Кыргыз-тажик чек арасы расмий ачылганы эки айдан ашса да чек арадагы базарларда соода солгун. Тажикстандын Исфара шаарындагы “Чоркух” базарында мурункудай Кыргызстандан барган кардар байкалбайт. Чек аранын бул тарабындагы “Арка” базарына деле коңшулар сейрек каттайт. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы базар аралап келди.
Борбор Азия
Орусия менен Украина бири-биринин аймактарына чабуулун улантууда. Бейшембиде Москвада жана башкалаага жакын жерлерде бир нече аэропорт убактылуу жабылды. Ош шаарынын казысы, дагы бир диний кызматкер кармалды. Атайын кызмат казыятта такай мыйзамсыз акча чогултулган деп айыптады. Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев эмне үчүн өлкөдөн чыга албайт? Ушундай эле чектөөгө камалып, кийин акталып чыккан журналисттер дагы кабылганын айтышты. 20 жылдан бери мугалим болуп иштеген, беш балалуу аял батирге муктаж. Мугалимдер менен дарыгерлер мамлекетик ипотекага кантип илинет?