Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Борбор Азия

Баласын эмизген эне. Иллюстрация.
Баласын эмизген эне. Иллюстрация.

Борбор Азия өлкөлөрү жүздөгөн аялдын өмүрүн алган жатын моюнчасынын рагын кантип алдын алат? Бул онкологиялык ооруну алдын алуу үчүн папиллома вирусуна каршы эмдөө жасалат. Адамдын папиллома вирусу (HPV) - жыныстык жол менен жуга турган инфекция.

"Жатын моюнчасынын рагы диагнозу коюлду"

36 жаштагы Гүлпери Тажикстандын четки айылдарынын биринин тургуну. Аз күн мурун ага жатын моюнчасынын рагы диагнозу коюлду. Гүлпери 14, сегиз жана беш жаштагы үч баланын энеси. Акыркы төрөттөн кийин ал гинекологго көрүнгөн эмес. Муну ал бир жагынан колу тийбегени, экинчи жагынан айылында адистердин жоктугу менен түшүндүрдү.

"Башында арыктап баштадым. Кийин буттарым шишип, кан аралашкан заара чыга баштады. Жолдошум Орусияда иштеп жүргөндүктөн кайын журтума айтуудан уялчумун. Бирок кийин оорум күчөп, кан кетип, чыдай албай калдым. Дүйшөмбүгө барып текшерүүдөн өттүк. Ал жактан жатын моюнчасынын рагы деген диагноз коюшту. Көрсө 3-стадия экен".

Гүлпери Тажикстанда жыл сайын жатын моюнчасынын рагына кабылган жүздөгөн аялдын бири. Республикалык онкологиялык борбордун маалыматы боюнча, бул ооруга чалдыккан аялдар илдеттин жалпы катталган саны жагынан коңшу өлкөдө эмчек рагынан кийинки экинчи орунда турат. Жыл сайын өлкөдө 350гө жакын жаңы бейтап катталат. Анын ичинен 200ү өлүм менен аяктайт.

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Республикалык онкологиялык борбордун атын атагысы келбеген адиси ооруга чалдыккан аялдарга диагноз өтө кеч коюлуп каларын белгиледи.

"Бул көбүнчө элеттик аялдар. Аларга медициналык жардам жеткиликтүү эмес. Тилекке каршы, алар толук текшерүүнүн ордуна УЗИге түшүп, үстүртөн дарылануудан өтүп, муну менен алты айдан бир жылга чейин убакыт жоготушат. Ошондуктан кооптуу белгилер пайда болгондо борборго келип, үчүнчү же төртүнчү баскычта деген диагнозду угушат".

Адистин айтымында, убагында диагнозу туура коюлбай калган учурлар элетте эле эмес, шаарда да көп кездешет.

"Жакында эле бизге жардам сурап шаардагы медициналык мекемелердин биринин дарыгери кайрылды. Ал өзү билимдүү эле адам. Бирок андан жатын моюнчасынын рагы өтүшүп кеткен формада аныкталды. Ал аял буга чейин бир да жолу текшерүүдөн өткөн эмес".

Папиллома вирусу: Өз маалында текшерүү маанилүү

Адамдын папиллома вирусу - жыныстык жол менен жуга турган инфекция.

Вирустун 200дөн ашуун түрү белгилүү. Алардын айрымдары онкогендүү болуп, аялдар арасында жатын моюнчасынын, жыныс кынынын рагына өтүп кетиши ыктымал. Вирустун өтө агрессивдүү эмес түрлөрү жыныс органдарынын сыртында сөөл пайда кылышы мүмкүн.

"Жатын моюнчасынын рагы жай өрчүгөндүктөн бул убакытта дарыгерлерге кайрылып, дарылоого болот", - деп түшүндүрдү тажикстандык гинеколог Зарниссо Гафурова.

Зарниссо Тажикстанда онкологиялык скринингдин маанилүүлүгү тууралуу ачык айткан саналуу дарыгерлердин бири. Инстаграмдагы блогунда ал сунуштары менен бөлүшүп, рактын скрининги эмне үчүн зарыл экенин түшүндүрүп, аялдарга өз маалында текшерүүдөн өтүү керектигин эскертип айтып турат.

"Бул боюнча Кытайда окуудан өтүп келгенден кийин мен 10 айдын ичинде миңден ашык аялга консультация бердим. Мен алардын дээрлик ар бирине рак скринингин өтүүнү тапшырдым. Алар түшүнбөй, түрдүү суроолорду узатышат. Мен бул текшерүүдө аялда папиллома вирусу (HPV) барбы же жокпу деп текшерүү мүмкүн экенин айтам".

Адистин белгилешинче, миң бейтаптын арасынан жыйырмасы гана HPV тести тууралуу билет экен. Ал шаардагы жагдай ушул болсо айыл-кыштактардагы аялдардын абалын элестетүү оор дейт.

Текшерүү эки ыкманы камтыйт: суюк цитология (PAP тест) жана HPV тести. Жыныстык жашоо башталгандан тартып дарыгерлер айткан убакытта тесттен улам өтүп, анализ тапшырып туруу керек.

"Текшерүүдөн туура өтүү абдан маанилүү. Бул оорунун белгилерин өз убагында байкап калуунун жалгыз жолу", - деди дарыгер.

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өтүү кадыресе көрүнүшкө айланган өлкөлөрдө жатын моюнчасынын рагы катталган учурлар сейрек кездешет. Тажикстанда бул вирус боюнча текшерүүдөн өтүү дээрлик мүмкүн эмес. Адатта мындай текшерүүнүн акысы 3 доллардан 25 долларга чейинки акчаны түзөт. Айрым аялдар бул алар үчүн чоң акча экенин айтышат.

Жатын моюнчасынын рагынан коргогон эмдөө

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 9 жаштан 14 жашка чейинки кыздарды эмдөөнү сунуштаган. 2006-жылдан бери папилломага каршы эмдөө дүйнөдө 100дөн ашуун өлкөдө жүргүзүлөт. Уюмдун изилдөөлөрүндө бул өлкөлөрдө мындай вирустун жайылышы 70%, ал эми жатын моюнчасынын рагы эки эсе төмөндөгөнү айтылат.

Быйыл Тажикстанда кыздарды папилломага каршы эмдөө өнөктүгүнө даярдык көрүлүп жатканын "Азаттык Азияга" Республикалык иммунопрофилактика борборунун директорунун орун басары Мохтоб Бобохонова билдирди. Ал Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (GAVI) Тажикстандын эмдөө боюнча арызын жактырганын кошумчалады:

"Бул Тажикстанга аталган вакцинаны 10 жаштагы кыздарды эмдөөнүн улуттук графигине киргизүү үчүн гана эмес, 11-14 жаштагы кыздар арасында да эмдөө кампаниясын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди”.

Анын айтымында, өлкөдө жатын моюнчасынын рагын пайда кылган папиллома вирусунун эң коркунучтуу штаммдарынан коргой турган вакцина колдонулат. Ушул эле вакцина чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө да бар. Эмдөө өнөктүгү мектептерде же эмканаларда жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтеринин адистери арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Атын атагысы келбеген адис бул маселеде тыкыр даярдык маанилүү экенин белгиледи:

"Биз Казакстандын тажрыйбасын кылдат изилдеп чыгып, анда 2013-жылы эмдөө даярдыктын жетишсиздигинен улам ишке ашпай калганын түшүндүк. Эл бул нерседен чочулап, маалыматы аздыгынан дарыгерлерге ишенген эмес. Биз буга жол бербешибиз керек", - деди ал.

Казакстандын Павлодар шаарында эки окуучу кыз HPV вирусуна каршы эмдөөдөн кийин эсин жоготкон окуя коңшу өлкөдө резонанс жараткан. Дарыгерлер вакцина өтө муздак болгондуктан ушундай реакция пайда болуп кеткенин айтышат.

Он жылдан кийин Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул кыздарды таап, экөө тең дени сак балдары бар аялдар экенин айтышты.

Папилломага каршы вакцина.
Папилломага каршы вакцина.

Казакстанда жыл сайын жатын моюнчасынын рагынан 600гө жакын аял каза болуп, 1900гө жакын жаңы бейтап катталууда. HPV вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү бул өлкөдө 2024-жылы кайра уланып, 2025-жылдын апрелине карата 154 миңден ашуун окуучу кыз эмдөөдөн өткөн.

Жыл сайын жатын моюнчасынын рак оорусу менен 350гө жакын жаңы бейтап катталган Кыргызстанда 2022-жылдын ноябрь айынан бери кыздарды HPV вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү жүрүп жатат. Бул программаны ишке ашырууда эл аралык уюмдар чечүүчү роль ойноду. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, биринчи жылы 9 жаштан 14 жашка чейинки 200 миң кыздын 63% жакыны вакцинанын сунуш кылынган эки дозасын тең алышкан.

"Бул аракеттер эмдөөнүн туруктуу камтылышына карай маанилүү кадам болуп калды жана келечекте аялдардын ден соолугуна коркунуч туудурган жатын моюнчасынын рагын толугу менен жок кылууга жол ачты", - дейт ЮНИСЕФтин эмдөө боюнча адиси Кубанычбек Моңолбаев.

Эмдөө: Ата-эненин ролу

Борбор Азия өлкөлөрүндө HPV вакцинасы сунуш кылынганда ата-энелер арасында маалымат жетишсиз болуп, нааразы болгондор чыккан. Бирок барган сайын ата-энелер арасында эмдөөгө макул болгондордун саны көбөйдү.

Алардын бири Алматы шаарынын тургуну Забрият Фатуллаева. Анын 11 жаштагы кызы эмдөөдөн өткөн. Фатуллаева мектепте өткөн түшүндүрүү иштерине карабай саналуу гана ата-эне баласын эмдетүүгө макул болгонун белгиледи:

"Кызымдын классташтарынын көбү баш тартты. Кызымда да бир аз тынчсыздануу болду. Мен аны колдоого аракет кылып, эмдөө эмне үчүн зарыл экенин жайбаракат түшүндүрүп, эл аралык тажрыйбаны айтып, чогуу барууну сунуштадым. Баары абдан жакшы өттү. Алгач дарыгерлер балдарды текшерип, дене табын өлчөштү. Анан так биздин алдыбызда муздаткычтан вакцинаны алып чыгып, ампуласы ачылбай турганын көрсөтүштү. Бир мүнөттүн ичинде эмдөө жасалды".

Эмдөө.
Эмдөө.

Забрият өзү дерматолог дарыгер. Ал эмдөө балдар үчүн гана эмес, чоңдор үчүн да зарыл коргоо чарасы деп эсептейт. Анын кызы вакцинанын биринчи дозасын 2024-жылдын ноябрында, экинчисин 2025-жылдын апрелинде алды.

"HPV тымызын таасир берген, тилекке каршы, жылма вирус. Ал оор илдетке чалдыктырып же өлүмгө алып келиши мүмкүн. Балдарды ушундай коркунучтан коргой турган мүмкүнчүлүк берилип жатса кантип кайдыгер карайбыз? Казакстанга жеткирилген бардык вакциналарды ДСУ бекиткен, демек, алар коопсуз жана текшерилген",-дейт эне.

Жыл сайын 1600дөн ашык аял жатын моюнчасынын рагына чалдыккан Өзбекстанда HPV вирусуна каршы эмдөө 2019-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бирок алты жыл өтсө да статистика жана медициналык сунуштарга караганда ага байланыштуу мифтер арбын. Алардын бири - вакцина тукумсуздукка алып келет. Мындай сөз ата-энелер арасында тез эле тарап, көбү эмдөөдөн баш тартууда.

Ташкенттин тургуну 38 жаштагы Дилноза бир нече жыл мурун кызын эмдетүүдөн баш тарткан.

"Кызым 11ге чыкканда мектепте эмдөө өнөктүгү башталды. Мен гинекологдор менен кеңештим - бири эмдөө рактан сактайт деп ырастаса, экинчиси: "Бир оорудан коргонууга аракет кылып жатканда экинчисин ойготпо" деп эскертти. Вакцина кызды эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп башка апалардан да уккам. Ошондуктан коркконумдан баш тарттым",-деди ал.

Мугалимдер жыл сайын эмдөө тууралуу эскертип жатканы менен Дилноза дагы деле даяр эместигин айтууда.

Жакында эле бишкектик Айгүл 11 жаштагы кызын эмдөөдөн өткөрүүгө макул болду.

"Акыры көбү кыздарын HPVге каршы эмдетүүгө макул болду окшойт. Интернетте баштагыга караганда маалымат көп. Мурун HPV бар экенин жана ал эмнеге коркунуч туудурганын аз эле адам билчү. Азыр көбүрөөк маалымат бар. Эмдөөнүн эч кандай терс таасирлери болбойт деп ишенебиз. Кызым далысы ооруганын айтты. Бирок бир күндөн кийин жакшы болуп калды".

"Эгер мурда эмдөө болгондо..."

Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы Тажикстанга бир кезде мүмкүн болушунча көп кыздардын ден соолугуна жана бейпил келечекке мүмкүнчүлүк алышы үчүн HPV вакцинациясын жайылтууга ишенич чоң.

Ал эми макалабыздын башындагы каарман Гүлпери узакка созулган оор дарылоодон кийин азыр ремиссияда. Скрининг, өз убагында текшерүү, дарыгерге көрүнүү, ошондой эле HPV эмдөө - мунун баары ооруну алдын алуу үчүн маанилүү экенин ал жакшы түшүнүп калды.

"Азыркы кыздар бактылуу, аларда вакцина алуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер бала кезимде бул нерсе болгондо, балким, мен мунун баарын баштан өткөрбөй калмакмын. Мындай мүмкүнчүлүктөн баш тартуу ден соолуктан баш тартууга барабар."

Макаланы даярдагандар: Гули Хажаева, Болот Колбаев

1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган Алматыдагы эстелик.
1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган Алматыдагы эстелик.

Казакстандын он чакты шаарында саясий репрессиялардын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өткөрүүгө уруксат берилген жок.

Жергиликтүү бийлик акцияга уруксат сурап кайрылган активисттерге түрдүү себептерди айтып, аянтча берүүдөн баш тарткан. 31-майда эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө оппозициялык маанайдагы активисттерге эле эмес, бийликке ыктаган кыймылдарга дагы уруксат берилген эмес.

Алты шаардагы акимчиликтин жообу

Казакстандын башкалаасы Астананын акимчилиги 31-майдагы жөө жүрүшкө уруксат берген жок. Шаар бийлиги активисттер Эльвира Бекзадинага жана Амангелди Жахинге тынч жыйын өткөрүүгө уруксат берген эмес. Башында эскерүү иш-чарасы өтө турган аянтча (Бекзадина кайрылуусунда Жазуучулар гүлбагынан Шакарим Кудайберди уулу көчөсүндөгү скверге чейинки жолду көрсөткөн) бош эмес экенин жүйө кылган. Экинчи жолку кайрылууга акимчиликтен “жазылган арыз туура эмес толтурулганын жана жөө жүрүш өткөрүү үчүн белгиленген багыттар талапка жооп бербесин” көрсөткөн.

Казакстандын башка шаарларындагы активисттер дагы ушул сыяктуу эле жоопторду алышканын айтып жатышат.

Алматы шаарынын акимчилиги активисттердин жөө жүрүш өткөрүү боюнча эки жолку кайрылуусуна тең уруксат бербеди. Анын себептерин дагы түшүндүргөн жок.

Павлодарда жөө жүрүшкө уруксат берилбеген себебин “оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы” менен түшүндүргөн.

Өскемен (Усть-Каменогорск) шаардык администрациясы “иш-чаранын уюштуруучусу өзү тууралуу жеке маалыматтарды берүүдөн баш тартканын” айткан.

Петропавл шаарынын бийлиги активисттер кайрылуусунда “тынч жыйын өткөрүүнүн регламентин кошпогонун” жүйө тартып, уруксат берген эмес. Ушундай эле жүйө менен Чымкенттин акимчилиги дагы иш-чараны өткөрүүгө тыюу салды.

Семейде Taza Qazaqstan деген акция өтүп жаткандыктан жөө жүрүш кылууга мүмкүн эместигин айтып, жооп беришкен. Актөбөдө дагы чарбалык иштерге шылташкан. Карагандада аянт бош эместигин айтышса, Уралда дагы жөө жүрүшкө уруксат берилген жок.

Акция уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккандардын көбү бийликти сындап жүргөн активдүү жарандар, айрымдары түрдүү себеп менен кармалып, административдик жазага тартылгандар. Маселен, Эльвира Бекзадина 2024-жылы “коопсуздук кызматкеринин талабына баш ийген эмес” деп айыпталып, 250 доллар айып пул төлөгөн. Ал “Токаевдин беш жылдык президенттигиндеги беш жетишкендик” деген суроо менен Астананын көчөлөрүндө сурамжылоо өткөрүп жаткан учурда кармалганы айтылган.

Ушундай эле "бейбаштык, бийлик өкүлүнө баш ийбөө" деген айып менен активист Амангелди Жахин дагы бир жыл мурун 15 суткага камалган. Полиция маалыматында Жахин “Алга Казакстан” оппозициялык партиясынын документтерин тапшырганы үзөңгүлөштөрү менен чогуу келип, “имараттан чыгып кеткиле деген талаптарды аткарган эмес” деп кабарланган. "Алга, Казакстан" партиясынын демилге тобунун мүчөлөрү Юстиция министрлигине келип, каттоого туруу өтүнүчүн беришкен. Андан кийин мекеменин коомдук кабылдамасына барышкан. Полиция ошол учурда 102 номуруна "иштөөгө тоскоолдук жаратып жаткан адамдар тобу" тууралуу чакыруу келип түшкөнүн билдирген эле. Бул партияны 2022-жылдын май айынан бери каттабай жатышат. Активисттер муну саясий негизде десе, министрлик документтерден ката кеткенин айтып келет.

Казакстанда оппозициялык активисттерге тынч жыйын өткөрүүгө уруксат бербөө кадимки көрүнүшкө айланды. “Активисттер экстремист эмес” тобу билдиргендей, 2020-жылдын 30-июлунан 2025-жылдын 19-майына чейин өлкөнүн 22 шаарында жана калктуу конуштарында ар кандай деңгээлдеги 700дөн ашык тынч жыйын, жүрүш жана митинг өткөрүүгө уруксат берилген эмес. Жыл башынан бери эле 14 кайрылууга тескери жооп келген.

Алматы шаарында жашаган жарандык активист Алнур Ильяшевдин пикиринде, Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү өлкөнүн тоталитардык өтүмүшү болгону менен эксперттер азыркы казак бийлигинин дагы авторитаризмге жол берген учурларын белгилеп жүрүшөт.

“Казакстандын бийлиги азыркы саясий репрессиялар тууралуу фактыларды канчалык четке какпасын, ал баарына ачык эле көрүнүп турат. Канча саясий туткун бар! Тилекке каршы, алардын саны азайбай жатат. Бийлик менен эч кандай диалог жок”,- деди Ильяшев “Настоящее время" телеканалына курган маегинде.

Казакстандык укук коргоочулар түзгөн "саясий туткундардын" тизмесинде бүгүнкү күндө 30га жакын киши бар, алар белгилүү активисттер, журналисттер, оппозиционерлер.

Бийлик Казакстанда саясий куугунтук да, саясий туткундар да жок экенин айтып келет.

Репрессия темасы табуга айланабы?

31-майда эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө оппозициялык маанайдагы активисттерге эле эмес, бийликке ыктаган кыймылдарга дагы уруксат берилген эмес.

Казакстан калкынын ассамблеясынын (президенттин алдындагы конституциялык орган) курамына кирген этномаданий бирикмелердин биринин өкүлү “Азаттык Азияга” билдиргендей, аларга репрессия курмандыктарына арналган эстеликтерге гүл коюу дагы “сунушталбаганын” айтышкан. Совет доорунда ата-бабалары Казакстанга сүргүнгө айдалып келгендердин эскерүү иш-чаралары тууралуу кеп да болгон эмес.

“Баарыбызга репрессия темасына арналган эскерүү иш-чараларынан жана маалыматтарды жарыялоодон кармануу сунушталды. Бул чечимди Казакстан калкынын ассамблеясынын 30 жылдыгы менен түшүндүрүштү. Быйыл майрам, ошондуктан кайгырып-капаланууга болбойт дешти”, — деди бирикменин ысымын ачык айткысы келбеген өкүлү.

“Азаттык Азия” Казакстан калкынын ассамблеясына бул боюнча кайрылып, бирок жооп ала алган жок.

Этномаданий бирикмедеги булактын айтымында, казак бийлигинин эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат бербей жатышы Москванын басымына байланыштуу болушу мүмкүн. Акыркы жылдары Орусия репрессиялар тууралуу айрым оңтойсуз тарыхый маалыматтарды көз жаздымда калтырууну эп көрүүдө. Сталинди актоо жана анын саясатын туура деп көрсөтүү аракеттери 2022-жылы Орусия Украинага бастырып киргенден кийин күчөдү.

Расмий Астана акыркы жолу репрессия курмандыктарын эскерүү иш-чарасын дал ошол 2022-жылы өткөргөн. Анда президент Касым-Жомарт Токаев борбор калаадагы 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар коюп жатат. 2022-жылдын 31-майы
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар коюп жатат. 2022-жылдын 31-майы

2023-2024-жылдары 31-майда президент Токаев Алматыга жумуш сапары менен келген. Окумуштуулар менен жолугушууларда репрессия темасын козгогон эмес. Ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында репрессия тууралуу билдирүүлөрдү жазган. Өткөн жылы X платформасына “мамлекет жазыксыз жерден репрессия курмандыгы болгондор боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, тарыхтын кайгылуу барактарын калыс жана тыкыр изилдөөгө өзгөчө көңүл буруп жатканын” жазган.

Казакстанда Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү 1997-жылдын 31-майынан тарта белгилене баштаган.

Казакстанда совет бийлигинин күчтөп коллективдештирүү саясатынын кесепетинен улам болгон ачарчылык, репрессиялар эки миллионго жакын кишинин өмүрүн алган. 1921-1954-жылдардагы репрессиялардан Казакстанда 100 миңдей киши “эл душманы” катары жоопко тартылып, алардын 25 миңи атылганын тарыхчылар белгилеп жүрүшөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG