"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
АКШ Сенатынын тышкы байланыштар боюнча комитети 13-январда Мамлекеттик катчылыкка сенатор Хиллари Клинтонду бекитүү маселесин карады. Клинтондун билдиргенине караганда, ал бул кызматта Иран менен Сирияны "коркунучтуу жүрүм –турумунан баш тартууга" ынандыруу аракетин көрмөкчү.
АКШнын 43-президенти Жорж Буш Ак үйдөн кетүүгө камынууда. Кечээ ал Ак үйдө акредиттелген кабарчылар үчүн мамлекет башчысы катары акыркы маалымат жыйынын өткөрдү. Пресс-конференция учурунда Буш өзүнүн соңку сегиз жылдагы саясатын коргоо менен катар, шайланган президент Барак Обамага ийгилик каалады.
Фридом Хаус уюму 2009-жыл үчүн жаңы баяндамасын жарыялады. Ага караганда, постсоветтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да саясий укуктар менен жарандык эркиндик кедеринен кеткендердин алдыңкы сабында.
Тажикстанда Жогорку сот Салафи деген диний кыймылды мыйзамсыз уюм катары жарыялады. Соттун чечимине ылайык, Салафи кыймылы экcтремисттик делген диний топтордун тизмесине киргизилди.
Орусия менен Украинанын газ чатагы бүгүн Европанын күн тартибиндеги башкы маселеге айланды. Жыйындар менен сүйлөшүүлөр Брюсселде, Прагада өтүүдө. Мунун алдында Орусия менен Украинанын мамлекеттик газ компанияларынын башчылары өткөн түнү Москвада жолугушкан. Бейшембиде алар Брюсселге барышты.
Ооганстан менен Пакистандын президенттери эки тараптын алакасында буга чейин кездешпеген тилектештикти көргөзүү менен террорго каршы күрөштө биргелешкен аракетти убада кылышты. Бул тууралуу Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин Ооганстанда эки күнгө созулган биринчи расмий сапары учурунда билдирилди.
Газа тилкесиндеги азыркы кан төгүү АКШда Жорж Буштун президенттик доору аяктап жаткан учурга туш келди. Буштун сынчылары анын администрациясы акыркы сегиз жылда Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны менен толук алектенбегенин айтышат. Ал эми президенттик кызматына 20-январда расмий киришүүчү Барак Обаманын администрациясынан эмнени күтүүгө болот?
Түндүк Кореяда акыркы төрт-беш айдан бери өлкөнүн "улуу жолбашчысы" Ким Чен Ир коомчулуктун көзүнө көрүнбөй калган эле. Мындан улам анын саламаттыгына байланыштуу түрдүү жоромолдор тарап кеткен. Бул аралыкта британ гезиттеринин бири Ким Чен Ир мураскер маселесин үч жылга чейин сөз кылууга тыюу салганы тууралуу жазып чыкты.
Газа тилкесиндеги кризиске эки аптага аяк басты. Эл аралык дипломаттар ок атышуунун токтотулушуна жетишүүнү көздөөдө. Бирок айрым талдоочулардын пикиринде, Газадагы зордук -зомбулукту дипломатиялык жол менен басуу мүмкүн эмес. АКШнын ишкерлик институтунун талдоочусу, Жакынкы Чыгыш боюнча таанымал адис Майкл Рубин (Michael Rubin) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосу үчүн жазган комментарийинде мына ушундай ойду айтат.
Дүйнөлүк экономикадагы кризистин кесепеттери аяктаган 2008-жылдын экинчи жарымында туризм индустриясында да сезилди жана адистердин айтымында, соңку кездери өсүү үстүндө гана болгон тармак жаңы жылга белгисиздиктин шартында кирүүдө.
2008-жыл каржы кризиси чындап глобалдык масштабада жайылган, экономикасы эң кубаттуу деп эсептелген АКШ, Жапония, Европа өлкөлөрүн бир убакта Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи рецессияга кириптер кылган жыл болду.
"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу маектешкен аймактык эксперттер 2008-жыл жогорку деңгээлдеги саммиттер, жыйындар болгонуна, эки тараптуу визиттер жасалганына карабай, аймактык кызматташтык үчүн эң начар жыл болгонун белгилешүүдө.
Арменияда оппозициянын таанымал жети өкүлүнүн үстүнөн сот башталды. Алар быйыл март айында оппозициянын президентикке талапкери Левон Тер –Петросяндын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрү Ереванда кагылышкандан кийин камалышкан. Оппозиция өкүлдөрүнө өкмөттү күч менен кулатууну көздөгөн деген айып коюлууда.
Аяктаган 2008- жыл Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кандай болду, эмнеси менен эсте калды? Бириктире келгенде 50 миллиондой калкы бар аймактын беш өлкөсүнүн ар биринде, жыл ичи жергиликтүү мүнөздөгү ондогон окуялар орун алды. Алардын айрымдары кубантарлык, кай бирлери кайгылуу.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирактын каржы активдерин коргоонун мөөнөтүн дагы бир жылга узартууну караган резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Мындай чечим Ирактын мамлекеттик корлорундагы акчаны өлкө карыз болгон тараптардын тартып алуусунан сактайт.
Азербайжанда парламент президенттин кызмат мөөнөтүнө коюлган чекти алып салуу боюнча алгачкы кадамды жасады. Мындай аракеттер мунайга бай өлкөнү башкарып келе жаткан саясий династиянын ролун дагы бекемдеши мүмкүн.
Дүйнөнүн жыл ичи каржылык капсалаңды баштан кечирген ири банктар эми дагы бир инвестициясынан тарткан чыгымды эсептешүүдө. Соңку окуя АКШдагы белгилүү финансист Бернард Мэдоффтун каржы пирамидасы менен байланыштуу.
Кечээ Парижде имамдар менен раввиндердин дүйнөлүк конгресси тынчтык үчүн деп аталган эл аралык жыйын башталды. Быйыл үчүнчү ирээт өтүп жаткан мындай кеңешме ЮНЕСКОнун колдоосу астында уюштурулган.
Орусиянын премьер-министри Владимир Путин өлкөдө чет элдик жумушчулар үчүн берилип келген квоталарды кыскартууну караган токтомго кол койду. Каржы кризинен улам орус өкмөтү өлкөнүн эмгек базарын коргоо жүйөөсү менен кабыл алган бул чечимдин чет элдик мигранттарга тийүүчү түз жана кыйыр кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
Бейшембиде Брюсселде Еврошаркеттин саммити башталууда. Климаттын өзгөрүшүнө жана кризиске каршы күрөшүү - эки күндүк жыйындын күн тартибиндеги маселе.
Дагы жүктөңүз