«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
29-апрелде Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, жети үйдү басып калды.
Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү астында алты үй-бүлө мүчөлөрү калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер көчкү басып калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын 11 балдар экени айтылууда. Он бир баланын бешөө мектеп жашына чейинки, алтоо окуучу болго
29-апрелде эртең менен 6:40 чамасында Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, жети үйдү басып калды.
Санкт-Петербургдагы жардырууга шектүү онунчу кишинин кандай шартта кармалганы бир топ суроолорду жаратты.
Ошто Кытайга каттаган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразылыгын билдиришүүдө.
Ошто Кытайга каттаган оор жүк ташуучу айдоочулар жана соодагерлер бийликке карата нааразылыктарын билдирүүдө. Соодагерлер Кытай визасын ала албай товарсыз калып, насыялары төлөнбөй жатканын айтса, айдоочулар кыргыз-кытай чек арасынан өтүүдөгү кыйынчылыктар чечилбей жатканына нааразы болушууда.
Зомбулукка кабылган аялдарга жардам берген Оштогу жалгыз кризистик борбор жабылганы турат.
Петербургдагы жардырууга айыпталып жаткан Жалиловду тааныгандар кичи пейил бала катары сүрөттөшүүдө.
Орусиянын тергөө комитети Санкт-Петербургдун метросундагы кандуу калабаны Акбаржон Жалилов ишке ашырганын тастыктады. Анын Ош шаарындагы туугандары Мамлекеттик коопсуздук кызматына сурак беришти, алар терактты Жалилов ишке ашырганына ишенишпейт.
Санкт-Петербург метросунда бомба жардырды деп шектелген адам 22 жаштагы Акбаржон Жалилов экени кабарланууда.
Кыргыз коомчулугу акчаны кантип табат жана аны кандай максаттарга жумшайт?
Ошто расмий бийлик уюштурган Нооруз майрамына бул сапар эл аз келди. Бирок Оштун айрым жерлеринде 22-мартта эл чогулуп, майрам уюштурду. Чогулган элдин айрымдары муну Нооруз десе, жергиликтүү бийлик сүннөт той деп атады.
Жергиликтүү өндүрүүчүлөр ички керектөөнүн 10% да камсыздай албай жатышат.
Оштогу соода жайларын Украина, Орусия, Казакстан, Беларус жана кошуна өлкөлөрдүн товарлары каптап калды. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр ички керектөөнүн жок дегенде 10% камсыздап бере албай жатат. Ички рынокту өңчөй импорт товарларына алдырып коюуга эмне себеп болууда?
Кыргызстандын аймактарында спорттун кайсы түрүнө көбүрөөк кызыгышат?
Кыргызстандык отуз айдоочу Кытайда төрт күндөн бери камалып жатат.
Ошто МПА май куючу станцияларынын биринин башчысы мыкаачылык менен өлтүрүлдү.
Оштогу облустар аралык наркологиялык борбордо Орусия грантына байланыштуу чыр чыкты.
Акыркы жааган калың кар көчкүлөр менен коштолуп, үч адамдын өмүрү кыйылды.
Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылдык кеңешинин 11 депутатынын дайыны чыкпай жатат.
Дагы жүктөңүз