"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Климаттын өзгөрүшү дүйнөнүн эң орчун, анткен менен ага каршы көрүлүүчү чаралар биротоло макулдашыла албай жаткан көйгөйү.
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Украинанын уюмга кошулуу келечегин Таллиндеги жыйында талкуулашты. НАТО өкүлдөрү өз катарында Украинаны да көргүсү келерин баса белгилешкенине карабай, Киев мүчөлүк жараяндын расмий нугуна жакын арада түшө алчудай эмес.
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев мамлекет башчысынын бийлик мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартууну караган мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын кароосуна жөнөттү. Президенттин мындай кадамы Москвада күбүр–шыбыр кептерди жаратты. Медведев муну менен өз устатынын кайра Кремлге кайтып келишине жол ачып жаткан жокпу?
Акыркы айлар менен апталардагы окуялар Орусия Борбор Азиядагы аскерий турумун кеңейтүүнү көздөп жатканынан шек санатпай калды. Өткөн эки айда аймактын өлкөлөрү менен эки ирээт аскерий машыгуу уюштурду. Москва ошондой эле ушу тапта Борбор Азия өлкөлөрү менен Жамааттык кооопсуздук келишими уюмунун алкагында аймакта жайгаштырылуучу эл аралык күчтөрдү түзүү боюнча аракеттерди жетектөөдө.
АКШнын шайланган жана кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенттери Ак үйдө шайлоодон кийинки алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Анда Ирак менен Ооганстандагы согуш, экономикалык кризис өңдүү маселелер талкууланган.
"Казак лидери наркы 50 миллион фунт келген үйдү жашыруун алды". Ушундай аталыштагы макаланы 9-ноябрь, жекшемби күнү жарык көргөн санында британиялык "Sunday Times" гезити жарыялады.
АКШдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Барак Обама Пенсильвания, Огайо, Виржиния өңдүү чечүүчү штаттарда алдыга чыгуу менен жеңишке жетүү үчүн талап кылынган 270ден ашуун добушту алды.
Жүргүзүлгөн сурамжылоого же экзит поллдорго негизделген божомолдорго караганда, демократ Барак Обама өз штаты Иллинойстон тышкары, Пенсильвания, Огайо, Нью –Гемпшир, Массачусетс , Нью - Жерси, Нью – Йорк, Мичиган, Мэриленд, Коннектикут, Деларвер шттатарында алдыда.
Ооган башкааласы Кабулда бүгүн кайрадан атышуулар болду. Андан эки чет элдик жана бир жергиликтүү тургун каза тапты. Бул - чет элдиктерге ушул апта ичинде жасалган экинчи кол салуу. Апта башында Кабулдагы атышуудан гуманитардык уюмда иштеген чет элдик бир аял кызматкер мерт болгон эле. Ал эми өлкөнүн чыгышында түркиялык эки инженер жана алардын жергиликтүү айдоочусу уурдалып кетти.
Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын өлкөлөрү учурда Батыш мамлекеттеринин экономикасы менен банктарын очорултуп жаткан кризистин таасирлери менен күрөшүүгө даяр турушу керек. Мындай эскертүүнү Дүйнөлүк банк жасады. Банктын аталган аймактар боюнча башкы экономисти Прадип Митра (Pradeep Mitra) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Вашингтондогу кабарчысынын айрым суроолоруна жооп берген.
Кошмо штаттарда президенттикке талапкерлердин теледеги акыркы таймашы өттү. Демократ Барак Обама менен республикачыл Жон МакКейн өлкөнүн баалуу кагаздар базарында кезектеги төмөндөө орун алган күнү жолукту, экономикадагы абал кайрадан эле талкуунун башкы маселеси болду. Коомдук пикирди сурамжылоонун көрсөткүчтөрүнө караганда, Барак Обама атаандашы Жон МакКейнден 10%дан ашуун алдыда бара жатат. Акыркы телетаймаш кырдаалды өзгөртө алары арсардай көрүнөт. АКШдагы президенттик шайлоо 4-ноябрда болот.
Брюсселде кечээ Еврошаркеттин саммити башталды. Глобалдык каржы кризис - эки күндүк жыйында үстөмдүк кылуучу башкы маселе. Акыркы апталарда Европанын бир катар өкмөттөрү кыйынчылыкка кептелген банктарды куткаруу боюнча пландарын жарыялашты. Шаркет эми ошол чараларды координациялоону көздөөдө. Мындан сырткары саммиттин күн тартибинде Орусия менен Грузияга байланышкан маселелер да бар.
Глобалдык каржылык кризистин соккусуна кабылган алакандай Исландия чукул насыя алуу үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Рейкьявиктен келген делегация бул күндөрү Москвада жүрөт. Маалыматтарга караганда, насыянын өлчөмү төрт миллиард еврого барабар. Өзүнүн деле банк системасы очорулуп турган Орусия үчүн Исландияга насыя берүү, ириде геосаясий жактан маанилүүдөй көрүнөт.
Еврошаркет Өзбекстанга карата 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин киргизилген санциялардын айрымдарын токтотууну чечти. Мындай чечим шаркеттин тышкы иштер министрлеринин Люксембурдагы кечээги жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык Өзбекстандын Анжияндагы кыргын үчүн жоопкер деп эсептелген сегиз расмий өкүлүнүн Еврошаркет өлкөлөрүнө келүүсү үчүн салынган тыюу эми келерки айда тарта күчүн жоготот. Өзбекстандык укук коргоочулардын бири Еврошаркеттин чечимин "өкүнөрлүк" деп атады.
Дүйнөнүн эң кадыр-барктуу Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаттарынын акыркысынын ысымы кечээ белгилүү болду. Экономика жаатындагы Нобель сыйлыгы америкалык изилдөөчү Пол Кругманга (Paul Krugman) ыйгарылды. Швециянын Падышалык академиясынын чечиминде белгиленгендей, ал сыйлыкка "сооданын өнүгүү жолдорун анализдегени жана экономикалык активдүүлүктүн аймактарын аныктаганы" үчүн арзыды.
Бүгүн Вашингтондо Чоң жетинин тобуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин жыйыны башталат. Глобалдык каржы кризиси - жыйындын күн тартибиндеги башкы маселе. Дүйнө өлкөлөрүнүн Борбордук банктары менен өкмөттөрүнүн кризисти жеңилдетүү үчүн көргөн чаралары баалуу кагаздар базарындагы кырдаалды турукташтыра албай жатат. Маселен, Кошмо Штаттардын негизги биржалык индекси – Доу Жонс акыркы беш жылда биринчи ирээт кечээ 9000 пункутка ылдыйлады. Европада болсо кечээ эртең менен биржалык индекстер өскөн, бирок кечке жуук соода кайра эле төмөндөө менен жабылды. Эл аралык валюта корунун башчысы Доминик Стросс -Кан дүйнө рецессиянын кыл учунда турганын эскертти.
Европа парламенти Беларус боюнча жаңы резолюция кабыл алган жатат. Мыйзамдык күчкө ээ эмес ал документте Еврошаркет Беларус менен мамиле түзүүсү жана өлкөгө каршы киргизилген санкциялардын айрымдарын жоюушу керектиги айтылат. Ал эми келерки аптага болсо Еврошаракеттин тышкы иштер министрлеринин беларус кесиптеши менен жолугушуусу белгиленүүдө. Брюсселдин Минскиге карата саясаты өзгөрүүсүнө кечээ Европарламентте болгон учурунда беларус оппозициясынын лидерлери да колдоо билдиришти.
Исландиянын өкмөтү глобалдык каржылык кризистин шартында өлкөнүн чет элдик валюта корун чыңдоо жана улуттук акчасынын курсун кармоо үчүн Орусиядан төрт миллиард евро насыя алууну көздөөдө. Кредиттин шарттары ушул күндөрү талкууланат, тараптар азырынча соңку макулдашууга жетише элек. Эгер каржылык көйгөйлөрү чечилбесе, Европанын эң кичинекей жана бай мамлекети банкротко кабылышы мүмкүн экенин өлкөнүн премьер- министри ушул аптанын башында эскерткен эле.
Жекшембинин түнүндөгү жер титирөө бир эле учурда же бир аз кечигип Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Кытайдын аймагында катталганы менен аймактын андан эң көп жабыр тарткан өлкөсү Кыргызстан болду окшойт. Жетимиштен ашуун атуулун жоготкон Кыргызстандын дарегине учурда көңүл айтуу телеграммалары түшүүдө. Коңшулардын айрымдары жардам жөнөтөрүн да билдирип жатышат.
Кошмо Штаттардан соң очорулган банктарды сактап калуу аракетин Европанын айрым өлкөлөрү да көрүүдө. Маселен, кечээ Германиянын өкмөтү жана жеке кредиторлор Hypo Real Estate банкын сактап калууну макулдашты. Бул үчүн банкка 50 миллиард евролук жардам көргөзүлөт . Немец өкмөтү каржылык кризиске жооп чара катары баардык атуулдардын жеке эсептериндеги аманат акчалардын сакталышына кепилдик берерин да жарыялады.
Дагы жүктөңүз