Абактагы активист Тилекмат Кудайберген уулунун 4-сентябрдагы соту болгон жок. Соңку отурумдарда күбөлөр суралууда. Маселен, экс-депутат Нуржигит Кадырбеков, медиа эксперт Илим Карыпбеков, саясатчы Бектур Асанов жана башкалар көрсөтмө берди. Кудайберген уулу менен аларды эмне байланыштырат?
Кыргызстандын парламенти жайкы каникулдан кайтып келип, ишин баштады. Мунун алдында спикер Маматалиев жергиликтүү басылмага маек куруп, сентябрь соңуна чейин президенттик шайлоонун датасын бекитип берүү милдети турганын айтты.
Бишкек дүйнөлүк лидерлер жолугуп, глобалдык маселелер талкууланган дипломатиялык аянтчага айланды. Украинадагы беш жылга аяк баскан согуш жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Бишкекте эмне сөз болду? Саммиттин Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн мааниси, салмагы кандай?
Кезинде “Борбор Азиядагы демократия аралчасы” деп таанылган Кыргызстан 35 жыл ичинде бир топ олуттуу сыноолорду башынан өткөрдү. Азыркы бийлик өлкө эми гана өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып, соңку жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мисал тартып келүүдө.
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн эки айылдын тургундарына жарандык берүү жараяны башталды. Эки эксклавды алуу үчүн Кыргызстан да кошуна өлкөгө “теңме-тең” жер бергенин билдирген. Кайсы жерден, кандай тилке берилгенин жарыялай элек.
Чолпон-Атада 31-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлеринин бейформал жолугушуусу болду. Ал Украинадагы согуш күчөп, Орусияда мунай базаларына жасалган украиналык дрон чабуулдарынан улам аймактагы бир катар өлкөлөр бензин кризисине кириптер болгон учурга туш келди.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуулардын жыйынтыгында 12 документке кол коюлду. Эки коңшу өлкө ортосунда союздаштык мамиле жөнүндө келишим түзүлүп, Мирзиёевге биринчи даражадагы "Манас" ордени тапшырылды.
Февралда Камчыбек Ташиев иштен алынганда УКМКнын дарегине көп доомат коюлуп, реформа чакырыктары айтылган. Улуттук коопсуздук органын 20дай киши жетектеди. Көпчүлүгү кызматтан чуу менен кетип, кийин жоопко тартылган учурлар болду. “Азаттык” атайын кызматты жетектеген төрагалар тууралуу айтып берет.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуулардын жыйынтыгында 12 документке кол коюлду. Эки өлкө ортосунда союздаштык мамиле жөнүндө келишим түзүлүп, Мирзиёевге биринчи даражадагы "Манас" ордени тапшырылды.
Айдоочулар май куюучу жайларда дизелдин тартыш болуп жатканына тынчсызданууда. Айрым жайларда атайын талон менен гана сатылып жатса, кээ бирлери такыр эле дизель жок деген жазууну илип койгон. Жүк ташуу, кайра иштетүү, курулуш жана башка кызмат көрсөтүүлөрдөгү техниканын көбү дизель отунун жагат.
Кыргызстанда айдоочулар май куюучу жайларда дизел тартыш болуп жатканына тынчсызданууда. Айрым жайларда атайын талон менен сатылып жатса, кээ бирлери дизел деген жазууну илип койгон. Өлкөдө жүк ташуу, кайра иштетүү, курулуш жана башка тармактарда техниканын көбү дизел пайдаланат.
УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты. ИИМ аны “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кармап, мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтиргенин билдирген.
Жемкорлукка шектелип кармалган экс-депутат Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты. Бөгөт чарасын караган соттун баштапкы чечими менен тергөө абагына жөнөтүлгөн саясатчы ал жакка барбаганы, кармалгандан бери милициянын убактылуу жайында эле отурганы өткөн аптада белгилүү болуп, бул тема талкуу жараткан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат Шаирбек Ташиевди тергөө абагына камоого чечим чыгарган. Бирок ал үч айдан бери милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат. ИИМ муну тергөө уланып жатканы менен түшүндүрдү. Шаирбек Ташиев УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.
Бишкектеги "Мадина" базарындагы соодагерлер жаңы соода борборунан чоң акчага орун сатып алууга мажбурлап жатышканын, ал жакта шарт жоктугуна нааразы. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев кырдаалды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирген. "Мадина" базары 1-августтан тарта жабылат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандагы күйүүчү майдын тартыштыгы, баанын өсүшү, кошумча багыттар, инвестициялык саясат, чет элдик инвесторлорго шарт түзүү жана жерди ижарага берүү, Кытай темасы боюнча "Азаттыкка" маек курду.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун чет элдиктер тууралуу "жалган маалымат" тараткандар "жооп берип, камалары" жөнүндөгү билдирүүсү талкуу жаратты. Ал жарыялаган тизмеде белгилүү укук коргоочулар, юристтер жана саясий серепчилер да бар.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун чет элдиктер тууралуу "жалган маалымат" тараткандар жөнүндөгү билдирүүсү талкуу жаратты. Ал "жооп берип, камаларын" эскерткен тизмеде таанымал укук коргоочулар, юристтер жана саясий серепчилер да бар.
Дагы жүктөңүз