"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кытайда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мекемесинин мурдагы башчысы Чжоу Юнкан коррупцияга каршы жарыяланган өнөктүктүн алкагында камакка алынды.
Өзбекстандагы парламенттик шайлоого эки апта убакыт калды. Бирок өлкөдө шайлоонун жана саясий күрөштүн шааниси адаттагыдай эле байкалбайт.
Түрдүү эсептер боюнча Кошмо Штаттарда учурда кыргызстандыктардын саны 20 миңге чейин жетет.
Өзөн-Берекет-Горган темир жол магистралын ачуу аземи ушул аптада Түркмөнстанда өттү. Узундугу 935 чакырым келген темир жол Казакстан, Түркмөнстан жана Иранды туташтырат.
Дүйнөдө кулчулукка кабылгандардын саны өстү. Эл аралык укук коргоо уюму - “Эркин жүр кору” (Walk Free Foundation) жакындагы баяндамасында алардын санын дээрлик 36 миллион деп жарыялады.
Венадагы жыйында өндүрүштүн көлөмүн кыскартуу маселеси талкууланыш керек. Июндан бери эле мунай баасы дүйнөлүк базарда отуз пайызга арзандаганы менен, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө күйүүчү май, тескерисинче, кымбаттады.
АКШда ындыкара өспүрүмдү атып салган ак түстүү полицейдин акталышынан улам тутанган нааразылык акциялар жалпы улуттук талкууларды күчөтүп, раса аралык мамиледеги ажырымга көңүл бурдурду.
Орусия менен анын эң жакынкы өнөктөшү Беларустун ортосунда соңку күндөрү соода чөйрөсүндө эки маселе чыкты. Москва Беларустан ташылган этке толук чектөө киргизди.
Бул ирет жергиликтүүлөр сот быйыл августа ындыкара өспүрүмдү атып салган полиция кызматкерине айып тагуудан баш тарткандан кийин нааразылык билдиришти.
Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү мөөнөтү 2015-жылдын июлуна чейин узартылды. Айрым талдоочулар мөөнөттүн узарышы эле келишимге жеткиреринен күмөн санашат.
Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча туруктуу макулдашуу жетишилбеген соң тараптар сүйлөшүү мөөнөтүн 2015-жылдын 1- июлуна чейин узартууну чечти.
Бирок оппозициядагы жана Конгрессти көзөмөлдөгөн республикачылар президенттин жардыгын сынга алып, аны сотко беришерин билдирүүдө.
Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн чечүүчү баскычы өтүп жатат. Бул программа боюнча талаш башталганына быйыл он эки жылдын жүзү болду.
НАТО Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагында жана орус-украин чек арасында Орусиянын аскерий кубаты чыңдалып жатканын кайрадан айтып чыкты.
Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай АКШ анын өлкөсүнө карата “кош саясат” жүргүзүп келгенин, бул өз кезегинде аймакта экстремизмдин кеңейишине жол ачканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде билдирди.
Америкалык жарандын башы алынганы тууралуу “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери өздөрү тараткан видеодо маалымдашты.
Бээжин жана анын Түштүк - Чыгыш Азия боюнча коңшулары стратегиялык мааниси бар Түштүк Кытай деңизин талашып келишет.
Армян тик учагын азери тараптын атып түшүрүүсү Тоолуу Карабакта кырдаалды кайрадан курчутту. Ереван менен Баку окуянын себебин эки башка чечмелеп жатат.
НАТО акыркы эки күндөн бери Украинанын чыгышына орус күчтөрү жана техникасы кирди деп ырастоодо. Орус коргоо министрлиги бул билдирүүнү төгүндөп, ага эч далили жоктугун айтып чыкты.
АКШ жана Кытай Бээжиндеги бүгүнкү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартууну макулдашты. Обама бул кадамды “тарыхый” деп атады.
Дагы жүктөңүз