"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
АКШ жана Орусиянын делегациялары Эр-Риядда жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптын чыңалган мамилелерин жакшыртуу жана Украинадагы согушту токтотуу жолдору талкууланары кабарланган. Киев жана Еврошаркет бул жолугушууга чакырылган эмес.
12-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Орусиянын мамлекет башчысы, андан кийин Украинанын лидери менен телефондон сүйлөштү. Трамптын айтымында, Владимир Путин да, Владимир Зеленский да тынчтыкты кааларын билдирген.
Орусияда мигранттардын банк карталары бөгөттөлө баштады. Кремлдин жаңы реестрине кирип калган мигранттар эмне кылышы керек? Орусияда мигранттарды тескеген жаңы режимдин кесепети кандай? Кыргыз бийлиги өз жарандарына кандай жардам бере алат?
“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынакка көрсөтүлгөн талапкерлердин бейнесин сунуштайт. Санжар Абаев - ат чабыштан Польшанын бир нече жолку чемпиону, Европада жылдызы жанган чабандес.
Украин өкмөтү жана бейөкмөт уюмдар орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борборазиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлады. Украинадагы борборазиялык согуш туткундары кантип орус армиясынын катарына кошулуп калган? “Биз жана дүйнө” берүүсүндө туткундардын таржымалына токтолобуз.
Кремль АКШ менен Украина маселесин талкуулап жатканын ырастады. Мунун алдында украин президенти Владимир Зеленский Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди.
Орус армиясынын Харьков облусунун Изюм шаарына жасаган соккусунан беш адам набыт болду, 30дан ашык адам жаракат алды. Өткөн түнү Орус армиясы кайрадан Киевди дрондор менен бутага алды. АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге берилген аскердик жардамдын ордуна Украинадан сейрек металлдарды сурады.
Трамптын чечими менен Канададан жана Мексикадан импорттолгон бир топ товарга 25% бажы тарифтери киргизилди. Мындан тышкары Кытайдан АКШга ташылган товарга да буга чейинки тарифтердин үстүнө дагы 10% бажы алымы кошулду.
Орусиянын армиясы фронтто Покровск багытында чабуулдарын күчөттү. Орус күчтөрү Донецк облусундагы маанилүү байланыш борбору деп саналган шаарды жарым жылдан бери өз карамагына алуу аракетин көрүп келет. Ал арада Украинанын Одесса облусу дрон чабуулуна кабылды.
Газада ок атууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишим аткарыла баштады. Бул макулдашуу тилкеде тынчтыкты орното алабы? Тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди кандай тобокелдик тооруп турат?
Кытайдын DeepSeek компаниясынын ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасы дүйнөлүк технологиялык компаниялардын акцияларын олку-солку кылды. DeepSeeктин жаңы чат-боту АКШ менен Кытай ортосундагы жасалма интеллект жаатында атандааштыкты дагы күчөткөндөй болду.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн Мексика менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, CBP One тиркемеси иштебей калды. "Азаттык" ушул тапта Мексикада жүргөн айрым кыргыз жарандары менен байланышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда инаугурациядан кийин дароо мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого киришти. Америкадагы кыргызстандык мигранттарды бул чечимдер канчалык түйшөлтөт? Трамптын алгачкы кадамдары дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Орус армиясы Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. Фронттогу кырдаалга көз салган украиналык DeepState долбоорунун маалыматына караганда, Курахово шаарынын батыш ыптасында салгылашуу жүрүп жатат.
Сирияны 50 жылдан ашуун башкарган Асад үй-бүлөсүнүн режими кулады. Башар Асад өзү Москвадан башпаанек алды. Эки жуманын ичинде чагылгандай тездик менен чабуул коюп, баш калаа Дамаскка көзөмөлүн орноткондор ким? Эми Сириянын тагдыры эмне болот?
Грузия кайрадан толкундоолордун кучагында. Евроинтеграцияны колдогон тынч демонстранттар менен полиция кагылышып келатат. Президент менен өкмөттүн тиреши уланууда. Азыркы кризис эмне менен аяктайт?
Орус атуулдугунан кол жууган ондогон мигранттын арасында кыргызстандыктар да бар. Жаңы талаптардын максаты эмне? Орусия муну менен мигранттарды Украинадагы согушка салууну көздөйбү? Мындай чектөөлөрдүн кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
Орусия Курск облусунан украин күчтөрүн сүрүп чыгарууга түндүк кореялык аскерлерди салып жатканы кабарланды. Москва эмне себептен чет элдик контингентти согушка салууга мажбур болду? Түндүк Кореянын кызыкчылыгы кандай? Бул Украинадагы уруштун нугун канчалык өзгөртө алат?
Америкалыктардын тандоосуна кандай факторлор таасир этти? Бул жолку шайлоо эмнеси менен өзгөчөлөндү? Эми өлкөнү жана дүйнөнү кандай өзгөрүүлөр күтүшү мүмкүн? Трамптын мыйзамсыз миграция менен күрөшүү убадасы АКШга агылган мигранттарды, анын арасында кыргызстандыктарды канчалык түйшөлтөт?
Дагы жүктөңүз