Бул жылы 16-жолу уюштурулган иш-чарада коомдо аялдардын укуктарынын тебеленишин, зордук-зомбулукту айыптаган, сөз эркиндигин талап кылган жазуулар бар кагаздарды көтөрүп чыгышты.
Стамбул: аялдар укуктарын коргоп чыгышты
8-мартта Түркиянын Стамбул шаарындагы Таксим аянтында кырк миңден ашык кыз-келин жөө жүрүшкө чыкты.
1
Жөө жүрүш Стамбул шаарындагы тарыхый Истиклал көчөсүндө өттү.
2
Кырк миңге жакын кыз-келин Истиклал көчөсүн бойлой басышты.
3
16 жылдан бери өтүп келаткан феминисттердин жөө жүрүшүнө быйыл кошулгандар абдан көп болду.
4
Нөшөрлөгөн жаанга карабай үй-бүлөсү, балдары менен келгендер дагы болду.
5
Жүздөгөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер, туристтер катышкан бул жөө жүрүштүн басымдуу бөлүгүн аялдар түздү.
6
Уюштуруучулар аялдардын үнүн коомго жеткирүү максатын көздөштү.
7
Уюштуруучулар аялдарга карата зордук-зомбулукка, киши өлтүрүүгө каршы ураандар жана кыздардын билим алуусун талап кылган ураандар менен чыгышты.
8
Истиклал көчөсүндө дүкөндөрдө, мейманканаларда, ресторандарда иштегендер жөө жүрүштүн катышуучуларына тилектештигин көрсөтүп, аларга кошулушту.
9
Шаардык мэриянын уруксаты менен уюштурулган бул иш-чаранын коопсуздугун миңдеген полиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду.
10
Түркиянын Статистика комитетинин 2017-жылдын маалыматы боюнча, өлкөнүн 50.2% эркектер, 49.8% аялдар түзөт. Аялдардын 9.2% сабаты жоюлган эмес.
11
12