«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Башкы прокуратура 8-августта Оштогу көпүрө курулушу боюнча кылмыш иши Ош шаардык сотуна өткөрүлгөнүн кабарлады.
Ош шаарында чолок шым кийип мечитке киргени үчүн Жыргал Абдимомун уулун сабаган адам камактан бошотулду.
Ошто мечитке чолок шым кийип баргандыгы үчүн токмок жеп ооруканага жаткан жигит көк боорунан айрылды.
4-августтан баштап, жол эрежесин бузгандарга жаза катаалдайт, тиешелүү мыйзамга президент кол койгон. “Айып пулдун көтөрүлүүсү, жол кырсыгын азайтабы?” деген суроо менен Кыргызстандын тургундарына микрофон сундук.
18-июнда Ош облустук сотунда милиция кызматкеринин өлүмүнө себепкер болгон айдоочу Уларбек Амановдун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Күмүшбек Ыбыкеевди жабыркаган тараптын өкүлдөрү сабады деген маалымат тарады.
Ош-Эркеч-Там жолун 27-майдан бери бууп тургандар менен бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн натыйжа чыккан жок. Жол буугандардын өкүлдөрү учурда премьер-министр менен жолугуу үчүн Бишкекке келгени кабарланууда.
Бир нече күндөн бери Ош – Эркеч-Там жолун камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууп турганына байланыштуу "Азаттык" Бишкек жана Ош тургундарына “Жол тосуу менен маселе чечилеби?” деп суроо узатты.
Жеӊишбектин операциясына каражат топтолууда
Кол салууга кабылган ишкер Жеӊиш Садиевдин Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго тууган экени окуяга саясий түс берүүдө.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкент көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин түшүндүрө элек. "Азаттыктын" кабарчысы Ош шаарынын тургундарынын бул боюнча пикирлерин укту.
Кыргыз өкмөтү салык мыйзамына өзгөртүү киргизип, жаңы курулуп пайдаланууга берилип жаткан турак-жайлардан алынуучу салыкты өзгөртүүнү сунуштоодо.
"ОшМУ периси 2014" сынагына 11 сулуу катышып, Дубай шаарына эс алуу жолдомосун медицина факультетинин студенти Аида Бекова утуп алды. Калган катышуучулар Ысык-Көлдө эс алуу жолдомосун утушту.
Ошто көчөдө ойноп жүрүп жоголгон төрт жашар кыздын жансыз денеси жол боюндагы капкагы жок кудуктан табылды.
Ош шаарынын борбордук базары 2010-жылдагы июнь окуясынан бери өзүнө келе албай жатат. Базардын бир бөлүгү иштеп атканы менен эт, жашылча, дан жана шириндик базарлары иштей албай келет. Ошол эле учурда Борбордук базардын эки капталынан өткөн Кара-Суу жана Ленин көчөлөрү кадимкидей базарга айланып кеткен эле. 22-апрелде Ош шаардык мэриясы жол боюндагы башаламан соода жайларын 2010-жылдан бери иштебей жаткан борбордук базарга көчүрдү.
Алайдагы жылан топтолгон мектепте бүгүн Илимдер академиясынын адистери сойлоп жүрүүчүлөрдү кетирүү чараларын көрө баштайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ал жерде 145 окуучу билим алат, 20 мугалим эмгектенет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектепти убактылуу жапкан.
Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлорунун бири “Билайндын” кызматынан пайдалануу үчүн бирдик жүктөө акысы кымбаттаганы керектөөчүлөрдүн нааразылыгын жаратууда.
Максим Кротов аттуу орусиялык инвестор Ош ТВны сатып алгандыгы тууралуу кабар аталган каналдын электрондук дареги аркылуу жарыяланды.
Оштогу курулушу токтоп калган көпүрөнүн айланасында кыймыл жандуу. Ар ким алына жараша соодасын кылып, бири эртеден кечке термоско демделген чайын сатса, дагы бири уйдун шыйрагын тазалап көчөгө алып чыгат. Башкасы кадимкидей эле Кытайдын кийимин жол боюна жая салат. Жолдогу чаӊды сапырылта зуулдаган таксилердин да жаны тынбайт.
“Билайн” операторунун кызматын пайдалангандар 1-апрелден баштап бирдик жүктөө үчүн кошумча акча төлөй баштады. Компания болсо бааны көтөрбөгөнүн, бул ортомчу агенттиктердин иши экенин айтууда.
Дагы жүктөңүз