Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

АКШ Сербия-Косово келишимин аткарууга чакырды


Жо Байден менен Хашим Тачи. Вашингтон, 10-июнь, 2013-жыл.
Жо Байден менен Хашим Тачи. Вашингтон, 10-июнь, 2013-жыл.

АКШ Косовону Сербия менен мамилени оңдоого багытталган келишимди тезинен аткарууга чакырды. Мындай үндөө Вашингтондо жогорку деңгээлде өткөн сүйлөшүүлөр учурунда айтылды.

Вашингтондо АКШ вице-президенти Жо Байден менен Косово премьер-министри Хашим Тачи жолукту.

Ак үйдүн билдирүүсүндө белгиленгендей, Байден сүйлөшүүлөрдө “тарыхый мүмкүнчүлүктү колдонуу менен Косово жана Сербия элинин бейпилдигин жана өнүгүүсүн камсыздоо, эки өлкөнүн тең европалык болуу мүдөөсүн алга жылдыруу үчүн келишимди ар тараптуу жана ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү”.

Сербия менен Косово бир нече айга созулган жана чыңалуу менен жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин мамилени оңдоону караган макулдашууга Евробиримдиктин ортомчулугу астында быйыл апрелде жетишкен.

Косоводогу согуш ардагерлеринин демонстрациясы. Алар мурда көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөрдүн бешөө камалганына нааразылык билдиришкен. Приштина, 27-май, 2013-жыл.
Косоводогу согуш ардагерлеринин демонстрациясы. Алар мурда көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөрдүн бешөө камалганына нааразылык билдиришкен. Приштина, 27-май, 2013-жыл.
АКШ вице-президенти Жо Байден менен кездешүүдөн кийин Косово премьер-министри Хашим Тачи “Азаттык” радиосу үчүн маегинде буларга токтолду:

- Келишимди кармоо тенденциясы серб тараптан бар. Бирок мен бул жараян ишке ашат деген ишенимдемин. Ал артка кайткыс, токтогус жана жашоо үчүн өтө маанилүү жараян.

Белград менен Приштина ортосундагы макулдашуунун шарттары боюнча Косовонун түндүгүндө үстөмдүк кылган сербдер билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка чөйрөлөрдө автономдуу бийлик органдарын сактап калат. Ал эми полиция менен соттор борбордук өкмөттүн мыйзамдарына ылайык башкарылмакчы.

Аталган макулдашуу Сербия болочокто мурдагы провинциясынын көз карандысыздыгын тааный тургандыгын ишара кылууда. 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө жарыялаган Косовону буга дейре 90дон ашуун өлкө, анын ичинде АКШ жана Евробиримдиктин басымдуу бөлүгү тааныган. Ал эми ошондо бул кадамга кескин каршылык билдирген жана билдирип келгендердин арасында Сербиянын салттуу өнөктөшү Орусия да бар.

Эми болсо эки тарапты өз ара мунаса табууга түрткөн башкы фактор катары Сербия менен Косовонун Евробиримдикке жана башка батыштык институттарга интеграциясы боюнча сунуштар аталууда.

Косовонун премьер-министри Хашим Тачи “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде, Вашингтон өз тарабынан макулдашуу анда көрсөтүлгөн мөөнөттө турмушка ашуусун камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле айрым косоволуктардын - келишим Косового караганда, Сербияга артыкчылык берет деген ырастоолорун четке какты:

- Косово менен Сербиянын макулдашуусунда утулгандар жок, уткандар бар. Уткандар - Косово, Сербия, Балкан чөлкөмү жана АКШ менен Евробиримдиктин инвестициясы. Мен сындап жаткандарды түшүнөм. Шайлоочуларды эске алганда деле бул популисттик келишим эмес. Бирок мамилелерибизди нормалдаштыруу, НАТО жана Евробиримдикти көздөй алдыга жылуу үчүн Косово менен Сербия азыр жетишүүсү мүмкүн болгон келишим. Анткени биз бири-бирибиз менен согушканбыз. Бизде кылымдардан бери калган проблемалар, жаңжалдар болгон. Бул - биринчи макулдашуу, тынчтык жөнүндөгү макулдашуу, тарыхый макулдашуу.

Косово менен келишимге каршы сербдердин демонстрациясы. Белград, 22-апрель, 2013-жыл.
Косово менен келишимге каршы сербдердин демонстрациясы. Белград, 22-апрель, 2013-жыл.
Евробиримдик ортомчулук кылган макулдашууда “Косового утулуп калдык” деген сөздөр буга чейин Сербиядан да чыккан. Өлкөнүн премьер-министри Ивица Дачичтин 10-июнда журналисттерге айтканына караганда, эгер Белград Брюсселден Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүү башталчу так мөөнөттү жакын арада албаса, өзүн “алданды” деп сезип калат.

Дачичтин алдында, Евробиримдиктин Сербиядагы өкүлү Еврокомиссия 28-июнда Сербияга сүйлөшүүлөр үчүн “жашыл жарык берүү” маселесин гана талкууларын билдирген эле. Бирок серб өкмөт башчысы “бул алар үчүн кабыл алынгыстыгын жана келишимди ишке ашуусуна коркунуч жаратарын” белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG