«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ушу тапта Жалал-Абад шаарында оппозициянын митинги өтүүдө. Уюштуруучулар 500дөй киши чогулганын, ал эми көз каранды эмес байкоочулар митингчилердин саны 200дөй экенин айтууда. Талаптар: Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселесин элдик референдум менен чечүү, шайлоо системасын өзгөртүү, сот реформасын аягына чыгаруу, реформа жүргүзүүгө жөндөмдүү өкмөт куроо, конституциялык реформа жүргүзүү.
4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Курманбек Бакиевди британиялык инвестор Шон Дейлиге кол салуу фактысы боюнча айыптуу деп тапты.
Оштогу лөлүлөр жашаган кыштак Жаңы-Маале деп аталат. Анда 4000 чамалуу лөлүлөр жашайт. Кыштактагы эркектер жалданып иштеп мандикерлик менен акча тапса, аялдары тилемчилик кылып, көчөдөн темир-тезек чогултуп жан багышат. Бейөкмөт уюмдарда иштеген, айылдык кеңеште депутат болгон, жер тытып, маршрутка айдап, жеке ишкерлик кылган лөлүлөр деле бар. Лөлү жаштарынын арасында деле башкалардай билим алып, кызматта иштөөнү кыялдангандар бар.
Жаз келгени жашыл базарлардын соодасы кызып, көк чөп саткандар пайдага марып жаткан кези. Азыр кышы бою сатылчу бадыраң, помидор, капуста, пияз сыяктуу жер жемиштердин жанына эми сарымсак баштаган жапайы чөптүн жайнаган түрү кошулду. Жергиликтүүлөрдү витамин таңсыктыгынан куткарып жаткан Ош шаарындагы көк чөп базарына кабарчыбыз Ыдырыс Исаков барып келди.
Ош шаарындагы бүгүнкү Нооруз майрамы толугу менен балдар майрамы болгондой. Оштун парктарында, борбордук аянтында, ар улуттун өкүлдөрү балдарын жетелеп чыгып майрамдык шаӊ менен жүрүшөт. Парктардагы селкинчектерде кезек күткөн эле эл. Оюнчук жана жеӊил тамак саткандардын соодасы абдан кызыган.
Ош: үй-жайы жок лөлүлөр
Жума күнү Ош шаарындагы Бабур театрында жергиликтүү өнөрпоздор “Достук” концертин тартуулашты. Маданий иш-чараны “Ынтымак” телерадиокомпаниясы уюштурду. Концертке өлкөнүн түштүк аймагында чыгармачылык менен алектенген түрдүү улуттун өкүлдөрү катышты.
УКМК терроризмге шектелип кармалып жаткандар менен тааныштырды
Ош: короз гладиаторлордун таймашы
“Республика” фракциясынын бир топ депутаттары мамдирекция курган Оштогу үйлөрдүн абалы менен таанышып, сапатына канааттанбаганын билдиришти.
Бөрү баласын өзүнө иттей имере алган дүйнөдөгү эки кишинин бири - Ошто жашаган Аман Патышев. Ал 1987-жылдан бери бөрү багат. Анын колунда азырынча жалгыз карышкыр Акбара бар. Ал али бир жашка да чыга элек, 11 айга эми толгон. Жанындагы сары иттин аты Алесия. Аман аке бул экөөн достор деп коет. Аман аке Акбарага татыктуу жигит таап, андан 50% ит, 50% бөрү болгон аргын алууну пландап отурат. Ал бөрү баласы ит болбойт дегенге түк ишенбейт. Анткени 35 жыл ичинде отуздан ашык бөрү багыптыр.
Ош шаарында Сирияда аскердик даярдыктан өткөн террордук топтун мүчөлөрү делген алты адам кармалып, сурак берүүдө.
Телеканалдын жамааты 3-февралда УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн алдына чыгып, ОшТВга басым жасалып жатканына нааразылык билдиришти.