Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго шарт түзүү боюнча жерди пайдаланууга берүү жол-жобосу өзгөрүүдө. Өкмөт коомдук талкууга чыгарган долбоордо жерди 50 жылга ижарага берүү, аны күрөөгө коюуга уруксат жана бул боюнча чечим кабыл алууда жергиликтүү бийликке кошумча укуктар каралган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алды.
Өткөн аптада УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз киши "бийликти күч менен басып алууга" күнөөлүү деп табылып, бирок пробация менен эркиндикте калды. Активисттер жана юристтер мындай гумандуу чечим буга чейин пикири үчүн камалгандарга да колдонулушу керек деген пикирде.
Ошентип беш айга жакын убакыттан бери Кыргызстандагы негизги саясий окуяга айланган “75чилердин каты” боюнча райондук сот чечим чыгарды. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучуга бирдей жаза колдонулуп, сот үч жылдык пробациялык көзөмөл чарасын колдонду.
"75чилердин катына" байланыштуу сот процесси Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн да уланды. Айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Алардын жактоочулары соттук териштирүүдө ынанымдуу далил келтирилбегенин, алар акталышы керектигин айтышууда.
Күн мурун президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Жумгалбек Шабданбековду кызматтан алды. Анын ордуна бир жылдан бери баш прокурор болуп келген Максат Асаналиев дайындалды. Негизги күч түзүмдөрүнүн башчыларынын алмашуусу коомчулукта талкууга жем таштады.
Кыргызстанда күйүүчү майга байланышкан көйгөй күчүндө. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү май жок болуп жатат. Ал тапта Орусия күйүүчү май резервин колдоно баштаганын орус президенти Владимир Путин билдирди. Украина өзүнө кол салууга жооп катары Орусиянын мунай заводдоруна сокку урууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев парламенттин жыйынында инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Фархат Иминовду коррупцияга айыптады. Ал инвесторлордон 2 миллион доллар акча талап кылганын айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун соңку парламенттик шайлоодо өзүнө жакын саясатчылардын тизмесин түзүп, алардын мандат алышына жардам берген деп айыптады. Мындай билдирүү коомчулукта шайлоого байланышкан маселени кайра козгоду.
Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер бул жактагы дипломатиялык миссиясын жыйынтыктап жатып “Азаттыкка” кыргыз-британ кызматташтыгы тууралуу маек курду.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев “Азаттык” учкай маек куруп, “75тин катына” байланыштуу билдирүүлөрү жана депутаттардын көз карандысыздыгы жана башка актуалдуу маселелер тууралуу суроолорго жооп берди.
Кыргызстанда “Ширшов фонду” деген коомдук уюм расмий каттоого алынды. Коомдук уюм аны орусиялык ишкер Алексей Ширшов негиздегенин “Азаттыкка” ырастады. Фонд гуманитардык багытта иш алып барарын айтканы менен айрым талдоочулар ага тыкыр көз салуу зарыл экенин белгилөөдө.
Кыргызстандын Юстиция министрлиги “Ширшов фонду” деген коомдук уюмду 2-июнда каттоого алды. Коомдук уюм аны орусиялык ишкер Алексей Ширшов негиздегенин “Азаттыкка” ырастады. Фонд гуманитардык багытта иш алып барарын айтканы менен айрым талдоочулар ага тыкыр көз салуу зарыл экенин айтууда.
Папуа-Жаңы Гвинея – Тынч океанынын ортосунда жайгашкан, Австралия материгинин жанындагы өлкө. Бул жер тууралуу кыргыз коомунда маалымат болмок түгүл, аталышын билгендер да сейрек кездешет.
“75чилердин каты” боюнча соттук отурумдар аптасына эки жолудан өтүүдө. Териштирүүгө айыпталуучулар - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев катышууда.
3-июнда парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады. Президент жана Жогорку Кеңеш сунуштаган БШКнын жаңы курамына мурдагы депутаттар жана бийликке жакын адамдар кирди. Буга чейин БШКнын мүчөлөрүнүн саны азайтылып, бул органдын көз карандысыздыгына байланыштуу талкуулар болгон эле.
УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучунун соту 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Буга чейин процессти ачык өткөрүү боюнча өтүнүч берилип, судья аны четке какканы белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков кармалып, 22-майда райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алдамчылык үчүн кармаганы бир күн мурда белгилүү болгон.
Жогорку Кеңеш өлкөдө Санарип кодекси киргенден кийин УКМКнын ишмердигине байланыштуу айрым өзгөрүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ байланыш операторлорун атайын кызматка маалымат берип турууга милдеттендирет.
Дагы жүктөңүз