2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.
Бул иш-чарага вице-премьер-министр Валерий Диль жана орусиялык “Русгидро” компаниясынын башчысы Евгений Дод катышты.
Кыргыз тарыхынын ачыла элек барактарын изилдеп, коомчулукка жеткирүү учурдун талабы. Бул тууралуу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен Тарых илимдерин өнүктүрүү комиссиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сөз болду.
Футбол боюнча “Кыргызстан кубогун” “Дордой” клубу жеңип алды. 11-октябрда Кант шаарында болгон финалдык беттеште "дордойчулар" Канттын “Абдыш-Ата” клубун 2:1 эсебинде утту.
Акыркы кездери Кыргызстанда өзүнө-өзү кол салгандардын саны көбөйүп, суицидге барган жаштар да арбын болууда.
Ушул күндөрү Түштүк Кореяда өтүп жаткан 17-Азия оюндары аяктап баратат. Өткөн эки жумада кыргызстандык спортчулар спорттун 21 түрү боюнча мелдештерге катышып, эки күмүш, төрт коло медалга ээ болушту. Айрым эксперттердин айтымында, калыстардын кыргыз спортчуларына калыс эмес мамилеси байгелердин аз болуп калышынын негизги себептеринен болду.
Түштүк Кореяда өтүп жаткан 17-азия оюндарында бүгүн үч кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшүп, тилекке каршы байгеге жетпей калды.
17-Азия оюндарында кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев коло байгенин ээси болду. Ал грек-рим күрөшүнөн 80 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште йемендик Хасан Мохаммедди утуп, бул сыймыкка татыды. Ал эми кыргыз мушкери Турат Осмонов жарым финалдык таймаштарда күч сынаша турган болду.
Түштүк Кореяда уланып жаткан 17-Азия оюндарынын алкагында бүгүн 32 топтом медал ойнотулду. Эркин күрөш, байдарка жана каноеде жарышуу, бокс, жеңил атлетика өңдүү оюндарга катышкан кыргызстандык спортчулар бул ирет байгеге илинбей калды. Буга чейинки оюндарда кыргызстандыктар 2 күмүш, 2 коло байгеге татыган.
Бишкектеги борбордук стадиондо өткөн “Легенда” кубогун Бишкектин “Алга” командасы жеңип алды.