"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстанда быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгында коммерциялык банктар чогулткан аманат акчанын көлөмү өстү.
“Араб жазы” деп аталган окуялар башталган өлкөлөрдүн алгачкысы - Тунисте кечээги шайлоонун баштапкы жыйынтыктары маалым болору күтүлүүдө.
Мамкатчы Вашингтон адам укуктарына көңүл буруп жатканына басым жасап, карапайым калктын камтамачылыгына токтолду.
Түркия ракетадан коргонуу системасынын алкагында өз аймагына радар жайгаштырууга уруксат бериши чыгыштагы коңшу Ирандын кыжырдануусун жаратты.
Апта соңунда Өзбекстанга АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун келери күтүлүүдө.
Жума күнү БУУнун Башкы ассамблеясында Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоо болот. Азиядан Кыргызстан менен Пакистан атаандашууда
Келерки жылы кайрадан президенттикке кайтып келери күтүлгөн Владимир Путиндин доорунда Орусиянын маалымат каражаттары кысым астында жашап келди.
Президенттик шайлоо өлкө жеке басар бийликке жана жаңы карама-каршылыктарга кайтарын же парламенттик демократияны өнүктүрөрүн аныктайт.
Расмий Тегерандын АКШ бийликтери 11-октябрда шардана кылган соңку кутуму айрым суроолорду жаратууда.
Акыркы жарым жыл ичинде чарбалык объектилерине эки ирет кол салынып, өрттөлгөн “Талас Коппер Голд” компаниясынын жетекчиси Дэвид Грант соңку окуядан кийин атайын “Азаттык” үчүн маек курду.
Улуттар уюму азык-түлүктүн азыркы кымбат баасы алдыда дагы сакталарын, атүгүл кымбатташы мүмкүндүгүн эскертүүдө.
Египетте христиан коптордун чиркөөсү өрттөлүшүнө каршы жүрүшүнүн арты кан төгүү менен аяктады.
Либериянын президенти Эллен Жонсон Серлиф, либериялык активист Лейме Гбови, йемендик укук коргоочу Таввакул Карман дүйнөлүк мартабалуу сыйлык ээлери аталды.
Жекшембиде Алматыда өткөн митингде бийликтин дарегине ачуу сөздөр жана орус тилинин Баш мыйзамдагы макамын төмөндөтүү талабы айтылды.
Ливиянын курчоодо турган шаарында гуманитардык кырдаал абдан оордугун Эл аралык Кызыл Чырым уюму билдирүүдө.
Казакстанда дин боюнча жаңы мыйзам кызуу талашка түштү. Казак парламентинин төмөнкү палатасы мажлис документтин жаңы редакциясын кабыл алды.
Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 66-сессиясынын экинчи күнүндө президент Роза Отунбаева сөз сүйлөдү. Эл аралык турмуштун айрым орчун маселелери боюнча Кыргызстандын көз карашын билдирип, дүйнөлүк трибунадан өз мекендештерине да кайрылды.
АКШда жогорку даражалуу аскерий жетекчилердин бири Пакистанды Ооганстанга экстремизмди экспорттоп жатканы үчүн айыптады.
Палестинада БУУда мамлекет катары таанылууну көздөсө, АКШ менен Израил бул маселе сүйлөшүүсу аркылуу гана чечилүүсү зарылдыгын айтууда.
Беларус көз карандысыздык алган 20 жылдан бери ушул шаршембиде улуттук акчасы базар баасында алмаштырылышына биринчи ирет расмий уруксат берди.
Дагы жүктөңүз