"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
16-сентябрда Сеулда Түштүк Корея-Борбор Азия саммити өттү. Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды
16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты.
Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоого кызматта туруп талапкер катары катыша алабы? Боршайкомдун жообу.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаттары “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылды. АКШ президенти Трамп Украинага жаңы талап койду, Орусиянын дрону Польша менен чек арага жетти. Улуттук банк инфляциянын деңгээли 11% ашканын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленскийди Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго сокку урууну токтотууга чакырды. Анын айтымында, украин дрондорунун чабуулдары Орусияда дизел тартыштыгын жаратып, дүйнөлүк рынокко да зыянын тийгизип жатат.
25 жыл мурда дүйнө адамзат тарыхындагы эң ири террордук чабуулдардын бирине күбө болгон. Дүйнөлүк тартипке таасир эткен апааттан кийин башталган терроризмге каршы согуш миңдеген чакырым алыстагы Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды кандай өзгөрттү?
Бул жолу Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы Таласта белгиленүүдө. 2030-жылга чейинки улуттук программада эмне камтылган? “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков президент Жапаровго кайрылып, сотту ачык өткөрүүнү сурады.
АКШ менен Ирандын ортосундагы алты айдан бери уланып келаткан согуш кайрадан курчуду. Вашингтон Ирандын беш мунай танкерин жок кылганын билдирди. Тегеран буга жооп катары Иорданиядагы америкалык базага жана Ормуз кысыгындагы АКШнын он кемесине чабуул койгонун жарыялады.
Садыр Жапаров жалган маалымат таратып, элди адаштыргандарга катуу чара көрүлөрүн дагы бир жолу эскертти. АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайра курчуду. Билим берүүнүн абалы кандай? Кыргызстан PISA-2025 эл аралык сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80-сапка чыкты.
АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайрадан курчуду. Вашингтон Ирандын беш мунай танкерин бутага алганын билдирди. Тегеран буга жооп катары Иорданиядагы америкалык базага ракета менен сокку уруп, Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган он кемеге чабуул койгонун жарыялады.
Кыргыз өкмөтүндөгү кадрдык өзгөрүүлөрдүн төркүнү эмнеде? IPHR уюму Кыргызстанда жарандык эркиндик чектелүү экенин белгиледи. Берлинде миңдеген адам оңчулдардын саясатта активдүү күчкө айлануусуна каршы акцияга чыкты. “Бишкек арена” стадиону 386 миллион долларга курулганы белгилүү болду.
Берлинде миңдеген киши ашкере оңчулдардын саясатта активдүү күчкө айлануусуна каршы акцияга чыкты. Анын алдында Саксония-Анхальт аймагындагы парламенттик шайлоодо “Германия үчүн альтернатива” партиясы добуштардын 44% алып, жеңишке жетти. Бул партия миграцияны токтотууну убада кылып келген.
Прокурорлор Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев баш болгон сегиз адамга тогуз жылдан абак жазасын сурашты. Трамптын администрациясынын чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Москвада Путин, Киевде Зеленский менен жолугушту.
Казакстанда 30 жылдан кийин кайрадан вице-президент деген жогорку мамлекеттик кызмат пайда болуп, аны 50 жаштагы Ерлан Карин ээледи. Анын талапкерлигин президент Касым-Жомарт Токаев өзү сунуштап, жаңы шайланган Курултайдагы 145 депутат дээрлик бир добуштан колдоду. Ерлан Карин ким?
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көз жумганына он жыл болду. Өлкөнү 27 жыл башкарган Каримовдун доору эгемен Өзбекстандын түптөлүшү, ошол эле учурда авторитардык башкаруу жана саясий куугунтук менен эсте калды.
Бишкек сотунда Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучу суралып бүттү. Өзбекстанды дээрлик 30 жыл башкарып, темирдей каардуу бийлик орноткон Ислам Каримов дүйнөдөн өткөнүнө 10 жыл болду. Казакстанга чет элдиктер ноябрдан тарта алдын-ала катталып туруп гана кире баштайт.
Орусиянын аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн кооптуу болуп калганы тууралуу украин бийлигинин билдирүүсүнөн кийин чет өлкөлүк жана орусиялык компаниялар Москвага жана Москвадан уча турган ондогон каттамын токтотту.
Орусияга учуу кооптуу болуп калдыбы? Бишкектен Москва жана Новосибирск шаарына каттаган учактар да кармалып жатканы белгилүу болду. Шаардык сот “75чилердин ишин” карап жатат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский эл аралык авиакомпанияларга Орусиянын аба мейкиндиги украин дрондорунун соккуларынан улам «толугу менен кооптуу» болуп баратканын эскертти. Орусиянын аба мейкиндигиндеги коопсуздук маселеси Кыргызстан үчүн да маанилүү.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин соңунда Бишкек декларациясы кабыл алынып, коопсуздук, экономика, транспорт жана климаттан тартып ондогон багыттарды камтыган 28 документке кол коюлду. Ал эми дүйнөлүк медиа Си, Путин, Моди жана Пезешкиан сыяктуу лидерлердин саммиттеги сөздөрүнө көңүл бурду.
Дагы жүктөңүз