"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Дүйнөдө алтын баасынын мурдагыдан арзандоосу Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра” компаниясынын акцияларынын да кунун кетирди.
Сирияга 28-майда Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан келет. Анын бул сапары Хула шаарындагы кан төгүү эл аралык коомчулуктун кыжырдануусун жараткан учурга туш келди. Расмий Дамаск 92 адамдын, анын ичинде 32 жаш баланын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтууда.
Евромейкиндиктеги кризис глобалдык экономикадагы өсүш үчүн эң ири коркунуч бойдон калууда. Мындай эскертүү Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму жаңы жарыялаган баяндамада айтылат.
Египетте Хосни Мубарак кулатылгандан кийин алгачкы ирет президентти шайлап жатышат.
Багдадда бүгүн Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт.
АКШнын Чикаго шаарында НАТОнун саммити өтүп жатат. Ооганстандан чыгуу стратегиясы саммиттин экинчи күнүнүн көңүл чордонундагы маселе.
АКШдагы “Геллап” институтунун сурамжылоосуна Кыргызстандан тартылгандардын 77% бизнес чөйрөсүндө коррупция кеңири жайылган деген ишенимин билдирген.
Азияга көргөзмө-сыноого барган Sukhoi Superjet-100 учагынын кыйрашы Орусиянын жарандык авиациясынын беделине көлөкө түшүргөндөй болду.
Алдыдагы кырк жылда дүйнөдө климат өзгөрөт, экономикалык өсүш жайлайт, жакырлардын саны азайбайт.
Боливиянын электр кубатын ташуучу эң ири компанияны улутташтыруусу Кыргызстанга сабак бергендей болду.
Кремлде Владимир Путин ант бергенден кийинки сөзүндө Орусияда демократияны өнүктүрүүнү, адам укуктарын коргоону убада кылды.
Кытай соңку күндөрү Вашингтон менен Бээжиндин дипломатиялык талашынын борбордук маселесине айланган диссидент Чэн Гуанчэн өлкөдөн сыртка окуу үчүн кете аларын билдирди.
Кабулда талиптердин соңку кол салуусунан бери дегенде жети адам каза тапты. Бул окуянын жуп алдында ооган борборуна күтүүсүз сапар менен барган АКШ президенти Барак Обама “ал-Кайиданын” биротоло жеңилээрине аз калганын, козголоңчуларга сокку урууда олуттуу жылыш бардыгын айткан эле. АКШ президентинин бул сапары учурунда эки өлкө Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту.
Дүйнөлүк банк жүргүзгөн сурамжылоого тартылган кыргызстандыктардын 20% банктарда эсеп ачпаганын аларга ишеним артпаганы менен түшүндүрсө, 70 пайыздан көбү банкта кармагыдай каражаты жоктугун билдиришкен.
“Фридом Хаус” уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча жылдык баяндамасында Кыргызстанды мурдагыдай эле “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесинде калтырды.
Кытайда өткөн аптада үй камагынан качкан көзү азиз диссидент Чэнь Гуанчен АКШнын Бээжиндеги элчилигинен башпаанек тапканы айтылууда. Талдоочулардын пикиринде, бул окуянын эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү алдына туш келиши Вашингтон менен Бээжиндин мамилесин сыноодо.
Пан Ги Мун Сирия кан төгүүнү токтотуу боюнча Кофи Аннандын тынчтык планын аткарбай жатканына камтамачылыгын билдирди.
Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Юсуф Реза Гиланини сотту урматтабаганы үчүн күнөөлүү деп тапты, бирок символикалык гана жаза берип, сот залында саналуу мүнөт гана камакта кармады.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку кырдаалга кайрадан кайрылды. Улуттар уюму менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан маалымат берген учурунда өлкөдөгү жагдай кубанарлык эместигин белгиледи.
Тажикстанда болгон орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Дүйшөмбү шаарындагы бул жолку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди.
Дагы жүктөңүз