"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Азербайжанда өкмөтчүл партия биринчи айым президенттикке талапкер катары көрcөтүлдү деген кеп-сөздөрдү четке какты.
Ооганстанда бүгүн талибдер президенттин сарайына кол салышты. Эки ортодогу атышуу бир жарым саатка созулган.
Түркияда полиция рейди учурунда ондогон киши кармалды. Бийлик алар толкундоолорго тиешеси бар деп эсептейт.
"Чоң сегиздин" саммити алкагында АКШ жана Орусия президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү.
Түндүк Ирландияда башталып жаткан Чоң Сегиздин саммитиндеги эң башкы маселелердин бири - Сирия кризиси болчудай.
Азербайжандын мамлекет башчылыгына эми биринчи айым Мехрибан Алиева даярданып жатабы?
Иранда эртең президенттик шайлоо өтөт. Калың эл кимди колдойт? Эскичилдердин талапкеринби, же реформачылардыбы?
АКШ Косовону Сербия менен мамилени оңдоого багытталган келишимди тезинен аткарууга чакырды.
Ооганстан борбору Кабулдун аэропортунда согушкерлердин дүйшөмбүнүн таңындагы чабуулунан улам каттамдарды убактылуу токтотууга туура келди. Расмий өкүлдөр аба майдан зыян тартпаганын билдирүүдө.
Сырттан караганда өнүгүп бара жаткан өлкөдө тереңдеп кеткен проблемалар ачыкка чыкты
Сириядагы кагылыштар учурунда химиялык зарин газы колдонулганын Франция тышкы иштер министри айтып чыкты.
Түркияда үч күндөн бери өкмөткө каршы демонстранттар менен полиция кагылышууда.
Чыгыш Европанын постсоветтик өлкөлөрүндө коомду модернизациялоону көздөгөн күчтөр ийгиликке жетишүүдө.
Сирия боюнча эл аралык жаңы жыйын өткөрүү келечеги Парижде, согушкерлерге курал берүү мүмкүнчүлүгү Брюсселде каралып жатат.
Тажик бийлиги өлкөнүн үч жараны Сирияда исламчыл козголоңчулар тарабында салгылашып жатып каза табышканын маалымдашты.
Президент Барак Обама АКШнын терроризмге каршы күрөштөгү жаңы багытын жарыялады.
Британ бийликтери Лондондогу кечээги окуяны теракт катары сыпатташууда.
Иранда Сакчылар кеңешинин президенттикке талапкерлер боюнча тизмеси өлкө ичинде да, тышында сын пикирлерди жаратты. Азыркы президент Махмуд Ахмадинежад чечимди кайра каратууну убада кылса, Ислам республикасынын негиздөөчүсүнүн кызы аятолла Хаменеиге ачык кат жолдоду. Талдоочулар алдыдагы шайлоо бир жактуу болорун айтышууда.
Иранда президенттикке талапкерлердин акыркы тизмеси жактырылды. Эми ал жума күнгө чейин расмий жарыялануусу керек.
Сейрек металлдар кенин Канада менен Кытай компаниялары талашууда.
Дагы жүктөңүз