"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Коронавируска каршы вакцина күтүлгөндөн эрте пайда болушу мүмкүн. Мындай божомолдору менен Оксфорд университетинин илимпоздору бөлүштү.
Праганын үч аткаминери, анын ичинде калаа мэри полициянын кайтаруусуна алынды. Буга Орусиянын чалгын кызматынын өкүлү делген адамдын үчөөнү ууландыруу үчүн Чехияга барганы тууралуу маалыматтар түрткү болду.
Жакында эле Орусиядагы таанымал алып баруучу Регина Тодоренко үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар тууралуу билдирүү жасап коомдун сынына кабылды.
Кошмо Штаттардын бийлиги ар бир салык төлөөчүгө 1200 доллардан, ал эми балдарга 500 доллардан бир жолку төлөнчү жардам көрсөтүп жатат. Ал кимдерге берилет? Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да ала алышабы?
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионат дагы өтпөй калды. Былтыркы чемпионатта күмүш медал тагынган казакстандык спортчу, кыргыздын жээни Элизабет Турсынбаева башкалардай эле карантинде.
Пакистанда бийлик коронавирустун жайылышын ооздуктай албай жатса да динаятчыларга каршы чыга албай, Орозо айында мечиттерде намаз окууга уруксат берди.
«Human Rights Watch» уюму УКМКнын “жалган маалымат таркатты" деген жүйө менен бир нече адамды кечирим суратканын сынга алган.
97 миллион калкы бар Вьетнам Кытай менен чек аралаш жайгашкан. 22-апрелге карата бул өлкөдө коронавирустан бир да киши каза тапкан эмес, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны үч жүзгө жетпейт.
Айнура Айтуварова АКШнын Огайо штатындагы «Betheda North Hospital» ооруканасында лабораторияда иштейт. Ал коронавирустун белгилери бар деп шек саналган адамдардан тест алат.
Түркияда, Орусияда жана Кошмо Штаттарда COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйүп баратат. 20-апрелден тартып Европанын бир катар мамлекеттери коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдү жумшарта баштады.
Швеция - коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөө киргизбеген Европадагы жалгыз мамлекет. Анын баш калаасы Стокгольмдо жашаган журтташыбыз Алтын Абдрахманова Швециядагы азыркы абал тууралуу «Азаттыкка» айтып берди.
Пакистанда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөргө баш ийбеген ашынган динчилдер бийликти беймаза кылууда.
Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирустан каза тапкан бир да адам жок экенин билдирди.
Пандемияга байланыштуу Пакистандын 220 миллиондой калкынын жарымы карантинге алынып, күнүмдүк жашоону катуу чектеген тартип элде нааразылык жаратып, ага каршы чыккандар бийликти беймаза кылууда. Буга үч фактор - динчилдер, салт-санаалар жана экономикалык каатчылык түрткү болуп жатат.
Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу коронавирустан өлгөндөр Германияда аз. Мунун себеби эмнеде? «Азаттыктын» ушул жана башка суроолоруна Хекстер шаарында реаниматолог болуп иштеген Аскат Түркбаев жооп берди.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу «Азаттык» күн сайын чет жактагы кыргызстандыктар менен байланышып, алардан кабар алып жатат.
Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук күч алды. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш билдирди.
Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 5-апрелге карата 252 миңге чукулдады. Ооруну жуктуруп алган бир миллиондон ашуун адамдын 66 миңдейи көз жумду. АКШнын президенти алдыдагы эки жума баарынан оор болорун эскертсе, Испанияда бул илдеттен өлгөндөрдүн саны азайып баратат.
Нью-Йорк шаарында жашаган кыргызстандыктан коронавирус табылганын «Азаттык» радиосуна аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын координатору Бекзат Молдобаев билдирди. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул маалыматты тактап жатканын кабарлады.
Сауд Арабиясы дүйнө мусулмандарын кырдаалга байланыштуу ажылык сапарын пландабай турууга чакырды.
Дагы жүктөңүз