"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Казакстанда бүгүн парламенттин жогорку палатасы – Сенатка шайлоо өтөт. Бирок бул саясий өнөктүк үчүн "шайлоо" деген сөздү колдонуунун өзү жаңылыштык болушу мүмкүн. Сенатка келүүчүлөр эл эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кеңештер тарабынан тандалат.
Өзбекстандагы маалымат каражаттарынын абалы боюнча буга чейин болуп көрбөгөн семинар кечээ Ташкентте башталды. Эки күнгө белгиленген жыйында басма сөз эркиндигинин маселелери биринчи ирээт режимдин нукура сынчыларынын катышуусу менен талкууланууда. Бирок андагы жалгыз тоскоолдук – талкуунун жүрүшүн пресса чагылдыра албагандыгы.
Дүйнөнүн каржы базарларын чакчалакей түшүрүп жаткан азыркы экономикалык кризис Кошмо Штаттарда катардагы адамдар киреше табуу үмүтүндө турак –жай сатып алып же сатуусунан башталды. Бирок мындай сооданын натыйжасында киреше таппастан, тескерисинче сызга отуруп калган учурлар миллиондоп саналганы менен бул көрүнүштүн жеке өзү азыркы, кеңири масштабдагы кризисти толук түшүндүрүп бере албайт. Бул үчүн банкттардын иш аракетине да саресеп салып көрүү керек.
Кечээ жана бүгүн Кошмо Штаттарда, Азияда, Европада биржалык индекстердин көрсөткүчү менен акциялардын баасынын төмөндөөсү уланды. Соода бир нече саатка кечигип башталганы менен төмөндөө Орусиянын башкы биржасында да орун алды. Мунун алдында АКШда, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы өкмөттүн каржы системасын колдоо үчүн бюджеттен 700 миллиард доллар чейин акча ажыратууну караган планын четке каккан эле. Алдын-ала өткөрүлгөн кыйын-кычыктуу талкууларда мунаса табылгансыган документ боюнча конгрессмендер эмне үчүн глобалдык экономиканы огобетер чакчелекейге түшүрчүдөй кадамга барышты?
Австрияда ушул жекшембиде өткөн мөөнөтсүз парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына караганда, ашынган оңчул же улутчул партиялар чоң ийгиликке жетишти. Бийликтеги Социал-демократиялык партия добуштардын көбүн алганы менен акыркы алтымыш жылдан ашуун убакыт ичиндеги эң начар көрсөткүчтү жаратты.
Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, учурда Австрияда башкалкалап жүргөн Рахат Алиев жана аны менен байланышы бар делген адамдардын айланасындагы окуялар ушул аптада кайрадан маалымат айдыңына чыкты. Казакстандын өзүндө Алиев менен алакада турган делгендер суракка алынса, Австрияда, кабарларга караганда, Алиевдин мурдагы жетекчисин уурдоо аракети боюнча иликтөө жүрүүдө. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Алнур Мусаевге Венада кол салуу жасалган.
Бүгүн, 27-сентябрь - Дүйнөлүк туризм күнү. Ушуну менен жыйырма тогузунчу ирээт белгиленип жаткан бул күндүн быйылкы темасы: "Туризм – климаттын өзгөрүү чакырыктарына жооп" деп аталат. Адистер туризмди, эгер талаптагыдай чара көрүлбөсө, глобалдык жылуулуктун биринчи курмандыгы болуучу жана мунун кесепеттерин азыр эле сезе баштаган тармак катары эсептешет.
Түркмөнстанда ушул жума күнү жаңы Конституция кабыл алынды. Документти жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы менен жоюлган – Халк маслахаты жактырды.
Кошмо штаттарда башталып, андан соң дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө жайылган каржылык кризис экономиканын эң эффективдүү системасы ирээтинде Батыш өнүгүү жолундагы мамлекеттерге сунуш кылып да, таңуулап да келген эркин базар капитализминин турмушка жарамдуулугу боюнча суроолорду жаратты. Уолл Стриттеги кыйроолордон улам экономикадагы бир доордун күнү бүттү, дүйнөгө эми капитализмдин жаңы, реформаланган үлгүсү керек деген сөздөр айтылып жатат.
Каржылык кризиске байланыштуу АКШ администрациясы сунуш кылган куткаруу планы Конгрессте талкууланууда. Мыйзамчыларды ынандыруу аракетинде өлкөнүн каржы министри Генри Полсон менен Федералдык резерв системасынын башчысы Бен Бернанк бүгүн Эл өкүлдөр палатасынын каржы комитетинде чыгып сүйлөшмөкчү. Ал эми Сенаттын Банк иштер боюнча комитетиндеги кечээги талкууларда, алар күтүлгөндөй эле, катаал суроолорго кабылышты. Өкмөттүн сунушуна каршы пикирлер оппозициядагы демократтар гана эмес, республикачылар тарабынан да айтылды.
Каржылык кризиске байланыштуу АКШ администрациясы сунуш кылган куткаруу планы Конгрессте талкуулана баштады. Бирок өкмөттүн планында каралган чаралар мыйзамгерлер арасында карама-каршылыкты жаратканы талкууга чейин эле белгилүү болгон. Конгрессте өкмөттүкүнө атаандаш сунуштар чыгууда. Документ добушка алымча –кошумчалар менен апта соңунда коюлчудай.
Нью-Йоркто, Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бүгүн талкуулар башталууда. Анда бүгүн сөз алуучулар арасында АКШнын президенти Жорж Буш, Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, Франциянын президенти Николя Саркози бар. Башкы ассамблеянын бул жолку отуруму глобалдык экономикадагы будуң-чаңдан, террорчулардын Пакистандагы соңку чабуулунан, Орусиянын өткөн айда Грузияга кол салуусунан улам дүйнөдө чыңалган абал жаралган учурга туш келүүдө.
Орусия менен Борбордук Азиянын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген төрт өлкөсүндө уюмдун алкагында аскердик бирикме түзүп, аларды аймакта жайгаштыруу планы бар. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкатчысы Николай Бордюжа жакында мына ушундай маанидеги жарыя жасаган эле. Байкоочулардын көбү мындай аракетти НАТОнун ыктымал кеңейүүсүнө жана АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Борбордук Европада жайгаштыруу чечимине Орусиянын жообу ирээтинде карашууда.
Дүйнөнүн каржы системасындагы чайпалуулардан улам Улуу депрессия кайрадан кайталанбайбы деген суроо кийинки кездери утур-утур айтылууда. Экономисттер азыркы доордун эрежелери буга жол бербей турганына узактан бери ишендирип келишет, бирок каржылык кризис таасиринин улам кеңири жайылуусу кооптонууларды жаратып жатат.
Украинада бийликтеги "саргылт" коалиция расмий тарады. Мунун менен саргылт ыңкылап боюнча мурдагы өнөктөштөр Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенконун саясий кызматташтыгы токтоду жана өлкөнүн демократиялык келечегин кайрадан бүдөмүк абалга алып келди. Бул окуя ошондой эле Украина менен Батыштын мындан аркы кызматташтыгын кармаган фактор болушу мүмкүн.
Азия менен Европада кечээ баалуу кагаздар базарынын индекси кыйла төмөндөп кетти. Мунун алдында Кошмо Штаттарда «Lehman Brothers» банкы банкрот абалында турганын жарыялаган эле. Ал эми кыйын кырдаалга кептелген дагы бир банкты башка банк сиңирип алды. Бул жаңылыктар эл аралык каржы системасын кайрадан силкинткен окуя болду.
Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги бүгүнкү жыйынында уюмдун эки жүз байкоочусун Грузияда жайгаштыруу боюнча расмий чечим кабыл алды. Ал эми НАТОнун баш катчысы жетектеген делегация Тбилисиге, НАТО-Грузия коммиссиясынын туңгуч жыйынына катышуу үчүн келди. Бул эки окуя тең Орусия менен алака абдан чыңалып турган шартта Батыштын Грузияга колдоосун мындан ары да көргөзүүнү максат кылат.
Түркмөн бийлиги өлкө башкааласы Ашгабатта 13-сентябрда орун алган атышууларды баңгисоодасы менен алектенген кылмыштуу топту жок кылуу иш-чарасы катары мүнөздөдү. Бул тууралуу түркмөн тышкы иштер министрлиги жекшембиде тараткан билдирүүдө белгиленет. Бирок атышуу учурунда кандайдыр бир жоготуу болгон - болбогону же баңгиаткезчиси деп шектелгендерин канчасы кармалганы тууралуу расмий билдирүүдө эч нерсе айтылган эмес. Ашгабатта апта соңунда орун алган окуя боюнча али жообу белгисиз суроолор бир топ.
Дагы жүктөңүз