"Азаттык" үналгысынын мурдагы директору; Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис, т.и.д., профессор.
Баш оонанын (августтун) 9унда Бишкекте 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган тегерек үстөл баарлашуусу өткөрүлүүдө. Баш оонанын 5-6ларында болсо “Өмүр көчү-100” автожүрүшү уюштурулду
Акын, дастанчы Актан Тыныбек уулунун “Үркүн” дастанында Ички Теңир-Тоодогу көтөрүлүш очогу тууралуу өзгөчө кызыктуу маалыматтар бар. Тарыхчы Т.Чоротегин өз блогунда дастандын айрым урунттуу маалыматтарын иргеп баяндайт.
Кыргызстанда Майрамбүбү Сармалдакованын “вариантындагы” чуулгандуу “Манас” жомогу боюнча талкуу кайра күчөдү. Деги, анын варианты чын эле аркы дүйнөдө жүргөн кишинин арбагынан келип жатабы?
1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн олуттуу барактарынын бири – Фергана өрөөнүнүн батышындагы Жизак өрөөнүндөгү жана ага караштуу тоо коюнундагы 13-25-июлдагы ири көтөрүлүш окуялары.
Астанада Эл аралык Түрк академиясы, Кыргызстандын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду ж.б. биргелешип уюштурган “Тарыхтан – таалим” аттуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү. Ал 1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналды. 23.6.2016.
Кытайлык чыгаан кыргыз таануучу жана дунган таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуанын 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйын бугу айынын 26сында Бишкекте өтүүдө. Т.Чоротегин маараке ээси тууралуу баяндайт.
Кытайлык чыгаан илимпоз, кыргыз таануучу, манас таануучу жана дунган таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуанын 85 жылдыгына арналган сүрөт баян.
Мындан он жыл илгери бугу айынын 23үндө “Азаттык үналгысынын” түптөөчүсү Азамат Алтай дүйнөдөн кайткан. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин "Батыштагы Ала-Тоонун Бүркүтүн” эскерет.
Тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин учурда “Себат” системасына таандык окуу жайлар Кыргызстандагы таалим-тарбия көйгөйлөрүн чечүүдө олуттуу салым кошуп жатканын белгилейт.
Кыргыздын белгилүү илимпоз тарыхчысы, Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жеңиш Жунушалиев 81ге караганда дүйнө салды.
Жакында Баткен мамлекеттик университетинин илимпоздору тарабынан Баткен шаарынын батыш тарабындагы Кара-Тоодо Тамга-Таш деген жерде көөнө аска таш сүрөттөрү табылды. Кыргыз бийликтери бул аймакта ачык асман астындагы ажайыпкана түзүү аркылуу бул таш сүрөттөрдү сактап калууну чечти.
ХХ кылымда кыргыз айымдарынын арасынан чыккан алгачкы илимпоз-этнограф, маркум Какен Мамбеталиева быйыл 80ге чыкмак.
"Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу, хакас этнографы, профессор Астайбек Бутанаев агай 70ке чыкты.
Быйыл Кыргызстанда падышалык Орусиянын оторчул үстөмдүгүнө каршы Улуттук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет.
Бүгүн (2016-жылдын бирдин айынын 1инде) Бишкек шаарында Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 90 жылдыгы белгиленүүдө.
Бүгүн, 09.1.2016, кытайлык белгилүү кыргыз таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуа 85 жашка чыкты. Анын кыргыз таануудагы илимий салымдары опол тоодой эле бар.
2016-жыл Кыргызстанда “тарых жана маданият жылы” деп жарыяланды. Бул окуяны келекелегендер да, ага олуттуу маани бергендер да бар. Атаганат, Кыргызстанда жана жалпы дүйнө жүзүндө тарыхый эстеликтерге астейдил мамиле жасалса кандай сонун болоор эле!
Кыргызстандагы Жогорку аттестация комиссиясы диссертацияны жактоону заманбап деңгээлге чыгарууга багытталган жаңы эрежелерди иштеп чыгып, өкмөт башчы аны бекитти. Бирок эрежелерден улам эгемен өлкөнүн илимпоздорунда айрым суроолор жаралды.
Жакында 1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхына арналган илимий жыйын болду. Ага катышкан айрым коомдук ишмерлер өздөрүнүн жекече пикирлерин илимий жыйындын катышуучуларынын жалпы пикири катары жарыялап жиберген учур катталды.
ХХ кылымдын көмүскө пардасын сыйыруу үчүн жалаң гана өз атажуртубуздун эмес, жалпы эле адамзаттын тарыхын кайрадан тереңдеп иликтөөбүз абзел. Луис Фишердин журналист жана публицист катары тагдыры эч кимди кайдыгер калтырбас.
Дагы жүктөңүз