Ооганстанда жогорку чыңалуудагы электр линиясын алып өтүү багыты өзгөрүшү хазар этникалык азчылыгынын нааразылыгын жаратты.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада теракт жасоону мерчемдеген топ кармалганын жарыялады.
Адам укугун коргоо боюнча эки эл аралык уюм - Human Rights Watch менен Норвегиядагы Хельсинки комитети биргелешкен билдирүүсүндө тажик бийлигин ар кандай себеп менен камалган төрт адвокат менен бир адвокаттын эки уулун тезинен бошотууну талап кылды. Аталган уюмдар тажик адвокаттары саясий негизде камалган деп эсептейт.
Жакында Түркияда басылып чыккан кыргыз адабиятындагы алгачкы роман – Мукай Элебаевдин “Узак жолу” түрк окурмандарынын кызыгуусун пайда кылды. Азыр жүз жылдыгы белгиленип жаткан кыргыз тарыхындагы каргашалуу окуя – Улуттук боштондук көтөрүлүш менен Үркүндү чагылдырган бул чыгарманы Түркиядагы журтташыбыз Майрамгүл Дыйканбаева которгон.
Кыргыз өкмөтү Совет заманынан бери Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектти толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алды. Маселе Кыргызстан эгемендик алган 25 жылдан бери чечилбей келе жаткан.
Бул өлкөдө "ов", "ова" деген мүчөлөр жалгашкан фамилияларга тыюу салынды. Жаңы мыйзамга ылайык, тажик фамилиялары эми "зод", "зода", "он" сыяктуу мүчөлөр менен аякташы керек.
Казакстанда жер сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы акциялар 1-май – Эл биримдиги күнүндө да уланды. Назарбаев ынтымагы жок эл Украинадагыдай абалга туш болорун эскертти.
Өлкө түндүгүндөгү Согдинин Спитамен районундагы Сарбанд айыл аймагы бир канча жылдан бери Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда талаш болуп келатат.
Орусияда 22 жылга соттолуп, абакта отурган украин учкучу Надежда Савченконун сиңдиси бейшемби күнү түштөн кийин мекенине кайтарылды. Вера Савченко бир күн мурда орус-украин чек арасында кармалган эле.
Казакстандын Актөбө жана Семей шаарларында кечээ жер сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы жүздөгөн адам катышкан митингдер өттү. Мындай митингдер буга чейин өлкөнүн башка шаарларында да болгон эле.
Ооган талиптеринин Катардагы саясий кеңсеси Пакистанга жиберген делегациясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу жолдорун издөө үчүн барганын четке какты.
Армян баш калаасындагы жарылуудан эки адам ажал таап, жети киши жаракат алды. Иликтөөлөрдүн алгачкы жыйынтыгы буга чейин айтылып жаткан теракт ыктымалдыгын четке какты.
Өзбекстанда дыйкандар менен багбандарга эми пахта талааларынын чекелерине, атүгүл бак арасына сабиз-пияз өстүрүү милдети жүктөлүүдө.
АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкө колдоо көрсөтүү максатында кошумча күч катары Сирияга атайын даярдыктагы кошумча 250 аскерин жиберет.
Кыргыз-өзбек чек арасында жер астынан казылган жашыруун өтмөктүн бир учу Баткендин Кыргыз-Кыштак айылынан табылды.
Ооганстандын баш калаасы Кабулда бүгүн жанкечтинин жардыруусунан жана аны коштогон ок атуулардан кеминде 28 адам ажал таап, дагы 300дөн ашуун киши жаракат алды. Чабуул үчүн “Талибан” кыймылы жоопкерчилик алды.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев жума соңунда Ташкентте эки күндүк расмий сапар менен болду.
Орусия президенти Владимир Путин бүгүн түз эфир аркылуу өлкө жарандарынын суроолоруна жооп берди.
Москвада соңку күндөрү борборазиялык мигранттарга болгон кол салуулар кыргыз мигранттарын да кооптондурууда. Орусия баш калаасында өткөн жуманын этегинде өзбек жана тажик жарандары жергиликтүү тургундардын ок атуусуна кабылып, жаракат алышкан эле.
Тажик парламентинин төмөнкү палатасы “Президенттин күнүн” белгилөө боюнча өкмөт демилгесин колдоду.
Дагы жүктөңүз