«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Айрым эл өкүлдөрү Кыргызстанда майрам күндөрүн кыскартууну сунуштап жатышат. Буга алар өлкөдөгү эс алуулардын көбөйүп кеткенин жүйө келтирүүдө. Азыр Кыргызстанда 13 майрам өлкө боюнча расмий белгиленип, ал 20 күндөй эс алуу менен коштолот.
Мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал мындан эки жыл мурун Кыргызстанга чыккынчылык кылган деген айып менен кармалган.
Аймактардагы ойлоп табуучулуктун аркасы менен чарба жүргүзгөндөр тууралуу "Азаттыктын" баяндар топтомунан тааныша аласыз.
Ош шаарында өз кесибин баалап, бапестеп келаткан кесип ээлеринин бири - 33 жаштагы темир уста Алишер. Ал темирден кооз буюмдарды жасап, эл оозуна алына баштады. Устанын колунан чыккан буюмдар шаардын көчөлөрүнө жаңыча көрк кошуп жаткан кез.
Басма сөзү салыштырмалуу эркин деп эсептелген Кыргызстанда эки миңден ашык маалымат каражаты каттоодо турат.
Кыргызстанда быйыл орто мектепти 62 миң окуучу бүтүрүп жатат, алардын 80-90 пайызы жогорку окуу жайына тапшырат.
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүн белгилөөнүн алкагында көп балалуу аялдарды жана чет өлкөдө ийгилик жараткан жаштардын апаларын сыйлап жатып адаттагыдай эле саясий билдирүү жасады.
Апрелдин аягынан бери Кыргызстандын бардык аймактарында шамал аралаш нөшөрлүү жаан басылбай, ал айыл чарбасына, тиричиликке кедергисин тийгизип, чыгымдарга кирептер кылууда. Жаратылыш түзгөн күтүүсүз кырдаал жана анын кесепеттери тууралуу "Азаттыктын" апта темасында сөз болот.
Өткөн жылы Ошто 125 миллион сомго курулган жол бир жылга жетпей бузула баштады. Кызыл-Кыя шаардык мэриясы курдуруп жаткан жолдор да аягына чыкпай эле четинен тешилүүдө.
10-апрелде жер титиреп, Ноокаттагы мектеп катуу жабыркаган. Бактыга жараша ал күн жекшембиге туш келип, окуучулар жабыркаган эмес. Бирок 1970-жылы курулган мектеп имараты окуучулардын өмүрү үчүн кооптуу абалда.
Кара-Суу шаарынын тургуну KICB банкына үч күнгө убактылуу салган ири суммадагы акчасын төрт айдан бери кайтарып алалбай жатат.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсеси Ош шаардык милициясын сотко берерин жарыялады. Буга айдоочулардын укугу, пост-териминал аркылуу айыппул төлөө эрежелери тууралуу өзбек тилиндеги маалымат баракчаларды шаардык милиция алып койгону себеп болгон.
Кыргыз-өзбек чегиндеги "Достук" чек ара өтмөгүнө жакын жашаган 34 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү маселеси чечилбей турат.
18-апрелдеги катуу жаандан Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы айрым айылдар электрсиз, жолсуз, суусуз калды. Бир нече үйлөрдү суу каптады. Мурунтан күтүлүп жаткан селди алдын алса болот беле?
Оштогу оорукчан балдарды калыбына келтирүү борборунун жерлерин мурдагы мэрлер мыйзамсыз сатканы аныкталды.
Ошто автотоктотмо жайлар шаар бюджетине дээрлик акча алып келбей "коррупциялык акырга" айланган.
Ошто башкаларга үлгү боло турган окуу жай бар. Студенттердин саны көп эмес. Окуу төлөмүнөн тапкан кирешеси да башкаларга салыштырмалуу аз. Бирок окуу жайдын өз студенттеринин ыңгайы үчүн түзгөн шарттары көздү күйгүзөт. Ал Ош гуманитардык-педагогикалык институту.
ИИМ жарандарга соттолгону же соттолбогону тууралуу маалыматтарды берүүнү автоматташтыруу долбоорун беш жылдан бери бүтүрө албай келет.
Ошто адвокаттар шаар прокурорунун иштен кетишин талап кылууда. Шаардык адвокаттар прокурор тарабынан ачык коркутуулар болгонун айтышса, прокурор ал дооматтарды четке кагып келет.
Дагы жүктөңүз