"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Пакистанда оппозиция лидери мурдагы премьер-министр Наваз Шариф полициянын аны үй камагына олтургузуу чечимине моюн сунган жок. Оппозиция лидерин үй камагына отургузуу менен Пакистан бийлиги ал өкмөткө каршы өлкө боюнча өтүп жаткан нааразылык акциясына башчылык кылуусуна жол бербөөнү көздөгөндөй.
Дүйнөлүк экономикалык форум (World Economic Forum) деп аталган уюм жакында саякат жана туризм индустриясынын дүйнө өлкөлөрүндөгү абалына арналган баяндамасын жарыялады. Баяндамада Борбор Азиядан үч өлкө, анын ичинде Кыргызстан да камтылып, 133 мамлекеттин ичинен быйыл 106-орун ыйгарылган. Бирок глобалдык экономикадагы азыркы кризис келерки жылы тизмедеги орундарды өзгөртүүсү мүмкүн.
Өткөн бир жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдө миллиардерлердин саны азайды. Маселен Орусия миллиардерлеринин дээрлик үчтөн экисин жоготту. Муну америкалык "Форбс" журналынын ушул аптада жарыялаган жаңы рейтинги көргөзүүдө. Эң байлардын тизмесинде кайрадан америкалыктар үстөмдүк кылат. Алар алдыңкы жыйырма орундун онун ээлешти.
Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюму Өзбекстанда беш журналисттин сегиз жылдан он эки жылга чейин түрмөгө кесилүүсүн айыптады. Бул тууралуу аталган уюм ушул аптада тараткан билдирүүдө айтылат.
Апта башында Нью-Йоркто глобалдык жылуулук боюнча эл аралык конференция өттү. Бирок аталган маселе боюнча адаттагы жыйындардан айрымасы – анда коркунучутуу эскертүүлөр жасалган жок. Жыйынга климаттагы өзгөрүүлөрдөн эмес, андан тынчызданууну жана ызы-чууга түшүүнү токтотуу керек деп эсептеген илимпоздор жыйналды.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден шейшемби күнү Брюсселде, НАТОнун баш кеңсесинде болду. Өз сөзүндө ал Ооганстандагы кырдаал начарлап жатканынын эске салып, НАТО боюнча өнөктөштөрдү бул өлкөдөгү козголоңчуларга каршы күрөш үчүн "биргелешкен жана ар тараптуу" чараларды иштеп чыгууда жардам көрсөтүүгө чакырды.
Сербиянын президенти Борис Тадич анын өлкөсү босниялык сербдердин мурдагы колбашчысы Ратко Младич боюнча жаңы маалыматтарды чогултууну улантып жатканын, далилдер жетиштүү болсо эле ал камакка алынарын өткөн аптада да билдирди. Бул аралыкта америкалык окумуштуу АКШнын Босниядагы аскерлеринде кезинде Младичти камакка алууга бир нече мүмкүнчүлүк болгонунун далилдери бар экенин айтууда.
"Борбор жана Түштүк Азиядагы туруктуулук үчүн аймактык алакалар чечүүчү мааниге ээ",- деп эсептейт АКШдагы Атлантика кеңешинин адиси Александрос Петерсен (Alexandros Petersen) "Азаттык" үчүн жазган серебинде.
Дүйнөлүк Туризм уюмунун эсеби боюнча, 2008-жылдын экинчи жарымынан тарта глобалдык экономикадагы төмөндөөнү туризм индустриясы да сезүүдө. Бирок өткөн жылды тармак 2%дык өсүш менен аяктап, дүйнө өлкөлөрүнө четтен келген туристтердин саны 924 миллион адамды түзгөн. Булардын 53%ы же 489 миллиону Европанын үлүшүнө туура келди. Төмөндө Европанын эң жашыл бурчуна айланууга аракеттенген өлкө – Словениянын туризм тажрыйбасы тууралуу сөз болот.
Европада бирдиктүү акча – евро жүгүртүүгө киргизилгенине быйыл жыл башында туура он жыл болду. Акыркы айларда эле эмес, апталарда да евронун глобалдык каржы кризиске каршы иммунитети долларга салыштырмалуу бекемдей көрүнүп келген эле. Бирок азыр европалык валютанын долларга карата курсу арзандоодо. Евроаймактын экономикасындагы төмөндөөнү эске алган айрым адистер ал мындан ары да нарксызданарын айтып жатышат.
Ушул апта башында Орусиянын "Финанс" журналы өлкөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмесин жарыялады. Бирок бул ирээт алар мурдагыдан канчага байыганы эмес, "жакырланганы" жаңылык болду. "Финанс" журналынын эсебинде Орусиянын эң башкы он байы глобалдык каржы кризисинен улам акыркы бир жылда байлыгынын үчтөн эки бөлүгүн жоготкон.
Түркмөнстанда бүгүн мамлекеттик майрам – Желек күнү белгиленүүдө. Аны утурлай президент Гурбангулы Бердымухаммедов өз жардыгы менен бир миңдей адамга мунапыс берди.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон апта соңунда Кытайга барат. Ал кытай бийликтери менен талкуулоочу башкы маселе - эки өлкөнүн соода алакалары. Анткени АКШ менен Кытайдын соода алакасындагы проблемалар, адистердин айтымында, азыр бүткүл дүйнө боюнча банктарды жана бизнести алсыратып жаткан кризистин жаралышына көмөктөштү.
Пакистан ооган чек арасына жакын турган аймагында шарият мыйзамы киргизилүүсүнө макул болду. Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын бийликтери аймактагы исламчыл согушкерлерди тынчтандыруу үчүн алардын жолбашчылары менен мына ушундай макулдашууга жетишти. Пакистанды антитеррордук согуштагы башкы өнөктөшү катары санаган АКШ өлкө бийликтеринин мындай кадамын кубаттачудай эмес.
Венесуэладагы жалпы элдик референдум президент Уго Чавес үчүн жеңиш менен аяктады. Чавес баштаган "социалисттик ыңкылабын" аягына чыгаруу үчүн 2012-жылкы шайлоого катышарын дароо эле жарыялап салды.
Дүйнөнү каптаган каржы кризиси үчүн сараң банкирлер, алсыз жөнгө салуучулар, чиеленишип кеткен каржы инструменттери жана жоопкерсиздик менен карыз алгандар күнөөлүү экени айтылып келинген эле. Ал эми британ парламентинде болсо ушул айдын башында маалымат каражаттары менен калемгерлердин каржы кризисиндеги жоопкерчилиги талкууланды.
Иран 10-февралда ислам ыңкылабынын отуз жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи. 1979-жылдын бул күнү шахтын режими кулаганы расмий жарыяланып, бийлик утурумдук өкмөттүн колуна өткөн эле. Бирок Иран шахтын режиминен кутулганы менен өлкөнүн андан берки өнүгүүсү көргөзгөндөй, ыңкылап жана анын баштапкы талаптары уурдалып кетти. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун директор орун басары Аббас Жавади бул темага арналган комментарийинде мына ушундай ойлору менен бөлүшөт.
АКШда Сенат президент Барак Обаманын экономиканы стимулдаштырууну максат кылган планын кабыл алды. Президенттин өзү болсо экономикалык саясатына коомчулуктун колдоосун алуу үчүн эл менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Ал эми өлкөнүн каржы министри банктарга жардам көргөзүү боюнча жаңы программаны жарыялады.
Өткөн ишемби күнү Чехиянын баш калаасы Праганын борбордук Вацлав аянтында казакстандык качкындар тобу нааразылык акциясын өткөрдү. Чех бийликтери тарабынан уруксат берилген бул жыйында алар өздөрүнүн аталган өлкөдөн күч депортациялануусуна каршы экендиктерин билдиришти.
Иранда мурдагы президент Мохаммед Хатами алдыдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Муну менен ал быйылкы шайлоодо азыркы президент Махмуд Ахмадинеджадга негизги атаандаш болчудай.
Дагы жүктөңүз