралашпоону туура көргөн. Бирок сиз атама чалып, ага келип, аны көндүрүүгө аракет кылгансыз", - деп жазды Кадырбек Атамбаев.

Бабановдун жогорудагы билдирүүсүнөн кийин Атамбаевдин тушунда премьер-министр кызматын аркалаган жана жакын үзөңгүлөшү Сапар Исаков да ошол эле Фейсбуктагы өз баракчасына пост жазды. Анда ал президент Жапаровдун айыптоолоруна кеңири жооп берип, өзү премьер-министр болуп турган маалда энергетика тармагында аткарылган иштерди тизмектеп чыккан.

“Учурдагы президенттин 2011–2017-жылдар аралыгында ”бир дагы электр станциясы курулган эмес” деген билдирүүсү белгилүү фактыларга карама-каршы келет. Учурда Бишкектин эски ЖЭБинин ордунда так ошол мезгилде ишке киргизилген, жаңы энергоблоктору бар модернизацияланган жылуулук электр борбору иштеп жатат. Өлкөнү азыркы энергетикалык кризистин оор кесепеттеринен сактап турган мына ушул кубаттуулуктар: алар Нарын жана Ысык-Көл облустарынын керектөөсүнө теңдеш өлчөмдө электр энергиясын иштеп чыгат жана басымдуу генерация өлкөнүн түштүгүндө жайгашкандыктан, күз-кыш мезгилинде энергетикалык тең салмактуулуктун негизги элементи болуп саналат. Жаңы кубаттуулуктар ишке киргизилгенден бери борбордук ЖЭБ бир да жолу иштен чыгып токтоп калган жок, системанын үзгүлтүксүз иштешин жана шаарды жетишерлик көлөмдөгү маанилүү жылуулук менен камсыз кылууда".

Исаков Жогорку Нарын каскады жана Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча да кошумча маалымат жазып, азыр элге саясий айтыш эмес, так эсептелген антикризистик план керек экенин, энергетикалык системаны бекемдөө үчүн соңку беш жылда кандай иштер жасалып, убадаланган реформалар кандай натыйжа бергенин ачык маалымдоо керек экенин айткан.

2017-2018-жылдары өкмөттү башкарган Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин оңдоо ишине байланыштуу 15 жылга кесилген. Сот Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштеринде аны күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыраткан.

2020-жылдын 6-октябрына оогон түнү Исаков Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясынан чыгып кетип, ошол бойдон келген эмес. Бийлик алмашкан ошол Октябрь окуяларында бир катар саясатчылар менен бирге Координациялык кеңеш түзүү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Ала-Тоо аянтындагы митинги сыяктуу саясий иш-чараларга катышкандан кийин көп узабай Кыргызстандан чыгып кеткен. Октябрдын соңунда укук коргоо органдары ага эл аралык издөө жарыялаган.


Ошентип, Атамбаевдин ушул айда азыркы бийликке карата жазган сын-дооматтары саясий айдыңда жаңы динамика жаратты.

Айрым саясий эксперттер Бабанов жана Исаков сыяктуу саясатчылардын активдешүүсү жаңы саясий позицияларды калыптандыруунун белгиси болушу мүмкүн деген пикирин билдиришүүдө.

Саясий упай топтоо ниетиби?

Активист Адил Турдукулов Атамбаев каршылаштарынын талылуу жеринен кармап, элди тынчсыздандырып жаткан маселелерди көрүп, андан улам саясий упай топтоону көздөп жатат деген пикирде:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Бабановдун чыгып жатканы түшүнүктүү, ал өз демилгеси менен чыккан жери жок. Аны бийлик түртүп, азыркы бийликти колдошу керектигин айтып атат. Ал бизнесте жүргөн адам. Анын үстүнө 2020-жылдары Бабанов Сапар Исаков менен биригип, Кой-Ташта да жүргөн. Анан эми азыркы “кустуризация” маалында өз бизнесин сактап калуу, ошону калкалоо, азыркы бийликтин ачуусуна тийип албаш үчүн бул кадамга барууда деп ойлойм. Бул ага кандайдыр бир саясий упай алып келбейт. Сапар Исаков болсо Атамбаев менен кеңешип анан билдирүү таратууда. Анткени аны Сапар Исаков кылган, анын ийгилигин да, кемчилигин да жасаган Атамбаев болгон. Атамбаевдин айткандары канчалык өтүмдүү, жыйынтыктуу болсо, Исаковдун да келечеги кайсы жакка бурулары ошого байланыштуу болот. Ал Атамбаевди колдоо, өз ишин актоо аракетинде билдирүү таратып жатат”, - деген баа берди Адил Турдукулов.

Азыр элдин бүйүрүн кызытып турган бул саясатчылардын соңку билдирүүлөрү балким азыркы бийликти аларды чет жактан өлкөгө алып келүү аракетине түртүшү мүмкүн экенин Турдукулов жокко чыгарган жок.

Ал тапта дагы бир саясат талдоочу Руслан Акматбек азыркы бийлик коомго тигил же бул маселелер боюнча маалыматты өзүнө ылайыктап таратып, бардык кемчиликтердин булагын мурдагы бийликтегилердин мойнуна артып коюуга аракет кылып жатат дейт. Өлкөдөгү электр энергиясы, кымбатчылык, сөз эркиндигине байланыштуу маселелер азыркы коомдо дээрлик талкууланбай калгандыктан бул мурдагы жетекчилердин оозу менен айтылып калганы коомду таң калтырып жатканын, бирок андан кандайдыр бир таасир же жыйынтык болбой турганын эксперт кошумчалады:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Коомдун ичинде биз көйгөйлөрүбүздү эки тарап болуп талкуулабай калганыбыздын натыйжасында жогорку деңгээлде талкуулоого өттү. Себеби эксперттер менен дебаттарда талкуулап, бири-бирибиз менен негизделген жүйөлөрдү айтып тартышып келгенибиз – бул нормалдуу өлкөлөрдө болуп келген жана болуп турушу керек. Андай аянтчалар азыр жок болуп калды. Сынды азыр эч ким айтпай калды, талкуулабай калды. Коомдун өнүгүүсү болбогондуктан, мындайча айтканда “элиталар, экстер” ушул талкууну жүргүзүп атат. Булар албетте жашыруун нерселерди айткан жери жок, алар айтканды коом деле жакшы билет. Биз болгону ачык талкуу, ачык ой айтуу дегенден алыстап калгандыктан бул бизге таңкалыштуу болууда. Эгер өлкөдө саясий партиялар, саясий лидерлер болсо мындай нерселер күндө эле талкууланып, айтылып турмак”.

Фейсбуктан башталган кайым айтыш

Мурдагы жана азыркы президенттердин кайым айтышуусу 9-ноябрда Садыр Жапаров өлкөдөгү энергетиканын абалы тууралуу Фейсбукта жазган билдирүүлөрүнөн кийин башталган. Анда Жапаров ушул жагдайдын жаралышына мурдагы жетекчиликтин түздөн-түз жооптуу экенин айткан.

17-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин социалдык тармактардагы расмий баракчасына чыккан билдирүүдө өлкөдө биринчи оор энергетикалык кризис Курманбек Бакиевдин тушунда болгону, ошол учурдагы бул тармакты ушундай абалга алып келгендер азыр кызматта отурганы айтылган. Мурдагы президент андан тышкары Кыргызстанда кымбатчылык болуп, жеке менчикке болгон укук бузулуп, сөз эркиндиги басымга кабылганын кошумчалаган.

Буга президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков дароо жооп берип, сөз эркиндиги Атамбаевдин учурунда көйгөйлөр болгонун, бир катар журналисттер куугунтукка кабылганын билдирген.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG