Прокуратура Темирлан Султанбековго тогуз жыл, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана башка айыпталуучуларга жети жарым жыл абак жазасын сурап жатат. Жапырт камалган саясатчыларга өкүм чыгарына аз калды. Бул арада бийлик Октябрь окуяларынын алты жылдыгын "Бишкек аренада" салтанат менен белгиленди. Өлкөдө соңку алты жылда эмне өзгөрдү? Францияда билим берүү шарттарына нааразы болгон окуучулар менен полиция кагылышты. Миңдеген адам кармалып, жүздөгөн киши жараат алды. Бир өспүрүм колунан ажырады.
Борбор Азия
4-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында жапырт мушташка шектелип эки кыргызстандык жана эки орусиялык жаран кармалды. Кармалган кыргызстандыктардын бирине операция жасалганы белгилүү болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаракат алган жана кармалгандар кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо чаралары көрүлүп жатканын маалымдады.